Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:58

Обама менен республикачылар мунасага келе элек


АКШда президент Барак Обама менен оппозиция лидерлери өкмөттү сызга отургузган бюджет көйгөйү боюнча мунасага келе алышкан жок. Кризис өтүшүп кетсе, Кошмо Штаттары карыздарын төлөй албай, бул глобалдык кризиске алып келиши мүмкүн.

Америка Кошмо Штаттарында бюджеттен акча түшпөй, өкмөт үч күндөн бери куржалак отурат. Мамлекеттик органдардын көбүндө иш токтоп, кызматкерлер ишке чыкпай калышты.

Чатак Обама администрациясынын демилгеси менен ишке кирген саламаттык реформасынан улам чыгууда. Мындан үч жыл мурда Конгресс жактырган бул программа боюнча он миллиондогон америкалык жарандардын саламаттыгы камсыздалат.

"Обамакеа" деген ат менен белгилүү болгон бул программага каршы чыккан республикачылар жаңы жылдык бюджетти жактыруудан баш тартышты. Бюджет адатта 1-октябрда башталуучу финансылык жылга карата бекитилет.

1-октябрда президент Барак Обама оппозиция лидерлери менен жолугуп, бирок тараптар бир пикирге келе алышкан жок. Республикачылар менен Обаманын демократтары бири-бирин мунасага келбей, убактылуу чараларга макул болбой жатат деп күнөөлөшүүдө. Сүйлөшүүдөн кийин жарык көргөн билдирүүсүндө, Ак үй "Обама акыл-эстүүлүк үстөмдүк кылат" деп үмүттөнүп жаткандыгын жазды.

Өкмөт дүйшөмбүдөн шейшембиге караган түндөн бери ишин кескин чектей баштады. Эң керектүү же өлкөнүн коопсуздугу үчүн маанилүү делген органдар гана калып, калган министрлик, агенттиктер ишин токтотушту. Ошону менен мамлекеттик кызматкерлер айлыксыз үйдө отурушат. Улуттук парктар, музейлер жабылды, атүгүл НАСА космостук агенттигинде астероиддердин кыймыл-аракетин көзөмөлдөө токтотулду.

Сыналгыдан сүйлөгөн сөзүндө президент Обама өкмөттү каржылоо кайра жолго коюлуп, АКШнын карыз чегин дээрлик 17 триллион долларга чейин көтөрүүнү караган мыйзам кабыл алынмайынча, республикачылар менен сүйлөшпөйм деп сөз берди. Эгер өлкөнүн карыз чеги жогоруда көрсөтүлгөндөн ушул айдын ортосуна чейин көтөрүлбөсө, АКШ дефолтко учурап, бул өз кезегинде глобалдык каржылык башаламандыкка жол ачышы мүмкүн.

Конгресстин төмөнкү палатасын көзөмөлдөгөн республикачылар эмне себептен карыздын жогорку чегин көтөрүүдөн баш тартып жатышат? Бул идеологияга тиешеси бар чоң маселе, жөнөкөйлөштүрүп айтканда, республикачыл тарап саламаттыкты камсыздоонун милдеттүү болушу жеке адамдын турмушуна кийлигишүүгө тете болуп, мамлекеттик бюджетке оорчулук келет дешет.

Ал эми демократтар мамлекетке оорчулук келсе да, ар бир жарандын саламаттыгын камсыздашы керек деп эсептешет. "Обамакеа" ишке киргенге чейин АКШда 40 миллионго чукул адамдын саламаттыгы камсыздалган эмес болчу. Бул Батыш өлкөлөрүндөгү өтө төмөнкү көрсөткүчтөрдөн болуп саналат.

Республикачылардын "Чай отурушу" (Tea Party) деп аталган фракциясы айрыкча чуу көтөрүп, бардык америкалыктардын саламаттыгын камсыздоону караган бул мыйзамды өзгөртүүнү талап кылышууда. Бирок Обама менен демократтар азырынча катуу туруп жатышат. Алардын ишениминде, үч жыл мурда кабыл алынып, ишке ашырылып жаткан бул мыйзамды кайра кароого жол берилбеши керек. Демократтар ошондой эле республикачылардын өкмөттүн айрым агенттиктерин убактылуу каржылоону караган мыйзамды өткөрүү аракетин четке кагышты.

Обама партиялык "экстремисттик топтор" АКШга болгон ишенимге шек келтирип жатышат деп айыптады.

- Конгресс өзү буга чейин жактырган чараларга акча бөлүүгө уруксат берсин. Ансыз биз сүйлөшүү өткөрбөйбүз. Себеби жөнөкөй эле. Эгер тигил же бул партиянын экстремисттик бутагына кирген бир ууч адам АКШга болгон ишенимге коркунуч келтиген талаптарды койо берсе, мен эле эмес, менден кийинки президенттер да мамлекетти эффективдүү башкара албай калат. Мен буга жол бере албайм.

Обама ошондой эле «бул кризис эч кимге кереги жок болчу» деди.

Өкүлдөр палатасындагы республикачыл көпчүлүктү жетектеген Эрик Кантор "республикачылар ийкемдүүлүк көрсөтүп жатса, демократтар андай болбой жатат, бул Американын элине жакпайт" деген мазмунда сүйлөдү.

XS
SM
MD
LG