Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:04

Төрөбаев Жалал-Абаддагы КСДП фракциясын күнөөлөдү


Бакыт Төрөбаев
Бакыт Төрөбаев

Парламенттеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Жалал-Абад шаардык кеңешинде көпчүлүк коалицияга кирбей калган КСДП фракциясы мэриянын жана депутаттардын ишине тоскоол жаратып жатканын айтты. Мындай пикирин бүгүн Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

- Жалал-Абадда мэриянын жана шаардык кеңештин иши жүрбөй жатат. Сот шаардык кеңештин иш-аракетин негизсиз токтотту, ал эми шаардык прокуратура болсо аларга эскертүү берди. Бул мыйзамсыз. Прокуратура жергиликтүү бийлик органдарынын ишине кийлигишип, өз укугунан аша чапты. Мен расмий түрдө башкы прокурорго Жалал-Абад шаарынын прокурорунун иш-аракеттерине юридикалык баа берүү жана аны жоопкерчиликке тартуу боюнча талап менен кайрылдым, - деди Төрөбаев.

Жалал-Абад шаардык кеңешинин 16-январга белгиленген сессиясы соттун чечими менен токтотулган. Жалал-Абад райондор аралык сотуна жана калаа прокуратурасына оппозициядагы КСДП жана “Кыргызстан” партияларынын өкүлдөрү кайрылган. Алар алгачкы сессияда мыйзам бузуу орун алганын айтышкан.

Сот отуруму 27-январда болот.

12-январда шаардык кенеш мандат алууга чогулуп, “Өнүгүү-Прогресс”, “Ата-Журт” жана “Республика Ата-Журт” партиялары коалицияга бириккен. Алар төраганы да, анын орун басарын да шайлашкан. Жыйынга КСДП менен “Кыргызстан” партиясы келбей койгон. (SE)

XS
SM
MD
LG