Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:39

АКШ сенаты START келишимин бекитти


Вашингтон - Сенатта START келишими жактырылган соң АКШ президенти Барак Обама маалымат жыйынын өткөрдү.
Вашингтон - Сенатта START келишими жактырылган соң АКШ президенти Барак Обама маалымат жыйынын өткөрдү.

АКШ сенатында стратегиялык жапырык куралдарын кыскартуу боюнча Россия менен түзүлгөн келишим жактырылды.

Келишимди сенат ратификациялаганын президент Барак Обама куш кабар катары куттуктады. Документти ал куралдарды көзөмөлдөө боюнча акыркы жыйырма жыл ичиндеги эң маанилүү келишим деп атады.

"Ал бизди алда канча коопсуз кылат, орустардыкы менен бирге ядролук запастарыбызды кыскартат. Келишим ошондой эле биздин инспекторлор үчүн орустардын ядролук базаларына жол ачат, муну менен бизге орустарга "ишенгенге, бирок текшергенге" мүмкүнчүлүк түзүлөт",-деп айтты Обама.

Келишимге көп айларга созулган жүйүр сүйлөшүүлөрдөн кийин быйыл апрелде эки өлкөнүн президенттери Прагада кол коюшкан эле. Документте аныкталган шарттарга ылайык эки тараптын ар биринде 1550дөн ашпаган ядролук дүрмөт калат. Алардын кыскартылышын, сакталышын жана көзөмөлдөнүшүн адистер өз ара текшерип турушат.

Стратегиялык жапырык куралдарына байланышкан мурдагы келишимдин мөөнөтү 2009-жылы бүткөн. Жаңы келишимди ратификациялоо АКШда талаш-тартыштарды чыгарды. Республикачыл беделдүү сенаторлор, айрыкча сенаттагы азчылыктын лидери Митч Макконнелл жана президенттикке экс-талапкер Жон Маккейн катуу каршылык көрсөтүштү. Алардын партиялаштары адегенде келишимди талкуулагандан баш тартып жүрүштү, он сегиз ирет коомдук талкуу өткөрүлдү, сенатта жети күн катары талашып-тартышышты.

Абройлуу саясатчылардын көбү, алардын ичинде мурдагы президенттер, мамлекеттик катчылар республикалык партиянын өкүлдөрүн келишимди кечеңдетпей ратификациядан өткөрүүгө чакырышты. Келишимди бекитүү үчүн 67 добуш керек эле. Эгер маселе эмдиги жылга калганда, анда демократтарга сенаттын колдоосун алуу кыйын болмок.

Маселе колго салынар күнкү талкуулар алты саатка созулду. Акыры келишим добушка коюлуп, 71 сенатор, алардын ичинде республикачыл партиянын 13 мүчөсү документти жактап добуш берди, 26сы каршы болду.

STARTтын жактырылышын байкоочулардын көбү президент Обаманын тышкы саясатынын ири ийгилиги катары баалады. Сенаттын эл аралык мамилелер боюнча комитетинин төрагасы Жон Керри добуш берүүнүн жыйынтыгын "тарыхый натыйжа" деп баалады. Улуттар Уюмунун, НАТОнун баш катчылары, Европадагы лидерлер да келишимдин ратификацияланганын кубатташты.

Бул кабарды орус президенти Дмитрий Медведев "алымсынып кабыл алганын" анын басма сөз катчысы кабарлады. Мамлекеттик Думанын спикери Борис Грызлов сенатта бекитилген документтердин түпнускасы колго тиер замат маселе карала тургандыгын бышыктады. "Эгер ратификациялык резолюция келишимдин текстин өзгөртпөсө, анда биз документти эртең эле бекиткенге даярбыз",-деп айтты ал.

Сенатта республикачылар келишимдин кириш бөлүгүндөгү айрым жоболорду өзгөртүүгө аракет жасашканы тууралуу кабарлар айтылган эле. Бирок Обманын өкүлдөрү келишимдин кол коюлган тексти, анда аныкталган жоболор менен шарттар эч кандай өзгөрүүсүз кабыл алынды деп ырасташты.

XS
SM
MD
LG