Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:54

Ирак согушу максатына жеттиби?


Президент Саддам Хусейн Кошмо Штаттар ага каршы согушту баштагандан үч сааттан кийин мамлекеттик телевидениеден ирактыктарга кайрылууда. 20-март 2003

Президент Саддам Хусейн Кошмо Штаттар ага каршы согушту баштагандан үч сааттан кийин мамлекеттик телевидениеден ирактыктарга кайрылууда. 20-март 2003

2003-жылы 20-мартта АКШ башындагы коалициялык күчтөр Иракка басып кирген.

Кошмо Штаттардын ошол кездеги президенти Жорж Буш Иракка согуш ачуунун негизги жүйөсү деп, Саддам Хусейндин массалык кыргын салчу куралдарды жайылтпоо жөнүндө БУУнун Коопсуздук кеңешинин 687-резолюциясын бузганын бетке тутту.

Анын алдында, 3-февралда АКШ мамкатчысы Колин Пауэлл БУУнун Коопсуздук кеңешинде: “Саддам Хусейнде биологиялык курал бар болгонунан жана аларды тез, көп жасай аларынан эч кандай күмөн жок. Ал адам өмүрүнө коркунучтуу уу заттарды жана ооруларды жайылтып, массалык өлүм-житимди жана кыйроолорду жарата алат”, - деп билдирген.

АКШ коргоо министринин мурдагы орун басары, Гарвард университетинин профессору Жозеф Найдын жазышынча, Жорж Буш ошондой эле Иракка басып кирүүнүн зарылдыгын Саддамдын “ал-Каида” менен байланышы бар жана диктатуранын ордуна демократия орнотулат деп негиздеген.

2003-жылы апрелде бийликтен кулатылган Саддам ошол жылы күздө колго түшүрүлүп, 2006-жылы 30-декабрда дарга асылган.

Ирак согушу башталгандан он жылдан кийин өлкөдө кандай өзгөрүүлөр болду?

Ирактык аскерлер жанкечти жардырган автомобилдин жанында турушат. Киркуктун батыш ныптасындагы Дебис шаарчасы. 11-март, 2013

Ирактык аскерлер жанкечти жардырган автомобилдин жанында турушат. Киркуктун батыш ныптасындагы Дебис шаарчасы. 11-март, 2013

Жаңы бийлик бүлүнүп-кыйраган Иракты мурастап алды, - дейт Багдаддын тургуну Жаффар Каиз “Азаттыкка” 13-мартта курган маегинде. - Бизге өлкөнү кайра куруу үчүн көп убакыт керек экенинен күмөн жок. Биз өкмөттөн бир же эки жылда жумуш бер, же 10 жылда Иракты жаннатка айлант деп талап кыла албайбыз. Бирок мен 2003-жылдан бери болгон өзгөрүүлөрдү тана албайм. Ырас, биз тилегендей чоң өзгөрүүлөр болгон жок. Лекин, коопсуздукта оң жылыштар бар; тейлөө тармагында эч кандай жылыш жок. Жаңы бийлик тейлөө секторун оңдой алган жок. Башка тармактарда коррупция дале гүлдөөдө. Эгер мага 2003-жылдан кийинки өкмөткө өз бааңды бер дешсе, өкмөттүн ишине он баллдык система боюнча алты деген баа бермекмин. Өзгөчө электр кубаты жана таза суу менен камсыздоону жакшыртуу зарыл. Башкаруучу партия кайра шайлангысы келсе, өлкө ичиндеги жумушун мурдагыдан жакшы аткарышы керек. Биз кээ бир оң жылыштарды жокко чыгара албайбыз. Өз максаттарыбызга жетүү үчүн узун жолду басышыбыз абзел. Биз бирок абдан жай кыймылдап жатабыз. Бул ыраат менен жүрсөк, сиздин сурооңузга он жылдан кийин дагы ушундай жооп берем”.


Журналист Мояд ал-Хайдар жеке өзүнө жана үй-бүлөсүнө болгон коркунучтан улам 2007-жылы Багдадды аргасыздан таштап кеткен. Азыр “Азаттыктын” ирак кызматында эмгектенет. Ал Саддамдын 40 жылдык зулумдугу кыйрагандан кийин Иракта түзүлгөн жагдайды мындай мүнөздөйт:

- Ирактыктардын жашоосунда чоң, реалдуу өзгөрүүлөр болду. Өлкө диктатордук доордон эркиндик дооруна өттү. Тилекке каршы, жаңы доор бийлик тарабынан жакшы башкарылбады. Согуш учурунда көпчүлүк мамлекеттик мекемелер, бийлик институттары кыйрап, полиция да, армия да, министрликтер да иштеген жок. Ошентип, биз, ирактыктар өлкөбүздү башкара албай, ээн-эркин коё бердик. Анын натыйжасында, жашоо диктатура кездегиден дагы оор болду. Андай абалда президент Саддам Хусейн кулаар алдында абактан бошоткон кылмышкерлер биригип, элди талап-тоноого жана каракчылыкка өтүштү. Эл өз келечегин ойлоп, кооптоно баштады. Бирок экинчи жактан, ирактыктарда чоң мүмкүнчүлүк пайда болду - дүйнөгө көзү ачылды. Себеби алар узак жылдар камоодо жашады: интернет, уюлдук байланыш, тыш дүйнө менен телефон, телекоммуникация байланышы жок эле. Атүгүл, өлкө ичинде эч кандай партия, оппозиция жок болчу. Саддам Хусейндин заманында ким ага каршы болсо, бийлик андайларды аяган эмес. Ошон үчүн өлкөдө ал жөнүндө, режим жөнүндө жаман сүйлөгөн, алтурсун Саддамдын мүнөзү, сүрөтү тууралуу сын сөз айткан эч бир адам болгон эмес. Мен ал жерде жашагандыктан, баарын өз башымдан өткөрдүм. Непада сын айтчу болсоң, сени жана үй-бүлөңдү тыптыйпыл кылчу.

Иракта дале тынчтык орной элек. Шиит-суннит болуп бөлүнүү, жаатташтык кол салуулары кеңири жайылган көрүнүш. Жыл башынан бери суннит адаватчылары коопсуздук күчтөрүнө, маанилүү өкмөттүк объекттерге тез-тез кол салууда.

17-февралда Багдаддын шииттер жашаган бөлүгүндө удаа-удаа бомба чабуулу 28 кишинин өмүрүн алып, 100дөй адамды жарадар кылды. Ошол эле күнү Бээжидеги эң чоң мунай иштетүүчү заводду түндүктөгү Ниневия провинциясы менен туташтырган газ кууру иштен чыгарылды. 14-мартта Багдаддын ортосундагы юстиция жана башка министрликтер жайгашкан комплекске куралчандар чабуул коюп, 18 киши өлдү, 30дай адам жараат алды.

Иракта өмүр кооптуу экенин Британиянын мурдагы премьер-министри Тони Блэр да 26-февралда Би-Би-Сиге курган маегинде белгилеген:

- Кээ бир адамдар үчүн Иракта жашоо аябай кыйын. Айрыкча сиз Багдадда жана өлкөнүн ортолук бөлүгүндө жашасаңыз, террорчулардын адамдарды өлтүрүүсү, бейкүнөө адамдарды жаманчылык көздөп өлтүрүү дале уланууда.

Шайлоого плакаттары. Нажаф шаары. 1-март 2013

Шайлоого плакаттары. Нажаф шаары. 1-март 2013

Кээ бир серепчилер Ирактагы негизги этностор: араптар менен күрттөр арасындагы бүгүнкү жиктешүүнү Ирак мамлекети түзүлгөнгө чейинки оторчулук доордун саркындысы деп түшүндүрүшөт. Алардын бири - теги египеттик британ журналисти жана жазуучу Адил Дервиш. Саясий журналист Саддамдын режими кулатылгандан кийин түзүлгөн жаңы өкмөт этностук ажырымды күчөттү дегенге кошулбайт жана Ирак административдик жактан туура бөлүнсө, эч кандай жааташтык болбойт эле деген ишенимде:

- Бул нонсенс. Этностук жана тарыхый бөлүнүү 1920-жылы Ирак түзүлгөнгө чейинки Осмон империясынын үч союздашынан башат алат. Бөлүнүү ошол кезден келатат. Америка шайлоо жөнүндөгү мыйзамды түзүүдө жаңылыштык кетирди. Депутаттарды пропорционалдык жол менен шайлоо жөнүндөгү мыйзам ушул терең жараканы жаратты. Административдик чек арага токтолсок, беш же жети провинция болуш керек эле. Анын экөө түндүктө, экөө ортолукта жана экөө түштүктө болуп, борбор шаар Багдадды Кошмо Штаттардын байтакты Вашингтон сыяктуу өзүнчө провинция кылуу керек болчу. Шайлоо жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүүнүн эң мыкты жолу - жергиликтүү кеңештерге катар федералдык кеңеш түзүү. Ошондо Иракта күчтүү федералдык бийлик пайда болот. Азыр башаламандык жана анархия өкүм сүрүүдө.

Ал эми Мояд ал-Хайдардын байкашынча, Ирак диний-этностук негизде бөлүнсө, жакшы жашайбыз деген пикирлер өлкөдө куралдуу кагылыштар күчөп турган 2005-2007-жылдары көп айтылган. Өлкө түндүгүндөгү Күртистанда гана төбөлсүз мамлекет болгудай бийлик институттары бар. Бирок Күртистан эгемен мамлекет болушуна тегерегиндеги чоң өлкөлөр кызыкдар эмес, дейт ал-Хайдар:

- Ирак үч бөлүккө бөлүнүп, күрттөр, шииттер жана сунниттер өзүнчө мамлекет болот деген идея Саддамдын режими кулагандан бери айрыкча, 2005-2007-жылдары кыйын кезеңде көп айтылды. Көпчүлүк арасында өзүнчө жаат болуп жашасак, коопсуз болобуз дегендер бар. Бирок жиктешип жашоо жеңил эмес. Ырас, күрттөр өз алдынчалыкка барышы мүмкүн. Себеби Күртистан 1991-жылдан тарта иш жүзүндө Ирактын көзөмөлүнөн чыккан. Анткен менен алиге чейин борбордук бюджеттен анча-мынча каражат, чектелүү азык-түлүктөрдү, товарларды алат. Улуттар Уюму күрттөрдүн Саддамдын бийлигинен бөлүнгөнүн колдогон. Күртистан өз алдынча жашоосу үчүн өз администрациясы, өкмөттүк мекемелери бар. Экономикасы өсүүдө. Бирок өзүн төбөлсүз мамлекет жарыялоосу кыйын. Себеби Күртистан өзгөчө аймак: Түркия, Сирия, Иран, Ирак өңдүү анын эгемендигин каалабаган мамлекеттер менен курчалган. Суннилердин автономия болуусу реалдуу эмес. Азыр Ирак үчүн эң олуттуу маселе: саясий кризис жана жаатташтык кризиси.

Нури Маликинин өкмөтү 7-мартта Күрт автономиясынын демин суутчу шахматтык жүрүш жасады. Парламент бекиткен бюджетте күрттөрдүн регионалдык өкмөтүнүн аймактагы мунай казган чет элдик фирмалар алдындагы бересесин төлөгөнгө 650 млн. доллар бөлүндү. Бул күрт жетекчилиги сурагандан 5,4 эсе аз. Ирак парламентиндеги күрт депутаттардын каршылыгына карабай, Маликинин өкмөтү эмне үчүн мындай батыл кадамга барды?


Кошмо Штаттардагы Stratfor аналитикалык компаниясынын байкашынча, сыягы, биринчиден, борбордук өкмөт бюджеттик талаш үчүн күрттөр куралдуу козголоңго барбайт же бөлүнүп кете албайт.

Экинчиден, бул окуя күрттөр үчүн шиилер үстөмдүк кылган өкмөткө менен эрегиште жападан жалгыз өнөктөш суннилер экенин көрсөтөт. Акыркы кезде Киркуктун ар табындагы мунайлуу жерлер үчүн болгон талашка байланыштуу суннилер күрттөр менен шиилерге салыштырганда да начар мамиледе. Мындан келип, суннилер жакын арада күрттөр менен оппозицияга барбашы турган иш.

Британиялык саясий талдоочу Адил Дервиштин айтымында, 2003-жылы Иракка басып кирүүнү АКШ эмес, Британия жетектесе, туура болмок:

- Эми 10 жыл мурдагы ишти кайтара албайсың. Анда америкалыктар британдарды жетектеп жүрдү. Стратегияны британдар иштеп чыгышы керек болчу. Анткени алар Ирак мамлекетин курган жана араптарды жакшы билишет. Британиянын тышкы саясаты акыркы 400 жылда, өзгөчө соңку 250 жылда өзгөргөн жок. Ошон үчүн америкалыктарды британдар жетектеш керек эле. Америкалыктар шайлоо жөнүндөгү Ирактын мыйзамын кайра жазса, депутаттар пропорционалдык жол менен эмес, округдар боюнча шайлануу керек. Себеби эл өкүлчүлдөрү пропорционалдуу жол менен шайланганда, эл этностук негизде көбүрөөк добуш берет. Шайлоо тууралуу мыйзамды жана Конституцияны кайра жазмайынча, бул оңдолбойт.

Ирак үчүн коопсуздук эң чоң көйгөй болгонуна карабай, акыркы он жылда өлкөнүн социалдык-экономикалык турмушунда олуттуу сапаттык өзгөрүүлөр болгонун статистикалык маалыматтар күбөлөйт. 2002-жылы Ирактын ички дүң жыйымы, АКШ доллары менен эсептегенде, 18,9 млрд. доллар болсо, 2012-жылы 126 млрд. долларга чукулдады. Мунайдан алынган киреше 5 млрд. доллардан 82 млрд. долларга жетти. Жумушсуздук 28ден 16% түштү. Бирок Мояд ал-Хайдардын сөзүнө караганда, экономикалык өсүү кымбатчылык менен коштолууда:

- Экономикалык жактан алганда, элдин жашоо деңгээли аябай өзгөрдү. 1980-жылдардын аягында өкмөттүк кызматкер катары менин айлыгым 5 доллар болсо, 2003-жылга чейин айына 7-10 доллар алчумун. Анткени өкмөт элди азык-түлүк менен камсыздап, медициналык тейлөө жана билим берүү бекер эле. Билим берүү азыр да бекер. Экономикалык кырдаалды контролдоого Ирактын 1990-жылы Кувейтке басып кирген соң, Улуттар Уюмунун санкция киргизгени да түрткү берген. 2003-жылдан кийин экономика жана бюджет алда канча өстү. Жылдык өсүү - мунай өндүрүшүнө жараша 15-20% болууда. Ирак өкмөтү бюджетти ачык жарыялачу болду. Бул адамдардын күнүмдүк жашоосуна да оң таасир этүүдө. Азыр көптөгөн үй-бүлөлөр мурдагыдан жакшы жашайт. Ошентсе да, калктын жарды бөлүгүнө көмөктөшүү, тейлөө жагы жакшы уюштурулган эмес. Экинчи жактан, бийликке жакын адамдар өтө байып кетти, коррупция дале күчтүү. Азыр өкмөттүк кызматкерлердин айлыгы 400-500 доллар. Жаңы кызматка орношкондор 200-300 доллар алат. Бул жакшы эле. Бирок инфляцияга байланыштуу жашоо кымбат болууда. Жолун тапкандар эки жерде иштегенге тырышат. Жашоо кымбат.

Акыркы он жылда Иракта балдардын өлүмү эки эсеге азайды. 15 жаштан жогору курактагылар арасындагы сабаттуулук эки эсеге өстү: азыр ирактыктардын 80% кат тааныйт. Парламентте 2002-жылы 19 депутат аял болсо, азыр 82 депутат аял бар.

Ирактыктар Саддам Хусейндин Кербала шаарындагы айкелин кулатып жаткан учур. Согуштун он сегизинчи күнү. 2003

Ирактыктар Саддам Хусейндин Кербала шаарындагы айкелин кулатып жаткан учур. Согуштун он сегизинчи күнү. 2003

Он жыл мурда президент Жорж Буш айткан максаттар аткарылдыбы? Адил Дервиштин айтышынча:

- Саддамды кулатуу жөнүндөгү максат аткарылды. Массалык кыргын салчу курал боюнча максатты иш ашпады деп жокко чыгаруу өтө оор. Себеби Саддам өзү анда массалык жок кылчу куралы бардай түр көрсөткөнгө аракет кылган. Ошон үчүн кандайдыр бир деңгээлде бул да аткарылды дей алабыз. Демократия куруу тилеги ишке ашпады. Бирок менимче, белгилей кетчү позитивдүү нерсе бар - бир диктатор жоготулду. Саддам коңшулары үчүн, араптарбы же ирандыктарбы, же түрктөрбү- баары үчүн өзүнчө шедевр болчу. Анын мурасы кайра тирилүүдө. Аны эч ким унута элек. Согуштун дагы бир позитивдүү жагы - арап улутчулдугу деген мифтин кулпусу ачылды. Бул идеология күрттөрдү газга ууктурууну актаган эле…

Тарыхтан маалым, согуш эбегейсиз каражатты жана тирүү күчтү талап кылат. Өлүм-житим менен коштолот. Жарыяланган маалыматтарга караганда, Ирактагы куралдуу калабада 134 миңден 150 миңге чейин карапайым адам набыт болгон. Ройтерстин билдиришинче, аскерлерди, козголоңчуларды, журналисттерди жана гуманитардык уюмдардын кызматкерлерин кошкондо уруш 176 миңден 189 миңге чейин адамдын жанын жеген. АКШ 4500гө жакын аскер адамын жоготкон. Вашингтон үчүн согуш 1,7 триллион доллар турду. Андан тышкары согуш ветерандарына төлөнчү жөлөк пулга 490 млрд. доллар сарпталган. Келерки 40 жылда аларга төлөнчү чыгым 6 трлн. долларга чаап жетет деп эсептелүүдө.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG