Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:45

Трамп Орусия менен өзөктүк келишим түзгүсү келет


Дональд Трамп Нью-Йорктогу пресс-конференцияда. 11-январь, 2017-жыл.
Дональд Трамп Нью-Йорктогу пресс-конференцияда. 11-январь, 2017-жыл.

АКШнын шайланган президенти, кызматына расмий киришүү алдында турган Дональд Трамп ушул дем алыш күндөрү айрым абройлуу басылмаларда жарыяланган маектеринде Орусия менен болочоктогу алака-катышы боюнча айрым жаңы билдирүүлөрдү жасады.

АКШнын шайланган президентинин кеңири жана көлөмдүү интервьюсу ушул жекшемби күнүбир эле учурда британдык Times жана германиялык Bild гезиттеринде жарыяланды.

Дональд Трамптын мына ушул маекте айтканына караганда, ал АКШнын жана Орусиянын өзөктүк арсеналдары “олуттуу кыскарышын” көздөп турат. Мындан улам ал интервьюсунда экономикалык санкциялардын жоюлушу үчүн орус президенти Владимир Путинге өзөктүк арсеналдарды кыскартууну сунушу кылышы мүмкүндүгүн ишара кылган.

“Келгиле, карап көрөлү, Орусия менен жакшы макулдашууларга жетишүүгө болбойбу? Мен өзөктүк куралды кыскартуу керек жана олуттуу кыскартуу керек деп эсептейм. Бул маселе мына ушул жараяндын бир бөлүгү боло алмак. Бирок Орусия азыр санкциялардан олуттуу зыян тартууда. Менимче, көп адамдар утушка ээ боло турган бир нерсе ишке ашуусу мүмкүн”,- дейт АКШнын шайланган президенти Times менен интервьюсунда.

14-январда америкалык Wall Street Journal басылмасында жарыяланган интервьюсунда Трамп Орусияга каршы санкциялар «жок дегенде белгилүү бир мөөнөткө сакталарына» токтолуп, бирок анда да санкциялар АКШнын максат-кызыкчылыктарына жооп берген белгилүү бир шарттарда жоюлушу мүмкүндүгүн жокко чыгарган эмес.

«Эгер биз алака-катышты жөнгө салсак, Орусия бизге чындап жардам берип жатса, кимдир бирөө жакшы нерселерди жасап жатса, анда санкцияларды сактоонун кимге зарылдыгы бар», - деди Трамп америкалык басылма менен маегинде.

Бул интервьюларга чейин өткөн шаршемби күнү, президенттикке шайлангандан берки алгачкы пресс-конференциясында Дональд Трамп Орусия менен эч кандай ишкер байланыштары жоктугуна көңүл буруп, бирок президенттик учурунда алака-катыш өзү көздөгөндөй оңолушу да мүмкүн, бирок бул каалоо орундалбай калышы да ыктымал экенин айткан:

- Орусия менен эч кандай байланыштарым, макулдашууларым, насыям да жок, себеби биз андан обочодо турганбыз. Эгер Путин Дональд Трампты жакшы көрсө, бул зыяндуу эмес, пайдалуу актив. Себеби, Орусия менен мамилебиз өтө начар абалда. Ал бизге «Ислам мамлекети» террордук тобуна каршы күрөштө жардам берет. Мен Владимир Путин менен тил табыша аламбы, билбейм. Мен буга үмүттөнөм, бирок бул болбой калышы да ыктымал.

Дональд Трамптын Орусия боюнча соңку билдирүүлөрү АКШнын кызмат мөөнөтү аяктап жаткан администрациясы, чалгын мекемелери Москваны былтыркы президенттик шайлоого хакерлик жол менен кийлигишти деген айыптоосун күчөткөн учурга туш келди.

Кызматтан кетип жаткан президент Барак Обама өткөн ишемби күнү Вашингтон Крымдын аннексиясынан жана Украинадагы башка аракеттеринен улам Орусияга каршы киргизген санкциялардын мөөнөтүн 2018-жылдын март айына чейин узартып салды.

Ошол эле учурда АКШ чалгын мекемелеринин Орусия хакерлиги боюнча биргелешкен баяндамасынан кийин Конгресстин жогорку палатасы – Сенатта эки партиядан он сенатор өткөн аптада Орусияга каршы санкциялардын мурдагыдан да кеңейтүүнү караган мызам долбоорун киргизишкен.

Ал эми шайланган президент санкциялар жоюлушунун ыктымал бир шарты катары ишара кылып жаткан өзөктүк куралды кыскартуу боюнча акыркы келишимге Москва менен Вашингтон 2010-жылы жетишкен болчу. Анда президенттер Барак Обама жана Дмитрий Медведев кол койгон документке ылайык, эки өлкөнүн колундагы өзөктүк дүрмөттөрдүн саны 1550гө чейин кыскартылмак.

Орусиянын жана Чехиянын мурдагы президенттери Дмитрий Медведев, Вацлав Клаус жана АКШ президенти Барак Обама START келишимине кол коюлгандан кийин. Прага, 8-апрель, 2010-жыл.
Орусиянын жана Чехиянын мурдагы президенттери Дмитрий Медведев, Вацлав Клаус жана АКШ президенти Барак Обама START келишимине кол коюлгандан кийин. Прага, 8-апрель, 2010-жыл.

Британдык «Таймс» басылмасы менен интервьюсунда Трамп ошондой эле Орусиянын Сириядагы жарандык согушка аскерий кийлигишүүсүн сынга алып, аны «үрөй учурган гуманитардык кырдаалга алып барган абдан жаман иш» катары сыпаттаган.

«Вашингтон Пост» гезитинин жазганына караганда, Сирия боюнча Астанада 23-январда башталат деп күтүлгөн, Орусия-Түркия ортомчулук кылган сүйлөшүүлөргө Трамптын болочок администрациясынын өкүлдөрү да чакырылган. Бирок, алар барары азырынча ырастала элек.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG