Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:05

Путиндин жашырылган байлыгы


Stavropol, January 25, 2016
Stavropol, January 25, 2016

Кремл америкалык администрация өкүлүнүн президент Путиндин коррупцияга чырмалганы тууралуу сөздөрүн сынга алып, ал расмий айыпка барабар экенин белгиледи.

Мунун алдында Британияда көргөзүлгөн теле иликтөөдө АКШ Каржы министрлигинин өкүлү Путин өзүн жана айланасын байытып жатканын жана өз байлыгын кылдаттык менен жашырарын айтып чыккан эле.

Орусия президенти коррупциялашканын жана байлыгын жашырарын АКШнын Каржы министрлигинин терроризм жана каржылык кылмыштар боюнча катчысынын милдетин аткаруучу Адам Шубин Би-Би-Синин “Панорама” берүүсүндөгү маегинде айтып чыкты:

- Ал (Путин) мамлекеттен болжол менен жылына 110 миң доллар айлык алат. Бул ал адамдын байлыгын сүрөттөөдө туура эмес болот. Анда өз байлыгынын чыныгы көлөмүн жашыруу боюнча тажрыйба абдан чоң", - деген америкалык администрациянын өкүлү андан ары кабарчынын “Путин коррупциялашканбы” деген суроосуна “биздин көз карашыбызда, ооба”,- деп ырастап жооп берген.

Америкалык расмий өкүл кошумчалагандай, Путиндин коррупцияга чырмалганы Вашингтонго узактан бери маалым.

“Биз ал мамлекеттик активдерди колдонуу менен досторун, жакынкы өнөктөштөрүн байытып, ал эми дос катары санабагандарды маргиналдаштырганына күбө болуп жатабыз. Бул Орусиянын энергетикалык байлыгы же башка мамлекеттик контракттар болобу ал өзүнө кызмат кылат деп санагандарга гана берет, ал эми кызмат кылбай тургандарды буга кошпойт. Менин көз карашымда, бул коррупциянын үлгүсү”,- деди Адам Шубин Би-Би-Сидеги интервьюда.

Путин абдан бай, өлкөнүн өзүндө эле эмес четте да кыймылсыз мүлккө ээлик кылары тууралуу Би-Си-Синин иликтөөсүндө кезинде орус президентинин жакынкы чөйрөсүнө кирген же жакын мамиледе турган, бирок кийин Орусиядан кетүүгө аргасыз болгон мурдагы ишкерлер, банкирлер да айтышкан.

Кремлдин каяшасы

Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бул ырастоолорду “ойдон чыгарылган жана жалган жалаа” деп атады.

Песков ага катар АКШнын администрация өкүлүнүн Путиндин байлыгы боюнча комментарийи расмий айыпка барабардыгын, эми алар репутациясын ойлосо, далил таап берүүсү керектигин, бирок бул далилди суроо Москванын иши эместигин кошумчалады.

Дмитрий Песков
Дмитрий Песков

Кремл АКШ-Орусия алакасы азыр ансыз деле жакшы абалда эместигин, Путин боюнча айтылган “калп” мамилени дагы начарлатып жиберүүсү ыктымалдыгын белгиледи.

Мурдараак эбегейсиз байлыгы жана дүйнөдөгү эң бай адамдардын бир экени тууралуу прессадан окуганын Путин өзү дагы айтуу менен, бирок аларды болбогон кеп деп бир нече ирет четке каккан эле.

Орус президентинин соңку расмий декаларациясында анын 2014-жылкы кирешеси 7,5 миллион рубль экени, эки батирге жана бир гараждын жарымына ээлик кылары гана көргөзүлгөн.

Путинге каршы ыктымал санкция

АКШдан айрым талдоочулар администрациянын расмий өкүлдөрү Путиндин коррупциялашканы жана байлыгы тууралуу алгач ирет ачык айтып жатышканынына көңүл бурду.

Мындан улам экономикалык санкциялардын ыктымал жаңы айлампасында Путиндин жеке өзү дагы бутага алынбайбы деген суроолор чыгууда.

Кошмо Штаттардагы Жорж Мэйсон университетинин саясат таануу боюнча профессору Марк Катц “Азаттыктын” орус кызматы менен маегинде мындай дейт:

- Менимче, бул абдан кызыктуу билдирүү, өзгөчө британ бийликтеринин Литвиненконун (ФСБнын мурдагы агенти) өлүмүнө Путин жоопкер болушу мүмкүн деген бүтүмүн эске алганда. Менин көз карашымда бул Вашингтон Путиндин өзүнө көңүл буруп калганынын күбөсү жана Обама администрациясы чындап эле Путинге каршы экономикалык санкцияларды киргизүүгө даярданып жатышы ыктымал. Путиндин коррупцияланышканын администрация иш жүзүндө биринчи жолу моюнга алды. Менимче, кийинки логикалык кадам бул боюнча бир нерсе жасоо болот.

2014-жылы жазда Орусия Крымды анексиялагандан кийин АКШ орусиялык ишканаларга жана жеке адамдарга каршы бир катар санкцияларды киргизген.

Санкцияга кабылгандар арасында Путин менен дос жана жакшы мамиледе турат деп саналган ири ишкерлер да бар.

Ошол эле 2014-жылы апрелде “Нью-Йорк Таймс” гезити Путиндин байлыгын 40 миллиард доллар деп баалаган эле.

Басылма анда АКШнын Борбордук чалгын кызматы – ЦРУнун 2007-жылкы жарыяланбаган баяндамасына шилтеме жасаган.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG