Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:53

Америка: интеграция жана кыргыздар


Сүрөттө Марат Гаипов - кыргызстандык программист, Лос-Анжелес.

Сүрөттө Марат Гаипов - кыргызстандык программист, Лос-Анжелес.

Бостондогу жардыруулардан кийин жаралган суроолордун бири - Америкага барган иммигранттар коомго аралашып кете алышабы? АКШнын “эритүүчү казан” саясаты (melting pot) натыйжалуулугун жоготкон жокпу? Ага-ини Царнаевдерди экстремизмге эмне түрттү? Эмне үчүн алар америкалык коомдо өз ордун таба алышкан жок?

Лос-Анжелесте программист болуп иштеген Марат Гаипов жана Нью-Йоркто түнкү клубдарда иштеген Азамат (аты өзгөртүлдү) аттуу мекендештерибиз менен Америкадагы жашоо тууралуу баарлаштык.

Мен Америкага кантип келгем?

Азамат: Америкага 2010-жылдын кыш айларында, конок визасы менен келгем. Кайра артка кайткан эмесмин.

Марат: Мен 2010-жылы Түркиядан келгем. Интернеттен эле жумуш таап, визаны өздөрү даярдап беришкен. Ошол себептүү анчейин деле кыйналган жокмун. Америкалыктар менен бирге жашап, бат эле аралашып, көнүп кеттим. Албетте, башында түшүнбөстүктөр болду, америкалыктардын маданияты биздикинен асман жердей айырмаланып турат эмеспи. Бирок ага көңүл бурбай жакшы жактарын дагы үйрөнсө болот.

Азамат: Чынын айтсам, баары эле "Америкада жашоо жеңил, акчаны көп табасың" деп элестетип алышкан. Бирок чыныгы жашоодо такыр андай эмес. Мисалы, мен жаңы келгенде колумдагы виза менен эч бир жерге жумушка алышкан эмес.

Ошол себептүү жарым жылдай кара жумушта иштедим. Ал жерде кыргыздар абдан көп эле. Тамдын чатырында, анан эч кандай медициналык камсыздоосу жок иштегендерге жакшы акча төлөшөт. Анткен менен кокус жыгылып, же учуп түшүп бир жериңди оорутуп алсаң, эч ким компенсация төлөп бербейт.

Курулушта алты ай иштеген соң акыбалым начарлап, кетүүгө туура келди. Жүрөгүмө күч келип, реанимацияга жатып калгам. Себеби күн ушундай ысык, сен болсо тамдын башында кечке жүрөсүң. Таңкы саат жетиден күн батканга чейин иштечүбүз. Америкалыктар мындай ысыкта үйдө олтурат. Аябай кыйналып кеткем. Анан Питсбургдан Нью-Йоркко карай жол тарттым. Азыр бир нече түнкү клубда иштейм.

Интеграция vs ассимилияция

Марат: Америкада ар ким өзүнүн улутташтары менен аралашып жашайт. Корейлердин, кытайлардын өз шаарчалары бар. Кыргыздар көбөйгөн сайын кыргыздар чогулуп жашаган жерлер да пайда болду. Мен жашаган Лос-Анжелесте Мексикадан келгендер көп, алардын айрымдары англисче билбесе деле он жылдап жүрө беришет. Анткени жумушта жалаң мексикалыктар менен иштейт, үйүндө эне тилинде сүйлөйт – англис тилге муктаждык жок.

Биздин мекендештер да Америкага келгенде дароо кыргыздар менен байланыш түзөт. Мисалы Чикагодо кыргыз таксисттери көп. Бирөө келип, экинчисин чакырат. Миграциянын агымы жана мыйзамы ушундай. Бирок Нью-Йоркко окшогон чоң шаарларда андай эмес.

Диаспора менен тыгыз байланышта болуунун пайдалуу жактары арбын. Бири-бирине жардам беришет, эш болушат. Бирок ошол эле убакта жергиликтүү калк менен байланыш болбой калат. Интеграция ассимиляцияга барабар эмес. Азыркы мигранттардын чоң көйгөйү ушул – коомго да аралашуу керек, ошол эле убакта баш-отуң менен бөтөн элдин маданиятына сиңип, жок болуп кетпешиң керек. Он жыл жашаса да көнө албай, кайра кеткендер бар. Бостондогу окуя деле ошондон чыкпадыбы.

Азамат: Мисалы, менин досторумдун арасында молодовалыктар, италиялыктар, жөөттөр көп. Кыргыз диаспорасы менен байланышпайм. Шарт ошондой болуп калды, экинчиден, тилди батыраак үйрөнүү керек эле.

Марат: Мен Америкага мүмкүнчүлүк жана эркиндик үчүн келгем. Мени таң калтырган нерсе - булардын өзүнө кам көргөнү. Күнүгө таңкы саат жетиде жумушка баратып, жолдо саламаттыгын чыңдап, чуркап жүргөн адамдарды кезиктирем. Күн жааса да, кар жааса да, ошол режимди бузушпайт. Анан жалкоолукту аябай жаман көрүшөт. Көп иштешет, ошого жараша убактысын туура бөлүштүрө да билишет. Жакшы жактары ушулар.

Азамат: Бул жакта мага мүмкүнчүлүктөр бар. Ата-энеме жардам берем, өзүмдү да камсыздайм. Абал туруктуу болгондо Кыргызстанда эле жашап, иштемекмин, чакан бизнесибиз деле бар болчу. Бирок жаз келген сайын "эмне болуп кетет?" деп жашагандан чарчайт экенсиң. Эртең эмне болорун, эмне күтүп турганын билбей, белгисиздикте күн кечирүү өтө кыйын.

Чоң шаардагы жалгыздык

Марат: Америкада адам көп, бирок жалгыздыктан жабыр тарткандарды көп кездештиресиң. Америка - индивидуалисттердин коому. Мен буга психологиялык жактан оңой көнүп кеткем, себеби Америкага чейин Түркияда жүрүп калгам. Анткен менен кээде жан дүйнөм аңгырап, жалгызсыраган учурлар баштан өттү. Таптакыр тил билбеген, жумушу жок кыргызстандыктар да келишет – аларга көнүп кетүү өтө кыйын. Турмушу же жумушу талап кылбаса, оңой менен интеграция болбойт.

Азамат: Америкада ийгиликке жетишкен журтташтарыбыз өтө аз. 10 жыл бою кара жумушта иштеп, акча топтогон адамдар бар, алар деле саналуу. Жаштардан алдыга озуп чыккандар чанда. Биринчи келгенде документтериңди тууралайсың, анан туугандарыңа акча жөнөтмөй, жашоо кымбат, ошентип эле күндөр өтө берет.

Эркиндик түшүнүгү жана дин

Марат: Ар нерсе чеги менен. Чынын айтканда Америкага караганда Кыргызстанда эркиндик көп. Ар ким жашоодо өз ордун издейт да. Ошол ордун таба албай калганда, агрессия пайда болот. Обама экинчи жолу шайланганда гана иммигранттарга көбүрөөк укук берүү саясатын баштабадыбы, андан ары улантышат деген ойдомун.

Азамат: Америкалыктар үчүн биз болгону билимсиз мигранттарбыз. Талантың жок болсо, чоң ийгилик жаратпасаң, сага болгон мамиле да начар. Ийгилик жараткан күндө да, пайда алып келишиң керек, ошондо гана сени менен эсептешет...

Реанимацияга түшкөнүмдө социалдык камсыздоом жок болчу дебедимби. Дарыгерлер өмүрүмдү сактап калышты, ошол эле маалда ооруканага көп акча бересе болуп калдым. Андай учурда сен ачтырган эсеп аркылуу кайсы убакта болбосун карызыңды төлөтүп алышат. Бирок мен башка атты берип койгом, кийин издесе да таба алышпайт да. Бул жакта көптөр ушундай ыкманы колдонушат (күлүп).

Марат: Американын жакшы жери - эч ким, эч качан сенин диниң тууралуу суроо бербейт. Дин жана саясат тууралуу жакын таанышы болбосоң сурашпайт. Тааныбаган адамдан өзүн окчун кармашат. Кыргызстанда баары саясатташкан го. Мечиттер да көп, жума намаздар тынбай болуп турат, эч кандай чектөө жок.

Азамат: Азыр Царнаевдердин окуясынан кийин теледен, гезиттерден, бардык жерден ислам бул - террор деген ойду таңуулап жатышкандай. Эгерде менден бирөө диним тууралуу сураса, мен "мусулманмын" деп айтпайм.

Марат: Мурда Америкада ийгиликке жете албай калганы үчүн сөзсүз адамды күнөөлөшчү. Акыркы убакта системаны күнөөлөө күч алды. Мен да ушул ойго кошулам. Капиталисттик идеология көп нерсени акча жагына бургандыгы үчүн “Америка кыялына" мурда 95 пайыз ишеним болсо, азыр ал 60 пайызды гана түзүп калды. Себеби, бай менен кедейлердин ортосундагы ажырым күчөп, жан үрөп иштөө ийгиликке кепилдик болбой калды. Ушундай адилетсиз система түзүлүп калды.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG