Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:30

Жунусов: Расмий билдирүүсүз бирөөгө күнөө тагуу туура эмес


Полиция 1-январда чабуул болгон "Рейна" түнкү клубунун алдында. 1.01.2017
Полиция 1-январда чабуул болгон "Рейна" түнкү клубунун алдында. 1.01.2017

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов кыргызстандык Яхъё Машрапов Стамбулдагы кол салууга шектүү деген маалыматтын тарашынын чоо-жайы тууралуу "Азаттык" радиосуна маек курду.

"Азаттык": Стамбулдагы кол салууга чыныгы шектүү киши боюнча түрк өкмөтү маалымат бердиби?

Ибрагим Жунусов: Расмий билдирүү болгон жок. Бүгүн Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым парламенттеги билдирүүсүндө жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылып, ар кандай чагымчыл мүнөздөгү маалыматтарды таратпоого чакырды. Биз Түркиянын Тышкы иштер министрлигине эки жолу кайрылып, толук маалымат берүүнү өтүндүк. Бирок аларда да маалымат жок. Эмне себептен Кыргызстандын жаранына байланышкан кабар чыгып жатканын сурасак, "бул журналисттердин жазганы" деген жооп алдык. Алар расмий маалымат болмоюнча эч нерсе айта албайбыз дешти.

"Азаттык": Түрк маалымат булактарындагы кабарларга кандай комментарий бересиз?

Машрапов Стамбулдагы терактка тиешеси жоктугун бышыктады

Машрапов Стамбулдагы терактка тиешеси жоктугун бышыктады

Улуттук коопсуздук комитети паспортунун сүрөтү интернетке тараган жаранды суракка алып, кое берди.

Жаңы жыл түнү болгон Стамбулдагы чабуулга шектүү деп паспорту интернетке жарыяланып кеткен кыргызстандык Яхие Машрапов террордук чабуулга эч кандай тиешеси жоктугун бышыктады.

Яхие Машрапов 3-январда Стамбулдан учуп келген. Учакка отурардан мурда аны түрк күч органдары суракка алып, окуяга тиешеси жок экени аныкталган соң кое беришкен.

Ибрагим Жунусов: Түрк маалымат каражаттары шектүү деп жазган адам азыр Кыргызстанда экени аныкталды. Аны Улуттук коопсуздук кызматы чакырды. Бул адамдын 3-январда Түркиядан учуп кеткени анык. 1-январда эртең менен Стамбулга келип конгону белгилүү болду. Стамбулдагы кол салуу түнкү саат 1де болсо, бул жигит эртең менен келгени тууралуу атайын кызмат маалымат берди. Ал Түркияга мурда да көп эле жолу келген экен. Өзү ишкерлик менен алектенип жүрүптүр. Кыргызстанга 3-январда кетип жатканда учак бир саат кармалыптыр, түрк полициясы аны суракка алыптыр. Бирок эч кандай кол салууга катышы жок деген негизде кое берип, Кыргызстанга учуп кеткен.

"Азаттык": Түрк маалымат булактары шектүү деп жазып, паспортунун сүрөтү интернетте тарап кеткен адамдын укугун ким коргойт?

Ибрагим Жунусов: Бул маселе боюнча териштирүү башталды. Азыр эки мамлекет ортосунда бул тууралуу сүйлөшүү да жүрүп жатат. Кыргызстандын жаранын күнөөлөш үчүн түрк бийлиги расмий билдириши керек. Алар эч нерсе айта элек. Биз күн сайын кабарлашып атабыз. Ал эми буга чейинки кабарларды маалымат каражаттары таратууда. Биз болсо расмий аныкталмайынча эч нерсе айтпагыла деген өтүнүч менен баардык тиешелүү тараптарга кайрылып жатабыз.

"Азаттык": Эми бул окуя Түркияда жүргөн кыргызстандыктарга кедергисин тийгизбейби?

Ибрагим Жунусов: Эч кандай кысым болбойт. Анткени террорчунун улуту, мамлекети, ата-энеси жок. Алгач шектүү казак жараны деген маалымат тараган. Анан ал адвокаттары менен полицияга келип, өзүнүн кол салууга катышы жоктугун айтты эле, андан кечирип сурап чыгарышты. Эми кыргыз же тажик, өзбекстандык деген сыяктуу ар кыл маалыматтар жазылды. Чабуул жасаган адам тез арада эле кармалат. Түркиянын күч органдары катуу иштей турганы маалым. Кармалгандан кийин биз маалымат беребиз.

"Азаттык:" Эми түрк маалымат каражаттарына ишенбей эле коюу керек деген пикир жаралбайбы?

Ибрагим Жунусов: Булар "ушундай болушу мүмкүн" деп жазып жатышат да. Эми биз аларга кайрылганда "кол салууну ушул киши уюштурган деген жокпуз, болушу ыктымал" деп кабарладык деп айтып жатышат. Мындай нерсе мурдатан эле болуп келген. Түрк расмийлери маалымат каражаттарына көңүл бурбай эле койгула дешти. Премьер Йылдырымдын тактала элек маалыматты таратпагыла деген чакырыгы бизди колдогону деп ойлойм.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG