Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:08

Орусия: төрөт үйүнө киргизилбеген аял депортацияланат


Аялды полиция келгенден кийин гана төрөт үйүнө киргизишти.
Аялды полиция келгенден кийин гана төрөт үйүнө киргизишти.

Окуя интернетте кызуу талаш-тартыштарды, Орусиядагы улутчулдуктун жеткен чеги катары нааразылыкты жаратты. Төрөгөнү келген өзбек аялын ооруканага киргизбей коюшканда ал оорукананын босогосунда төрөй баштаган. Полиция келгенден кийин гана аны оорукананын ичине киргизишти.

Ушул аптада Владивостоктогу төрөт үйүнүн короосунда төрөп коё жаздаган өзбекстандык аял Орусиядан эми депортацияланат. Азыр бул үчүн тийиштүү документтерди өлкөнүн Федералдык миграциялык кызматынын Приморьедеги бөлүмү даярдап жатканын билдирди. “Бирок самолетко эми эле төрөлгөн балдарды киргизишпейт, ошон үчүн бул аялды өлкөдөн чыгаруу бир топ убакытка созулуп кетиши мүмкүн” дешет орус бийликтери.

6-ноябрь күнү Орусиянын Владивосток шаарында өзбек аял толгоосу келип, шаардагы №1 төрөт үйүнө барса, догдурлар аны “документи жок, медициналык камсыздандыруу күбөлүгү да жок экен, төрөткө ким төлөйт эле” деп кабыл албай коюшту.

Айласы кеткен аял төрөт үйүнүн маңдайында көчөдө төрөй турган болгон. Окуяга күбө болгондордун бири Татьяна “НТВ” телеканалына сүйлөп: "Догдурлар эшикти ачпай жатышат. Сүйлөшкүлөрү жок. “Акчасы жок экен, биздин проблемабыз эмес” деп коюшту. Тез жардам кызматы аны ушул жерге алып келип, көчөгө калтырып койду, ичине алып кирген деле жок. Каякка чалбайлы, баары эле шылтоосун айтат. Бул аял кайсы райондо жашаганын айтты. Күйөөм кийин акчаны алып келет деп жатат", - деди.

Дарыгерлер аялды полиция келгенден кийин гана кабыл алышкан. Ал эркек бала төрөгөнүн, ооруканадан чыгып кеткенин “Азаттыктын” өзбек редакциясына оорукананын акушерлеринин бири телефондон айтты.

"Ал аял төрөт үйүнөн чыгып кетти. Ден солугу жакшы, жакшынакай наристелүү болду", - деген төрөт үйүнүн өкүлү толугураак маалыматты нөөмөттөгү дарыгер гана бере алат деди.

Бирок биздин кабарчыбыз ошол врач менен сүйлөшкөндө ал окуянын кандай болгонун, кантип алар аялды кабыл алышканын айтпай турганын, бул талкуулана турган маселе эмес экенин айтып, телефонду өчүрүп койгон.

Бирок эмне болгонун кийин биздин радиого Владивостоктогу 50 миңдей өзбек жарандарынын башын бириктирген “Акыйкаттык” жамаатынын башчысы Бахадыр Нураков айтып берди: "Тез жардам кызматы алып келген, бирок догдурлар кабыл алышкан эмес. Ошондо тез жардам да кетип калган. Тасмада көргөн болсоңуз, ал жерде кыйкырып жатышат го: “Бар, өз өлкөңө барып төрө, бул жакта эмне кылып жүрөсүң?”, - деп. Ошондой сөздөр күчөп кеткенден кийин, менимче, ал аял көпкө калбай, ооруканадан чыгып кеткен", - деди Нураков.

Анын айтымында, окуянын эртеси ал төрөт үйүнүн башкы врачы, шаар башчылыгынын жана ички иштер органдарынын өкүлдөрү менен жыйынга катышкан. "Башкы врач окуя болгондо жок болгонун айтып актанды", - дейт.

Кандай болгон күндө да, мыйзамсыз жүргөн мигрант аялдын окуясы азыр интернетте кызуу талкуу жараткан чак. Муну Владивостоктогу дарыгерлердин кесипкөйлүккө жатпаган аракети менен эле эмес, бүтүн орус коомундагы улутчулдуктун өсүшү, борбор азиялык мигранттарга карата начар мамилеси менен байланыштырып, катуу сындап жаткандар көп.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG