Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:42

АКШ Ирак менен Ооганстанда 60 млрд. долларга чейин жоготту


Жарды оогандын турмушу. 29-август, 2011
Жарды оогандын турмушу. 29-август, 2011

АКШ көзөмөл жоктугуна, жемсөөлүккө, пландоодогу кемчиликтерге байланыштуу акыркы 10 жылда бул эки өлкөдө 60 млрд. долларга жакын акча жоготкон.

Мындай тыянак Согуш кезиндеги аскерий келишимдерди текшерген көз карандысыз, эки партиялуу комиссия 31-августта жарыялаган докладда жасалат. Аудиторлор жана мурдакы конгрессмендерден куралган эки партиялуу бу комиссия 2008-жылы түзүлгөн. Ал

Контракчыларга мыйзам же саясат же талап боюнча федералдык кызматкерлер үчүн каралган кээ бир милдеттер жүктөлгөн.
Христофер Шейс


Конгресске жолдогон докладда ысырапкорчулук Вашингтон тарабынан каржыланган долбоорлордун аягына чыкпай калышына алып барышы этимал экени белгиленет.

Согуш майданындагы чарбасыздыктын кесепети


Сенатор Жеймс Вебб(солдо) АКШ Мамткатчысынын улук кеңешчиси Дэвид Саттерфилд менен Конгресстеги угуу алдында сүйлөшүүдө. 25-январь 2007-жыл

Аталган комиссияны түзүүнүн демилгечилеринин бири, виржиниялык демократ Жэймс Вебб докладдын жарыяланашына байланыштуу сүйлөгөн сөзүндө, он жыл мурда 11-сентябрда АКШ шаарларында болгон террордук чабуулдардан кийин кабыл алынган программада жаңылыштык кетирилгенин айтты:

- 11-сентябрь кыйраканынан кийин Ирак жана Ооганстан боюнча чет өлкөлөрдөгү инфраструктура жана коопсуздук программасы бекитилгенде, айрым катачылыктар ачыктан ачык орун алган. Комиссиянын докладында кылдат белгиленгендей, көп жакшы иштерди бүткөргөн жакшы компаниялар болгон. Бирок келишимдерди аткарууда структуралык жактан жана жетекчилик ири мүчүлүштүктөргө да жол берилген.

Иликтөөдө айтылгандай, өкмөттүн контракчыларды ашыкча көп колдонуусунан улам Ооганстан менен Иракта алардын саны аскерлерден алда канча ашып кеткен. Бул келишимдерди жана контракчыларды тейлөөгө бөлүнгөн чыгымдардын өсүшүнө жол ачкан. Көзөмөлдүн жоктугу сапатсыз долбоорлорду каржылоого, начар пландоого, жемсөөлүккө, акчаны эсепсиз сарптоонун нормага айланышына өбөлгө түзүп, АКШнын аракетин текке кетирген.

Мисалы, Ирак өкмөтү каалабаса дагы түрмөлөрдү куруп-оңдоого 40 миллион доллар берилген, лекин иш бүтпөй калган. Ооганстанга айыл чарбасын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 360 миллион долларды эл өзү
Америкалык генерал Жерри Кэннон(оңдо) Ирактын юстиция министри Дара Нур ад-Динге Кэмп Кроппер түрмөсүнүн символикалуу ачкычын тапшырууда. Багдад. 15-июль 2010
каалагандай сарптаган.

Комиссиянын тең төрагасы, республикачыл Христофер Шейс айрым учурда контракчылар мыйзамсыз пайдаланылган болушу да мүмкүн дейт:

- Контракчыларга ашыкча таянуу аларды натуура пайдаланууга алып барган деп эсептейбиз. Контракчыларга мыйзам же саясат же талап боюнча федералдык кызматкерлер үчүн каралган кээ бир милдеттер жүктөлгөн. Мыйзам уруксат берген кезде да кээ бир иштерди келишим боюнча бүткөрүү АКШнын кызыкчылыгына ылайыксыз жана жоопкерчиликсиз болгон.

Аскерий келишимдер боюнча комиссиянын аныкташынча, Ооган козголоңчулары үчүн АКШ колдогон курулуш долбоорлору жана жүк ташуу боюнча келишимдер мыйзамсыз маң соодасынан кийинки кирешенин булагына айланган. Ал акчанын суммасы көрсөтүлгөн эмес. Бирок суб-контракт менен иштеген жергиликтүү ишканалар өз коопсуздугу үчүн согушчандарга акча төлөп турушкан.

Ооган адаватчылардын жем куржуну

Вашингтон Ооганстан менен Иракты колдоо болочокто токтотулбайт деп убада берген. Анүчүн АКШ каржылаган долбоорлор жана социалдык программалардын аткаруу бул эки өлкөнүн өкмөттөрүнө жүктөлүшү этимал. Ошон үчүн АКШ өкмөтү келишим менен иштөөнү реформалашы зарыл дейт экс-сенатор Х. Шейс.

А келерки жылы ысырапкорчулуктун баасы америкалык салык төлөөчүлөр үчүн кеминде 30 млрд. долларга турушу ыктымал.

Андай чыгашаны азайтуу үчүн докладда 15 сунуш айтылат. Атап айтканда, жеке менчик коопсуздук компанияларын колдонууну азайтуу, контракчыларды жалдоону көзөмөлдөөчү башкы инспекцияны түзүү, контракчыларды пландоо жана координациялоону жакшыртуу үчүн жооптуу өкмөттүк чиновниктерди дайындоо сунушталат.

Согуштагы ысырапкорчулуктун бетин ачкан доклад АКШ миллиарддаган бюджеттик тартыштыкты жабуу үчүн чыгымдарды кыскартуунун жолун издеп жатканда жарыяланды. Келерки он жылда Пентагондун бюджети 350 миллиард долларга кыскарталат.

XS
SM
MD
LG