Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:20

КАРЖЫ КРИЗИСИНЕН ЧЫГУУ – ОБАМА МЕНЕН МАККЕЙНДИН ТЕЛЕТАЙМАШЫНЫН БАШ ТЕМАСЫ БОЛДУ


АКШ президенттигине талапкерлер Жон МакКейн жана Барак Обама экинчи теледебатын өткөрүштү. Өткөн түнү Теннеси штатынын Нашвилл шаарында болгон эрөөлдө АКШны финансылык кризистен чыгарууга өзгөчө көңүл бурулду. Эки талапкердин көз карашы Россия маселесинде бири биринен көп айырмаланбасын теледебат көрсөттү. Алардын пикиринче, Россия азыркы саясатын тутунса, кайрадан бир балакеттин башынан чыкчу империяга айланышы этимал.

Соңку сурамжылоолорго караганда, шайлоонун таразасын оорлотчу жана шайлоочулар али ким үчүн добуш берерин аныктай элек штаттарда 47 жаштагы Барак Обма 72 жаштагы Жон МакКейнден популярдуу. Ошон үчүн, телетаймаш алдында Республикачыл партиянын стратегдери МакКейн курч суроолорду көтөрүп, элди өзүнө тартышы зарыл деп жатышкан. Байкоочулардын баамында, МакКейн эрөөлдү бир дем менен өткөрдү. Анткен менен, экинчи теледебат тарапкерлер жөнүндөгү шайлоочулардын пикирин көп өзгөрткөн жок, дешет серепчилер.

АКШнын баалуу кагаздар базары чаң-тополоң түшүп, америкалыктар аманатка алган там-жайынан ажырап, пенсия пулдун күчү качып, жумушсуздук өсүп жаткан шартта шайлоочуларды баарынан да талапкерлердин экономикалык программасы кызыктырды.

Демократ Обама финансылык кризисти - МакКейн колдогон президент Буштун көздү жумуп, эсепсиз чыгымдарга баруусунун, акыркы сегиз жылдагы натуура экономикалык саясатынын натыйжасы деп атады. Обама президенттикке шайланса, эң алды элдин орто катмарына жардам берүү планы бар экенин да айтты:

- Орто класс колдоого муктаж. Бул орто класс үчүн салыкты азайтуу деген, бул үй-бүлөлөр үйлөрүндө калуусу үчүн аларга жардам берүү деген. Бул биз штаттарга жана жергиликтүү өкмөттөргө жолдорду жана көпүрөөлөрдү куруп, элдин жумуш орундарын сактоочу долбоорлорду колдойбуз дегенди билдирет.

МакКейн өзүн реформатормун деп, кризис үчүн Обаманы жана ал катарындагы Демпартияны күнөөлөдү. МакКейн залдагы Аллен деген шайлоочунун суроосуна жооп берип жатып, эгер президенттикке шайланып калса, өкмөт «алашем кредиттерди» банктардан сатып алып, ипотекасын төлөй албай кыйналган жарандарга көмөктөшөт деди:

-Кошмо Штаттардын президенти катары Финансы министрине Америкадагы турак-үй үчүн берилген алашем кредиттерди токтоосуз сатып алууну, үйлөрдү жаңыдан баалап чыгууну буйруйм. Бул адамдарга кредитти аз өлчөмдө төлөп, жашаган үйлөрүндө калуусуна мүмкүндүк берет.

МакКейндин планын аткаруу үчүн АКШ Конгресси учурдагы финансылык кризисти ооздуктоого жакында бөлгөн 700 миллиард доллардан тышкары дагы кошумча каражат керек.

XS
SM
MD
LG