Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:12

АКШда атактуу көзгө атарды атып кетишти


Машыктыруучу жайда капыстан ажал тапкан көзгө атар Кристофер Кайл. (Сүрөт качан тартылганы белгисиз)
Машыктыруучу жайда капыстан ажал тапкан көзгө атар Кристофер Кайл. (Сүрөт качан тартылганы белгисиз)

АКШда Ирак согушунун 25 жаштагы ардагерине атактуу снайперди атып салганы үчүн айып коюлду.

Техаста өткөн ишемби күнү атууга машыктыруучу жайда бир кишиге кошуп, снайпер Крис Кайлды Техаста атып өлтүргөн деп шектелген Эдди Рэй Раут камакка алынды.

Техастын Чоң жол көзөмөл инспектору Лонни Хашел мындай деди:

- Эки курмандык болду, бири 38 жаштагы Кристофер Кайл, экинчиси 35 жаштагы Чад Литлфилд. Шектүү куралчан, ланкестерлик 25 жаштагы Эдди Рей Раут деп таанылды.

"Ассошейтед Пресстин" кабарлашынча, Деңиз күчтөрүнүн капралы Раут 2007-жылы Иракка, 2010-жылы Гаитиге жиберилгенин АКШнын армиясы бышыктады. Полиция азырынча бул киши өлтүрүүнүн себеби тууралуу божомол жок экендигин билдирди.

38 жаштагы Кайлдын 2012-жылы жарык көргөн «Америкалык көзгө атаар» деген китеби былтыр эң көп окулган китептердин тизмесине кирген. Кайлды снайпер катары 150дөн ашык кишини өлтүргөн деп билишет. Ал Иракта жергиликтүү согушкерлер өзүн «желмогуз» деп атап, башына 20 миң доллар сайгандыгын айткан. Снайперлер адатта душман тараптын атайын аныкталган өкүлдөрүн аңдып жүрүп жок кылуу милдетин аркалашат.

Кабарларга караганда, мына ушул атактуу америкалык снайперди өлтүргөн деп шектелген Раут болжолу өзү Ирактагы согушка байланышкан психологиялык көйгөйдөн жапа тартат. 25 жаштагы согуш ветераны жумушсуз экендиги айтылууда.

Ал атты делген Кайл дал ошол кызматына байланыштуу психологиялык проблемалары бар жана жарадар болгон америкалык аскерлерге жардам көрсөтүү менен алектенчү.

Полициянын билдиришинче, Кайл Раф Крик Лодж машыктыруу жайына Раутка кошулуп, жанында бир киши менен чогуу барган.

Раут Ланкастер деген шаардагы үйүнөн кармалды. Полиция анын үйүнөн Кайлды атты деп шектелген жарым-автомат мылтык табылгандыгын бышыктады.

Полиция маалыматына ылайык, Раутка психологиялык травмага байланыштуу пайда болчу стресс оорусу бар деп диагноз коюлганы, ал үчүн дары ичип жүргөн, жүрбөгөнү азырынча белгисиз.

Эки баласы бар Кайл АКШ армиясында 1999-жылдан баштап жалыпсынан 10 жыл кызмат өтөптүр. Анын ичинде Иракта төрт жолу болгон экен. Бир жолкусунда атайын операцияларды өткөрүүчү СИИЛ отрядынын катарында болгон.

Техаста туулуп-өскөн Кайл согуш майданындагы баатырдыгы үчүн бир катары орден, сыйлыктарды алган. Маектеринде ал өзү өлтүргөн кишилерге боору оорубасын, согушта байланышкан стресс кеселине чалдыкпаганын айткан жери бар.

Ал жарадар болгон америкалык согуш ветерандарына жардам көрсөтүүчү бейөкмөт уюмда иштеген. Кайл анда снайперлик жана башка ыкмаларды акы алып үйрөтчү.

Атактуу снайпер АКШдагы куралга байланышкан кандуу окуялар, Ирак, Ооган согуштарына катышып, азыр ардагер аскерлердин психикалык саламаттыгы боюнча тынчсыздануу күч алган мезгилде өлтүрүлдү.

Декабрь айында Коннектикут штатында үйүндөгү куралы менен бир бала башталгыч мектептин 20 окуучусун мугалимдери менен, бардыгы болуп 27 кишини атып салгандан кийин, АКШнын президенти Барак Обама эл арасында куралдын жайылышын көзөмөлдөөгө сөз берген

АКШнын Ветерандар иштери боюнча департаменти 2010-жылы Ирак, Ооган согуштарына катышкан 22 киши өз өмүрүн кыйгандыгын өткөн аптада маалымдаган.

XS
SM
MD
LG