Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:25

Обама: Иран менен дипломатия сыналыш керек


Барак Обама Башкы ассамблеяда. Нью-Йорк, 24-сентябрь, 2013-жыл.
Барак Обама Башкы ассамблеяда. Нью-Йорк, 24-сентябрь, 2013-жыл.

АКШ президенти Ирандын жаңы жетекчилиги менен бул өлкөнүн өзөктүк программасына байланышкан талашты чечүү үчүн дипломатиялык багытта иштешип көрүү керек деп эсептейт. Барак Обама бул тууралуу кечээ кечинде БУУнун Башкы ассамблеясынын 68-сессиясында сүйлөгөн учурунда билдирди.

Барак Обаманын айтымында, Ирандын жаңы өкмөтүнүн “байистүүрөк багытты” кармануусу шыктандыруу жаратты жана бул Тегерандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча макулдашууга негиз болуп бериши абзел. Ал Башкы ассамблеяга чогулган дүйнө лидерлерине кайрылып жатып буларды айтты:

- Тоскоолдуктар абдан эле чоң болушу мүмкүн. Бирок мен дипломатиялык багыт сыналып көрүшү керек деген бекем ишенимдемин. Азыркы абал Ирандын изоляциялануусун тереңдетип жаткан учурда, анын бөлөк жолго түшкөнү боюнча нукура милдеттемеси аймак үчүн, дүйнө үчүн жакшы болот. Ошондой эле Ирандын калкынын соода, маданият, илим, билимдеги эбегейсиз потенциалын канааттандырууга көмөктөшөт. Иран өзөктүк курал жасоосуна жол бербөөгө чечкиндүү экендигибизге карабай, Америка Ирандын өзөктүк программасына байланышкан биздин камтамачылыкты тынч жол менен чечүүгө артыкчылык жасайт.

Барак Обама мамлекеттик катчы Жон Керриге Ирандын өзөктүк программасы боюнча талашты чечүү үчүн дипломатиялык аракеттерди улантууга көрсөтмө бергенин да кошумчалады.

Обама белгилегендей, Вашингтон алдыда Иран тараптан “ачык-айкын жана конкреттүү кадамдарды” күтөт.

АКШ жана Батыш өлкөлөрү узактан бери эле Иран өзөктүк программасына жамынып алып, өзөктүк курал жасайбы деп шек санаса, Тегеран программасы тынчтык максатты гана көздөй турганын ырастап келет.

Эки ортодогу пикир келишпестиктер БУУнун Коопсуздук кеңеши жана Батыш өлкөлөрү өз алдынча да Иранга каршы экономикалык санцияларды киргизүүсүнө алып барган.

Бул маселе эми БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү жана Германия менен Ирандын тышкы иштер министрлеринин бейшембидеги жолугушуусунун башкы темасы болчудай.

БУУнун Башкы ассамблеясынынын 68-сессиясында cүйлөгөн кезинде АКШ президенти дүйнө лидерлери жана эл аралык коомчулук Сирияда химиялык курал толугу менен жок кылынышына жетишүүсү керектигин да айтты.

Обаманын пикиринде, бул өлкөдө 100 миңден ашуун кишинин өмүрүн алган жаңжаалга дүйнө коомчулугунун реакциясы абдан солгун болду.

Барак Обама белгилегендей, Сириянын президенти Башар Асаддын режими 21-августта Дамасктын жанында химиялык курал колдонгону боюнча далилдер “үстөмдүк кылууда”.

Ал ошондой эле БУУнун Коопсуздук кеңеши Сириянын өкмөтү АКШ-Орусия планына ылайык химиялык куралды жок кылуу боюнча шарттарды кармануусун камсыздоо үчүн катаал резолюция кабыл алуусу зарылдыгына токтолду.

- Биз башталыш чекит катары эл аралык коомчулук химиялык куралга тыюу салынышын көзөмөлдөөсү керек деп эсептейбиз. Мен Сириянын ичиндегилердин же тышкы күчтөрдүн аскерий чарасы тынчтыкка алып барат деп ойлобойм. Сирияны ким башкарарын Америка же башка мамлекет аныктоосу керек деген ишенимде эмесмин. Бул сириялыктар чече турган маселе. Бирок өз жарандарын өлтүргөн жана балдарды газга ууландырган лидер тарам-тарам болуп кеткен өлкөдө мыйзамдуулукту калыбына келтире албайт. Сирия согуш алдындагы абалына кайта алат дегендик фантазия. Орусия менен Иранга Асаддын бийлигин талап кылгандык, алар өздөрү кооптонгон жыйынтыкка: экстремисттердин аракети күчөшүнө алып келерин түшүнө турган учур келди.

Обамага чейин БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун Башкы ассамблеядагы сөзүндө Сирияда химиялык куралды жок кылуу боюнча аткарууга милдеттүү резолюцияны кабыл алууга үндөгөн.

Башкы ассамблеянын 68-сессиясынын шейшембиде башталган жалпы талкуулары 1-октябрга чейин созулат. Андан Кыргызстандын атынан тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев 28-сентябрда сүйлөмөкчү.

XS
SM
MD
LG