Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:06

АКШ Сан-Бернардинодогу чабуулду теракт деп тапты


Коопсуздук күчтөрүнүн Сан-Бернардинодогу операциясы. 2-декабрь, 2015-жыл.
Коопсуздук күчтөрүнүн Сан-Бернардинодогу операциясы. 2-декабрь, 2015-жыл.

АКШ президенти Барак Обама өз кайрылуусунда Калифорнияда жасалган кол салууну “теракт” деп атады. Мурдараак 2-декабрдагы бул окуя теракт катары иликтенип жатканын ФБР да билдирген эле.

Президент Барак Обама телени эл көп көргөн учурдагы жана мамлекет башчылыкка келгенден бери Ак үйдөн ушундай мүнөздөгү үчүнчү кайрылуусун Калифорниянын Сан-Бернардино шаарчасында теги боюнча пакистандык жубайлар ок атуу менен 14 адамды өлтүрүп, 21ин жарадар кылган соң жасады.

Ал окуяны “теракт” деп мүнөздөгөн президент ок ачкандар“ радикалдашуунун караңгы жолуна” түшүп кетишкендиктерине көңүл бурду:

- Террор коркунучу жаңы баскычка көтөрүлдү. Биз 2001-жылдын 11-сентябрындагыдай татаал жана көп пландуу террордук чабуулдарга жол бербөө жагынан алга жылган кезибизде, террорчулар биздин коомубуз үчүн абдан кеңири жайылган көрүнүш болгон массалык атуулар сындуу татаал эмес кыянатчылыктарды жасоого киришти. Дал ушундай кол салууну биз 2009-жылы Форт Хут, быйылкы жылдын башында Чаттануга шаарынан, эми болсо Сан –Бернардинодон көрүп олтурабыз. “Ислам мамлекети” сыяктуу топтор Ирак менен Сирияда, согуш учурундагы баш аламандыктардан кубаттанып чыкса, интернет мамлекеттер ортосундагы чек араны жойгонунан пайдаланган террорчулар Бостон марафонунда бомба жардырган же Сан-Бернардинодо адам өлтүргөн сыяктуулардын акыл-ээсин уулоо боюнча аракеттерди күчөткөнүнө күбө болуп жатабыз.

Калифорниядагы кол салууну теги боюнча пакистандык жубайлар: АКШ туулуп өскөн Саид Фарук жана анын Кошмо Штаттарга Сауд Аравиядан эки жыл мурда келген жубайы Ташфин Малик жасашкан эле.

Сан-Бернардинодогу кол салууну жасагандар.
Сан-Бернардинодогу кол салууну жасагандар.

Жубайлар өздөрү 14 адамдын өмүрүн кыйгандан кийин полиция менен атышууда өлгөн. Ага чейин үйүндөгү компьютерлерин тазалашкан.

АКШнын Федералдык тергөө бюросу – ФБР буга чейин билдиргендей, жубайлардын бири-Ташфин Малик мурдараак Интернетте “Ислам мамлекети” тобунун лидерин колдогон жазууларды калтырганы аныкталды.

ИМ тобун талкалоо убадасы

Бирок президент Обаманын айтымында, алар террористтик түйүндүн ичинде болгонун же четтен башкарылганынын далилдери азырынча жок:

- Бизде азыр ал киши өлтүргүчтөр чет өлкөдөгү террордук уюм тарабынан башкарылганы же өлкөнүн ичиндеги эле ири кутумдун бир бөлүгү болгону боюнча далилдер жок. Бизге зыян келтирүүнү көздөгөн “Ислам мамлекети” тобубу же башка уюмбу биз талкалайбыз. Биринчиден, биздин аскерлер теракт жасагандар, кайсыл өлкөдө жүрбөсүн, зарылчылык жаралса алардын изине түшөт. Ирак менен Сириядагы аба соккуларыбыз ИМ тобунун лидерлерин, оор куралдарын, мунай танкерлерин, инфраструктурасын бутага алууда. Париждеги террордук чабуулдардан кийин союздаштарыбыз: Франция, Британия, Германия биздин аскерий өнөктүккө салымын көбөйтүштү. Бул бизге “Ислам мамлекети” тобун талкалоо боюнча аракеттерибизди күчөтүүгө жардам берет.

Обама өз кайрылуусунда Вашингтон “Ислам мамлекети” тобун каржы булактардан ажыратуу максатында башка өлкөлөр менен тыгыз иштешип жатканын кошумчалады. Бирок АКШ Иракта же Сириядабы, кургактан узак жана чыгымдуу согушка тартылбоосу зарылдыгын, "Ислам мамлекети" сыяктуу уюмдар мына ушуну каалап жатканын белгиледи.

Дүйнө мусулмандарына жана америкалыктарга чакырык

АКШ президенти Батыш менен исламдын ортосунда эч кандай чатак жоктугуна токтолуп, дүйнөдөгү мусулман жамааттарын радикализмдин жана "Ислам мамлекети" тобунун идеологиясын четке кагууга, америкалыктарды мусулмандарды жектебөөгө чакырды:

- Радикалдашууга алып барган жаңылыш идеялардын тамырын кыркуу дүйнө боюнча бардык мусулмандардын жоопкерчилиги болгондой эле, дискриминацияны четке кагуу кайсыл динди тутунбасын америкалыктардын жоопкерчилиги. Америкалык мусулмандарга башкача мамиле жасалыш керек деген сунуштарды четке кагуу биздин милдетибиз.

Оппозициядагы Республикалык партиянын президенттикке үмүткөрлөрүнүн айрымдары Обаманын бул сөздөрүн сындап чыгышты.

Миллиардер Дональд Трамп Твиттер социалдык түйүнүндөгү баракчасына АКШ тезинен жаңы президентке муктаж деп жазса, флоридалык сенатор Марко Рубио Обама америкалыктарды мусулмандарды дискриминациялайт деп сындабаш керектигин белгиледи.

“Вашингтон Пост" гезитинин пикиринде, Обама өткөнү түнкү кайрылуусу менен коомчулукта терроризм боюнча чыккан тынчсызданууларды басууга аракеттенди.

Ал эми британдык “Гардиан”гезитинин жазганына караганда, АКШ президентинин сөздөрү террорго каршы саясат өзгөрүп жатканын, бирок буга тез табылчу жооп жоктугун көргөздү.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG