Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:58

Обама мамлекеттик карыз боюнча мыйзамга кол койду


Обама: "Эми элдин ишенимин кайтарышыбыз керек", - деди. 16-октябрь, 2013.
Обама: "Эми элдин ишенимин кайтарышыбыз керек", - деди. 16-октябрь, 2013.

АКШда президент Барак Обама каржылык дефолтту болтурбай, өкмөттүк мекемелерди каржылоону улантууга жол ачкан документке кол койду. Мунун алдынан аталган документти Конгресстин эки палатасы тең жактырган.

Конгресстин кош палатасында тең талаштуу документ боюнча мунаса ага чегерилген мөөнөт бүтүшүнө болгону бир нече саат калганда табылды. Республикалык партия басымдуулук кылган Өкүлдөр палатасы менен демократтар башкарган Сенат бир топко созулган талаш-тартыштардан кийин документти жактырышты.

Ак Үйдүн бюджет боюнча мекемеси федералдык кызматкерлер бейшембиде кайрадан ишке чыга алышаарын билдирди. Мамлекеттик карыздын чегин көтөрүү жана өкмөттүк мекемелерди каржылоо боюнча мунаса табылбай калган чакта өкмөт убактылуу ишин токтотуп, он миңдеген кызматкерлер акы төлөнбөгөн эс алууга жөнөтүлгөн болчу.

Өкүлдөр палатасында документ 285 добуш алды. 144 өкүл ага каршы добушун берген. Сенатта болсо 81 адам аны колдоду, 18и каршы болгон.

Мунун алдынан бюджеттик чыгымдар боюнча талкууларда тараптар тил табыша албай, саясий туңгуюк бир нече аптага созулган эле. Республикачылар негизинен саламаттыкты сактоону камсыздандырууга байланыштуу президент Обама башынан эле колдоп келаткан Obamacare мыйзамын каржылоого өзгөртүүлөр киргизилишин талап кылышкан.

Азыркы кризисте аталган мыйзамга эч кандай өзгөртүү киргизилбей турган болду. Бирок республикачылар алдыда бюджет боюнча талкууларда бул суроону сөзсүз кайра көтөрүүгө камынып жатышат.

Непада Конгресстеги эки партия жогорудагыдай келишимге келе алышпаганда бүгүн өкмөттүн карызы эң жогору чегине – 16,7 триллион долларга жетмек. Бул дегени мындан ары дагы карыз алууга өкмөттө мыйзамдык укугу болмок эмес. Демек, өкмөт өзүнүн каржылык милдеттенмелерин аткара албай калмак.

Мунун баары эми толугу менен артта калды деп да айтууга болбойт. Анткени азыр келишилген орток пикир кыска эле мөөнөткө эсептелинген. Ал өкмөттү каржылоону 15-январга чейин эле узартат. Өкмөт карыз алууну 7-февралга чейин уланта алат. Ошого чейин дагы жаңы келишим кабыл алынышы зарыл.

Аналитиктер азыр Вашингтондо кызматташуунун жаңы формасы тезирээк иштей баштабаса, келерки жылдын башында өлкө кайра эле ушундай кризиске туш болушу айныксыз деп болжоп жатышат.

Шаршембиде журналисттерге сүйлөп жатып, Обама мыйзам чыгаруучуларга компромисттик чечими үчүн ыраазычылык билдирди, эми америкалыктардын өкмөткө ишенимин кайтарыш керектигин белгиледи.

"Мен эки партиянын тең лидерлерине ыраазычылыгымды билдирем. Келишим менин үстөлүмө келип түшөөрү менен ага кол коём, - деди президент. - Биз тезинен өкмөттү кайрадан иштетип, азыр үстүбүздү каптаган белгисиздиктин булутун таркатышыбыз, бизнес чөйрө менен америкалыктардын камтамачылыгын басышыбыз керек".

Обама мыйзам чыгаруучуларды кечке эле уруш майданындагыдай иштешүүнү токтотууга үндөп, Вашингтон бүт чечимди “кризистин басымы астында гана” кабыл албашы керектигин эскертти.

"Биз бир нече аптада эле Америка элинин ишенимин жоготуп алдык. Эми аны кайтарыш үчүн иштешибиз абзел. Буга биз элге чындап маанилүү болгон маселелер боюнча ишибиз менен гана жете алабыз. Мен буга чейин да айткам, азыр да айтам: Мен биздин экономикабызды өстүрүп, жаңы жумуш орундарын түзүш үчүн, ортоңку тапты күчтөндүрүп, өзүбүздүн каржылык мүмкүнчүлүгүбүздү бекемдеш үчүн ким менен болбосун – демократтарбы, республикачыларбы – ким менен болбосун иштешүүгө даярмын", - деди Обама.

Конгрессте мунаса табылганын Эл аралык валюта коркунун башкаруучу директору Кристин Лагард колдой турганын билдирди. Буга чейин Лагард ушул өңдүү орток пикирдин табылбай калышы дүйнө экономикасына олуттуу залакасын тийгизерин эскерткен эле.

Дүйнөлүк банктын президенти Жим Йоң Ким болсо “дүйнө чоң алааматтан аман калды” деп айтты.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG