Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:07

Ирак менен Сирия мамлекет болуудан калабы?


Фалужжа аймагында "Ислам мамлекетине" каршы согушуп Ирактын согуштук танкасы жана башка техникалары. Душмандарга көрүнбөсүн деп атайын түсүн бойоп коюшкан. 10-сентябрь, 2015-жыл
Фалужжа аймагында "Ислам мамлекетине" каршы согушуп Ирактын согуштук танкасы жана башка техникалары. Душмандарга көрүнбөсүн деп атайын түсүн бойоп коюшкан. 10-сентябрь, 2015-жыл

АКШнын чалгындоо кызматтарынын божомолунда, Ирак менен Сириядагы канабайрам кагылыштар эки өлкөнү биротоло ыдыратып, алардын мамлекет катары жок болуп кетишине алып келиши ыктымал.

10-сентябрда Вашингтондогу каадалуу жыйында айтылгандай, Ирак күрт, сунни жана шииттер жашаган үч башка аймакка бөлүнүшү мүмкүн.

Ирак менен Сириянын мамлекет катары кыйрашына эки өлкөдө жүрүп жаткан уруштар, диний жоолашуу алып барышы ыктымал. Мындай пикирин 10-сентябрда Вашингтондо өткөн жыйында АКШнын Коргоо министрлигинин Башкы чалгындоо кызматынын директору Винсент Стюарт билдирди. Ал Ирак күрттөр, сүннилер жана шииттер жашаган үч чөлкөмгө бөлүнүп кетерин болжоп отурат.

Стюарт Ирак менен Сириянын кыйла бөлүгү былтыртан бери “Ислам мамлекети”, арабча “ДАИШ” радикалчыл тобунун кол астында экенин эскертүү менен: “Мен алардын мындан ары да бүтүн калат деп ырастай албайм”, - деп кошумчалады. Анын ушул тейде айткан сөзүн Ирак премьер-министри Хайдар Абади негизсиз деп сынга алган.

Ушу тапта Ирактын түндүгүндөгү жана батышындагы сунни калктуу үчтөн бир бөлүгү, ошондой эле Чыгыш Сириянын үчтөн бири “ИМ” ээлигинде.

Ирактын түндүгүндөгү күрттөр 1992-жылдан бери жарым автономия абалында. Алар азыркы “ИМдин” былтыркы жапырыгы кезде жоготкон аймагын жана Ирактын түндүгүндөгү суннилер жашаган аймактардын айрымын кайтарып алуунун аракетинде.

Күртстан автономиясынын президенти Масуд Барзани былтыр июнда күрттөр кайра Багдадга моюн сунбасын ачык эле билдирген. “Ирак ыдырап баратканы талашсыз. Федералдык же борбордук өкмөттүн баарын өз көзөмөлүнөн чыгарганы да айкын. Аскерлер, полиция кыйроодо”,-деп айткан Барзани “Си-Эн-Эн” телеканалынын серепчиси Христиан Аманпурга берген маегинде.

Болочок бүдөмүк жагдайда, күрттөр белгисиздиктин туткунунда калбайт,-дейт Барзани. - Күртстан эли өз келечегин аныктачу убакыт жетти”.

Стюарт 10-сентябрда Барзанинин мына ушул сөзүн эске салып, болочокто Сирия да “экиге же үчкө бөлүнүп кетет го” деген ойдун четин чыгарды. “Бирок Сирия жана Ирактагы жагдайдын берегидей өнүгүүсүн АКШ каалабайт”,-деп эскертти ал.

Ушундай эле пикирди АКШнын Борбордук чалгындоо кызматынын башчысы Жон Бреннон да Вашингтондо болгон жыйында ортого салды. “ИМ” аракетинен улам Сирия менен Ирак чек араларын көзөмөлдөбөйт, алардын эли мурдагыдай жарандыгы боюнча эмес, уруусуна же динине жараша бөлүшөт. Андыктан, “Жакынкы он же жыйырма жылда Жакынкы Чыгыш өзгөрүлөт жана азыркыдай болбой калат”, – деди Бреннон.

Сириянын келечеги жок экенин Израилдин коргоо министри Моше Яалон да быйыл июлда АКШнын коргоо министри Эштон Картер менен кездешүүдө түз эле айткан:

- Биздин ишенимибизде, Сирия азыр куймак болуп калган жумурткага окшош. Куймакты жумуртка кылуунун жолу жок. Болочокто Сириянын мурдагыдай күчтүү, бирдиктүү мамлекет болуусу үчүн эч кандай шансты көрө албай турабыз. Сирия райондорго, анклавдарга бөлүнүп кеткенин көрүүдөбүз.

Сирия менен Ирак Биринчи дүйнөлүк согуштун алдында Осмон империясы кыйраганда Британия жана Франция дипломаттарынын катуу аракети менен түзүлгөн.

Иракты учурда Иран менен байланыштагы шиит өкмөтү жетектейт. Сириянын өкмөтү да президент Башар Асад башындагы шиит алавиттердин колунда.

XS
SM
MD
LG