Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:55

Обама Американын авто өнөр жайын кризистен куткарууга киришти


АКШ президенти Барак Обама автомашина чыгаруу тармагына жардам берүү планын жарыялап жатат, Вашингтон, 30-март 2009
АКШ президенти Барак Обама автомашина чыгаруу тармагына жардам берүү планын жарыялап жатат, Вашингтон, 30-март 2009

Президент Барак Обама жергиликтүү машина чыгаруучу эки ири компанияга катуу шарт койду. Өкмөттөн жардам алуу үчүн Женерал Моторс (General Motors) менен Крайслер (Chrysler) чыгымдарын азайтып, жаңы иш пландарын сунуш этүүгө тийиш. Президент атүгүл банкроттук жөнүндөгү мыйзамды колдонуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт.

Ак-Үйдө сүйлөгөн сөзүндө президент Американы автоөнөр жайсыз калтыруу ниети жоктугун, ал америкалык жумушчулар сыймыктанган символго айланганын айтты:

-Биз авто өнөр жайдын жок болуп кетишине жол бербөөгө тийишпиз. Бул тармак Америка рухунун белгисине, өткөн жана келечек ийгиликтерибиздин символуна айланган. Анын жардамы менен орто класс түзүлгөн. Ал америкалык жумушчулардын бир нече мууну үчүн сыймыктын булагы болуп калган. Алардын оор жумушу жана ойлоп табуучулугу, кыялы дүйнөдөгү эң мыкты машиналардын пайда болушуна алып келди.

-Бирок символдон тышкары, - деп улантты Обама, - автоөнөр жай миллиондогон адамды жумуш менен камсыз кылып келатат. Жана европалык, япониялык продукция менен атаандаша алган машиналарды чыгарып келатат.

Андыктан администрация Женерал Моторс жана Крайслерге финансылык реструктуризация үчүн кошумча убакыт берүүнү чечти.

60 күндүн ичинде Женерал Моторс бизнес планын иштеп чыгууга тийиш. Компаниянын реорганизациясы алкагында анын жетекчиси Ричард Вагонер кызматынан кетирилди.

Крайслердин финансылык абалы андан да оор. Обама компанияга италиялык Фиат (FIAT) менен биригүү жолдорун карап чыгуу үчүн 30 күн берилээрин билдирди. Ага дейре өкмөт өндүрүштүн улантылышын камсыздоо үчүн каражат берип турмакчы. Фиат менен биригүү жараяны ийгиликтүү аяктаса, Крайслерге 6 миллиард доллардай кошумча карыз бөлүнөт.

Обама өз сөзүндө үчүнчү ири компанияны атаган жок. Эмне дегенде, Форд Мотор Компани (Ford Motor Company) өкмөттөн жардам сурап кайрылган эмес.

Президент ошондой эле банкроттук маселесин козгоп кетти. Бирок айрым экономисттер сөз болгон компанияларды машина сатуучу катары гана караш керекпи? Алар банкрот болуп жарыяланса, машиналарды оңдоо, ремонттон өткөрүп туруу иши кандай болот деген суроо беришүүдө.

-Эгерде Крайслер же Женерал Моторстон машина сатып алсаңар, аны мурдагыдай эле текшертип, оңдото аласыңар. Машинага берилген кепилдик мурдагыдан да коопсуз, ишенимдүү болот. Себеби, бүгүнтөн тарта, анын артында АКШ өкмөтү турмакчы.

Обама америкалык машиналардын көбүрөк сатылышы үчүн атайын программа иштелип чыгаарын айтты. Ага ылайык, жергиликтүү жаңы машинаны сатып алган кардарларга салык жеңилдетилет.

Президент автоөнөр жай жана ага байланышкан тармактарда 400 миңдей киши жумушсуз калганын белгиледи:


-Жылдардан бери проблемалар көз жаздымда кала бергенине, чечкиндүү кадамдар, чет өлкөлүк атаандаштарыбыз озуп чыкканына карабай, улам эртеңкиге жылдырылып келгенине күбө болдук. Эми проблемалардан качып кутула албайбыз. Аларды чечүү үчүн эмне керек болсо жасай турган убакыт келди.

XS
SM
MD
LG