Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:29

Тиллерсон Сенат комитетинен өттү


Рекс Тиллерсон Сенат комитетиндеги угуу учурунда. 11-январь, 2017-жыл.
Рекс Тиллерсон Сенат комитетиндеги угуу учурунда. 11-январь, 2017-жыл.

АКШда жаңы президент Дональд Трамптын администрациясында мамлекеттик катчы кызматына көрсөтүлгөн Рекс Тиллерсондун талапкерлигин Сенат комитети колдоду. Орусия менен мурдагы ишкер байланыштары айрым суроолорду жараткан Тиллерсонду добуш берүүдө республикачылар жапырт жакташса, демократтар каршы чыгышты. Бирок ал эми Сенаттын жалпы жыйынында да колдоо табат деп күтүлүүдө.

Сенаттын Тышкы байланыштар боюнча комитетинде 23-январдагы добуш берүүдө Exxon Mobil мунай компаниясынын мурдагы башчысы Рекс Тиллерсондун талапкерлигин комитеттин 11 мүчөсү колдоп, ону каршы чыкты. Бул акыр аягында Тиллерсонду комитеттеги республикачыл сенаторлор тегиз колдоду, ал эми демократтар жапырт каршы чыгышты дегенди билдирет.

Талапкерлиги Сенатта алгач каралган учурда Тиллерсондун айрыкча Орусия жана анын бийлиги менен мурдагы байланыштарынан республикачыл сенаторлордун да кеминде үчөө шек санашып, камтамачылыктарын билдиришкен.

Бирок комитеттеги добуш берүүдө Флорида штатынан сенатор, былтыркы шайлоодо президенттикке үмүткөрлөрдүн бири, алгачкы угууда Тиллерсонго “Путин аскерий кылмышкерби?” деп ыңгайсыз суроо узаткан Марко Рубио турумун өзгөрткөнү белгилүү болду:

- Бул талапкерди кароодо мен Тиллерсонду колдоп добуш бердим. Сенаттын толук жыйынында да мына ушундай эле кадамга барам. Ал ийгиликтүү иштеши үчүн жардам берүүгө даярмын. Биздин өлкөнүн эң мыкты мамлекеттик катчысы болот деп үмүттөнөм.

Марко Рубионун алдында Тиллерсондун Орусия менен мурдагы байланыштарынан шектенген республикачыл сенаторлордон дагы экөө - Жон МакКейн менен Линдси Грэм да ага колдоо көрсөтүшкөн эле.

МакКейн менен Грэмдин биргелешкен билдирүүсүндө аларда болочок мамлекеттик катчынын Орусия жана Путин менен буга чейинки мамилелери боюнча “тынчсыздануу али бар болгонуна карабай Тиллерсон АКШ кызыкчылыктарынын эффективдүү коргоочусу болот деп ишенип турушканы” айтылган.

Республикачылар кирешеси жагынан дүйнөнүн сегизинчи ири ишканасы - Exxon Mobil мунай компаниясынын башчысы катары Тиллерсондун буга чейинки ишмердиги да дипломатиядан тыш эмес дешсе, ага каршы чыккан демократтардын да бир нече жүйөсү бар.

Маселен демократтардын Сенат комитетиндеги белдүү өкүлү Мэриленд штатынан сенатор Бен Кардин Тиллерсондун олуттуу эл аралык маселелер боюнча жооптору мамлекеттик катчылыкка талапкер эмес, корпорация жетекчисиникине үндөшүп жатканына токтолду:

- Мамлекеттик катчы биздин өлкөнүн жумшак күчүнүн башкы лидери. Дүйнөнүн учурдагы окуялары боюнча биздин айрым суроолорубузга жооп берүүдө ал дипломатияны жетекчиликке алгандын ордуна аскер күчүн колдонууну сунуш кыларын тез эле көргөздү.

65 жаштагы Рекс Тиллерсон Exxon Mobil мунай компаниясынын башчысы катары кезинде орус президентинин колунан сыйлык алган. Компаниясынын Орусиядагы айрым ири долбоорлору ишке ашырылуусуна мурдагы президент Барак Обаманын администрациясы киргизген санкциялар тоскоолдук кылган.

Мурда АКШнын Орусияга каршы санкцияларынын натыйжалуулугунан күмөн санаган Тиллерсон өзү Сенат комитетиндеги угуу учурунда бул маселе жана Москва менен карым-катнаштын келечеги тууралуу мындай деген эле:

- Мен бир нече ирет белгилегендей, санкциялар маанилүү жана кубаттуу аспап. Бирок, жакшы иштелбеген, начар жана эффективдүүлүгү жок санкциялар алар такыр болбогондон да жаман таасир берет. Биз жалпы кызыкчылыктардын негизинде Орусия менен кызматташтык мүмкүн болгон жерлерди, мисалы, глобалдык терроризмдин коркунучун азайтууну карап көрүшүбүз керек. Ал эми олуттуу айырмачылыктар калып жаткан жерлерде биз АКШнын жана анын өнөктөштөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо жагынан бекем турушубуз абзел. Орусия биз милдеттенмелерибизге, анын ичинде өнөктөштөр алдындагы милдеттенмелерибизге жоопкер экенибизди жана өз аракеттери үчүн да жоопкерчиликке тартыларын билүүсү зарыл.

Тиллерсон эми Сенаттын толук жактыруусунан да өтөт деп күтүлүүдө. 100 орундуу Сенатта азыр республикачылар 52, демократтар 48 орунга ээлик кылат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG