Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:21

Ирактагы Күрдистандын арсар келечеги


Күрт аскерлери Эрбилдеги БУУ үйүн кайтарууда. 4-август.

Күрт аскерлери Эрбилдеги БУУ үйүн кайтарууда. 4-август.

1-июлда Ирактын курамындагы Күрдистан автономиясынын президенти Масуд Барзани Күрдистандын күнкорсуздугу боюнча жакынкы айларда референдум өткөрүлөт деп кулак какты кылды.

Бул аймактын төбөлсүз мамлекет болуу мүмкүнчүлүгүн "Биз жана дүйнө" берүүсүндө профессор Сулайман Кайыпов, конфликтолог Темир Жоробеков, британиялык тарыхчы Ахмед Дервиш жана ирактык журналист Камран Карадаги менен талкууладык.

Ирак үчкө бөлүнүп кетүү коркунучу алдында турат

National Geographic журналы акыркы сандарынын биринде баш макаласын “Күрттөр учурдан пайдаланып, Ирактан эркиндикке чыгышы ыктымал” деп атады. "Нью-Йорк Таймс" гезити “Иракка биримдик аябай зарыл” десе, Foreign Policy журналы аналитикалык макаласын “Премьер-министр Малики Иракты кантип бүлүнттү?” деп атады. Күрдистандын өзү жакынкы айларда Ирактан бөлүнүп чыгуусу мүмкүнбү? Британиялык тарыхчы, журналист Ахмед Дервиш:

- Бул жерде бир нече маселе бар. Анын эң негизгиси - ар тараптан камоодогу улут үчүн күнкорсуздук зарыл, социалдык-экономикалык жана саясий системаны түзүүдө эле эмес, реалдуу күнкорсуздукка жетишүү. Эгемендик алуунун баасы кандай болот? Ал үчүн коңшу мамлекеттердин макулдугу керек. Сирия жана Израилде абал оор. Ирак Күрдистаны өзүн Багдаддан төбөлсүз мамлекет деп жарыялоосу үчүн биринчи кезекте Түркиянын, Ирандын жана Ирактын борбордук өкмөтүнүн макулдугу зарыл. Иракта азыр башаламандык өкүм сүрүүдө. Мындан аркы жагдай Түркиянын күрт маселесинде кандай чечим кабыл алганына жараша болот. 2-маселе Күрдистандын толук көз карандысыз болуп, коңшуларын келишпес душманга айланткандан көрө, Ирактын федерация же конфедерация болуусу ылайыктуу жол болот.

Ирактын түндүгүндөгү Синжар шаарынан Күрдистан автономиясын көздөй качып бараткан бозгундар.4-август, 2014

Ирактын түндүгүндөгү Синжар шаарынан Күрдистан автономиясын көздөй качып бараткан бозгундар.4-август, 2014

“Ислам энциклопедиясынын” маалыматы боюнча, Күрдистандын аянты 65 000 чарчы километр эле. Бирок акыркы айларда 5 млн. элдүү автономиянын жетекчилиги аны талаштуу жерлердин эсебинен 40 000 чарчы чакырымга кеңейтип, жалпы территориясы Болгарияга тең болуп калды. (Күрдистандын жалпы аянты ошондо деле Кыргызстандын теңинен бир аз көп).

Күрдистандын күнкорсуздугун Анкара колдойбу?

Күрдистан өзүн Ирактан эрктүү деп жарыялачу болсо, ага Түркия кандай карайт? Профессор Сулайман Кайыпов:

- Ирактын бөлүнүү маселеси ичинен чечилчү болсо, Анкара тигиндей же мындай болсун деп айтпайт. Эгер ал Түркиянын кызыкчылыгына жана бүтүндүгүнө таасир этчү болсо, ага түптүү мамлекет катары эч качан мүмкүнчүлүк бербейт. Эгер Ирак бүлүнсө, күрттөрдүн өз мамлекетин куруу жөнүндөгү узактан берки мүдөөсү ишке ашып кетиши мүмкүн. Азыр күрттөр андай мүдөөсүн ишке ашырууда десек болот. Алардын өз мамлекетин түзүүсү үчүн коңшулардын эмес, дүйнөнүн алыскы бурчунан таасир этип жаткан саясий-экономикалык күчтөрдүн макулдугу керек. Бирок канткенде да Ирак өзүнчө мамлекет, анын бүтүндүгү сакталышы зарыл. Түркиянын саясий салтында сырткы өлкөлөрдүн ички ишине кийлигишип кетүүсү эч качан болгон эмес.

Ирактык журналист Камран Карадаги Күрдистанга өзүн мамлекет кылып жарыялоо эрте деген пикирде:

Түркмөн качкындардын балдары. Багдаддын ал-Табизия районундагы мектепте. 27-июль 2014

Түркмөн качкындардын балдары. Багдаддын ал-Табизия районундагы мектепте. 27-июль 2014

- Азыр Күрдистан үчүн айрым жаңы жагдайлар түзүлдү. Күрт регионунун өкмөтү коңшулаш Түркия менен ургалдуу мамиле түздү: эки арадагы саясий- экономикалык жана соода алакасы абдан жакшы. Анкара Күрдистандын төбөлсүз болуу ниетине агрессивдүү мамиле жасабады. Түркиянын өзүндө күрт проблемасы бар. Аны Анкара тынч жол менен чечкенге умтулууда. Муну Ирак күрттөрүнүн лидерлери колдошууда. Бул жаңы көрүнүш. Иран жетекчилиги болсо Күрдистан менен Түркиянын жаңы мамилесинен улам Анкара күрттөргө жардам берет деген ишенимде. Ошол эле маалда Күрдистан Иран менен каршылашып жаткан жок. Мамилеси түз. Албетте, Ирактагы кырдаал азыркы нукта өнүгүүсү Европанын чоң мамлекеттерин жана АКШны тынчсыздантууда. Эгер Ирак бөлүнчү болсо, Күрдистан эмне кылат деген суроо турат аларда. Күрдистанга өзүн эрктүү өлкө деп жарыялоо азыр эрте, бирок күрттөр өзүн коргоого даяр.

Темир Жоробеков, п.и.к., Ош мамлекеттик университетинин конфликтология программасынын директору:

- Ирак Күрдистаны күнкорсуз мамлекет болуусуна тышкы жана ички факторлор таасир этет. Күрдистан географиялык орду боюнча камоодогу аймак. Ар башка өлкөлөрдө жашаган күрттөр арасында биримдик жок. Жалпы лидери да жок. Мунун баары автономиянын эгемендик алуусуна таасир этпей койбойт. Мисалы, Иран күрттөрү Иран өкмөтүнүн саясатынан чыга албайт. Алар саясий да, социалдык-экономикалык да жактан артта калган. Иран бийликтери аларга шайлоо алдында убада берип, көңүлүн алып, шайлоо бүтөөр менен унутат. Өз укуктары үчүн күрөшкөн күрттөр куугунтукка алынып, атүгүл өлүм жазасына тартылган учурлар да бар. Ошон үчүн күрттөрдүн биригүүсүнө шарт жок деп ойлойм.

Күрдистан автономиясы азыр эл керектөөчү товарлардын 80 процентин, анын ичинде азык-түлүктү Түркия менен Ирандан алат. Сүттү Катардан ташыйт. Күнүнө сыртка 125 000 баррель кара май сатат.

Иран Күрдистандын Ирактан бөлүнүшүн каалайбы?

Ахмед Даниш: - Иран өкмөтү эмне саясат жүргүзөрүн болжоп болбойт. Өлкөдө демократия жок. Саясат – бул мунаса табышуунун искусствосу. Масуд Барзани күрттөрдүн көз карандысыздыгы үчүн 90 жылдан ашык убактан бери күрөшкөн үй-бүлөдөн. Барзаниде Ирандын тилин тапкандай чеберчилик жок. Адатта, коңшу мамлекеттер менен мамиле күткөнүңүздө, алардын сизден эмне каалаганын билүүңүз абзел. Күрт маселеси Ирандын да баш ооруусу. Алар улуттук азчылыктарды аёосуз басып келет. Эгер Барзани Ирак өкмөтү менен федерация же конфедерация түзүүгө жетишсе, ирандыктарды коёнго сабиз берип соороткондой эле болот. Сиз буга макул болбосоңуз, мындан Ирандын коопсуздугу узак мөөнөткө камсыздалбайт.

Ирактын жана Сириянын гипотезалык картасы.

Ирактын жана Сириянын гипотезалык картасы.

Экинчи Дүйнөлүк согуш маалында Иранды союздаштар басып алган кезде 1946-жылы СССРдин жардамы менен өлкөдө Махабад (Күрт) республикасы түзүлүп, бир жылга жетпей өкүм сүрөт. СССР өлкөдөн аскерин чыгарып кетер замат Иран өкмөтү жикчилдерди талкалайт. 2006-жылкы эл каттоо боюнча, Ирандын күрт калктуу төрт провинциясында жана Батыш Азербайжан бөлүгүндө болуп, бардыгы 6,8 млн. күрт болгон.

Түркия жана күрт маселеси

Анкаранын Ирак Күрдистаны боюнча саясий чечимине өлкөдөгү күрттөр кандай таасир этет? Профессор Сулайман Кайыпов:

- Түркия конституциясына ылайык, түрк жарандыгы бар ар бир киши түрк болуп эсептелет. Ошондуктан Түркияда этностук жакка көп басым жасашпайт. Акыркы 30 жылдан ашык убакыт ичинде күрт маселеси өлкөдө курч турду. 10 жыл болду: күртчө басма сөзгө, күрт тилинде билим алууга уруксат берилди. Алардын саны өлкөдө 15 миллиондон 25 миллионго чейин дешет. Бирок так маалымат жок. Себеби түрктөр менен күрттөр кыз алып, кыз беришип, аралашып кеткендиктен, күрттөрдүн санын тактап чыгуу мүмкүн эмес. Атүгүл маданияты да бирдей болуп калган. Түркия экономикалык кызыкчылыктан улам Ирак Күрдистаны менен байланышат. Эгер эки жактын күрттөрү арасында байланыш болуп калса, Анкара сөзсүз кийлигишет. Анткени, Түркия үчүн элдин, тилдин, территориянын биримдиги эң маанилүү маселе эсептелет. Түркия өз байрагын тиккен жерге бөтөн адамдын кийлигишкенине жол бербейт. Бул мамлекеттик салт.

Азыр Масул Барзани башындагы Күрдистан автономиясы кандай саясатты карманууда? Камран Карадаги:

- Күрттөр Ирак өкмөтү менен иштешкенге жана Ирактын бир бөлүгү болуу милдеттенмесин бекем кармашууда. Ошол эле учурда Ирактын жаңы коалициялык өкмөтүн түзүү үстүнөн иштешүүдө. Себеби, күрттөр Ирактагы саясий жараяндарга катышабыз деп чечкен. Күрттөр ошентип эки багытта иш жүргүзүшүүдө. Биринчиси - Ирактын ажырагыс бир бөлүгү болуу үчүн иштесе, экинчиси - өлкөдөгү саясий жараяндарга жигердүү катышууда. Ошол эле мезгилде өлкөдөгү саясий жагдай осолдоодо. Ошондуктан, күрттөр кырдаалдын дагы начарлоосуна өз салымын кошууну каалашпайт жана Иракта кырдаал азыркыдан да жаман болоруна камданышууда. Азыр Күрдистан же күрт региону менен Ирактын ортосундагы миңдеген чакырым аралык өзүн "Ирак ислам мамлекети жана Левант" деп атаган топтун кол астында. Ирак менен Күрдистанды 50 чакырымдык тилке гана бириктирет. Бул чоң проблема. Ушундан улам күрттөр өз территориясын, анын ичинде конституцияда каралган талаштуу аймактарды коргойбуз деп чечишти. Бул аймакка Киркук провинциясы да кирет. Мындай жагдайда Күрдистан Иран менен кызматташууда. Ошон үчүн Ирактын территориясынын бештен бир бөлүгүн басып алган жана Ислам мамлекетин курууну көздөгөн жихадчылар күрттөр үчүн чоң проблема болууда.

Азыр Күрдистан автономиясында жан башына бир жылда өндүрүлгөн кирешеси 3500 доллар же Өзбекстан менен тең. Бул сумма Кыргызстандан дээрлик үч эсе жогору. Эгер күнүмдүк мунай өндүрүүнү азыр мерчемделип жаткандай жыл аягына 400 миң баррелге чыгарса, анда Күрдистандын калкынын жылдык кирешеси кеминде 10-15 миң долларга жетип, алар орусиялыктардай (14612) же Казакстандагыдай (13172) жашап калышат. Ага жетишүү үчүн Ирактын борбордук өкмөтү Күрдистанга кара майды сырткы дүйнөгө түз сатуусуна уруксат бериши абзел.

XS
SM
MD
LG