Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:40

Путин Евразияны бириктиргиси келет


Президент Путин жылдык кайрылуу жасап жатат, 1.12.2016
Президент Путин жылдык кайрылуу жасап жатат, 1.12.2016

Владимир Путин жылдык кайрылуусунда экономика, социалдык маселелер жана ички саясатка көңүл бөлдү.

Орусиянын президенти бүгүнкү кайрылуусунун басымдуу бөлүгүн социалдык маселелерге арнады. Маселен, саламаттык сактоо жаатында эки жылда өлкөдөгү бардык ооруканалар интернетке кошулушу керек десе, билим берүүдө аткарыла турган иштерди белгиледи.

Ошол эле маалда Батыштын санкциялары жүдөткөнүн, мунун айынан экономика артка кеткенин мойнуна алды. Экономикалык кризистин башкы себеби өлкөнүн ичинде экенин белгиледи.

- Адегенде бул инвестициялык ресурстардын, заманбап технологиялардын, ишбилги кадрлардын таңкыстыгы, атаандаштыктын өнүкпөгөнү, ишкер климаттын кемчилиги. Азыр реалдуу сектордо төмөндөө азайды. Өндүрүштө аз-маз өсүш бар. Бирок өткөн жылы ички дүң жыйым 3,7% төмөндөп кеткен. Быйыл ал анчалык болот деп ойлобойм.

Путин убагында 2014-жылы башталган экономикалык кризистен бат эле чыгып кетээрин, 2016-жылдан баштап олуттуу өнүгүү болорун айткан эле. Болжогондой экономикалык жылыш болбогонун президенттин айткан эсептери көрсөтүүдө. Бул демек элдин кирешеси, сатып алуу жөндөмү кризис шартынан анчейин өзгөрбөгөнүнөн кабар берерин эксперттер белгилеп атышат.

Путин экономикалык структураны алмаштырып, ата мекендик өндүрүштү чыңдоо керектигине токтолду. 2025-жылга карата келечек пландарды иштеп чыгууну өкмөткө тапшырарын, ал кийинки жылдын майына чейин даяр болорун айтты. Ал планга ылайык 2019-2020-жылдары Орусиянын экономикалык өсүү ыргагын дүйнөлүк темптен жогору чыгарууну билдирди.

Импортту алмаштырып, айыл чарбасына артыкчылык берүү өз жемишин көрсөткөнүн айтты. Орусияда айыл чарба экспорту курал-жарак экспортунан көбөйгөнүн кошумчалады.

Эл аралык коомчулук менен бекем мамиле түзүүгө даярбыз деген Путин кансыз согуштан кийин ондогон жылдар аралыгында көрүлгөн аракеттер текке кеткенин айтты. АКШ баштаган Батыш өлкөлөрү менен акыркы эки жыл ашуун убакыттан бери Украина, Сирия маселелери боюнча карама-каршылыктан улам мамиле кескин сууп кеткени белгилүү. Ошондой эле Путин АКШдагы жаңы президенттик администрация менен кызматташууга даярдыгын, бирок ал кызматташтык тең укуктуу шартта болушу керектигин дагы кайталады.

Эки өлкөнүн өз ара мамилесинин маанисине токтолду:

- Глобалдык жана аймактык маселелерди чечүүдө Орусия менен АКШнын биргелешкен аракети бүткүл дүйнөнүн кызыкчылыгына жооп берет. Эл аралык коопсуздук жана стабилдүүлүктү камсыз кылууда, өзөктүк куралды жайылтпоо режимин бекемдөөдө жоопкерчилигибиз бир. Стратегиялык теңдикти сындыруу аракети өтө коркунучтуу жана глобалдык катастрофага алып келээрин белгилегим келет.

Мындан тышкары Кытай-Орусия тең ата мамиледе экенин белгиледи. Индия, Жапония менен кызматташтык артарын белгиледи. ЕАЭБдин алкагында кызматташууну тереңдетүү тышкы саясаттагы приоритет деп, мындан тышкары Евразия континентин камтыган интеграциялык модель, башкача айтканда бирикме тууралуу көз карашын айта кетти.

- Чоң евразиялык өнөктөштүк тууралуу түрдүү аймактык жана эл аралык деңгээлде талкуулоону баштадык. Мындай сүйлөшүү Евробиримдиктеги өлкөлөр менен да болушу ыктымалдыгына ишенем. Аларда азыр өз алдынча, субъект катары саясий экономикалык курска талап өсүп жатат. Аны шайлоо жыйынтыктарынан көрүп атабыз.

Путин Брекситти, Франциядагы президенттик шайлоого божомолун, андан тышкары Молдова, Болгариядагы президенттик шайлоону эске алгандай.

Путиндин 13-кайрылуусу 1 саат 10 мүнөткө созулду. Ага 600дөн ашуун журналист катышты. Кайрылуудагы айтылган жаңылыктар боюнча талкуулар башталды. Орус президентинин пресс катчысы Дмитрий Песков бул жолку кайрылуу өзгөчө болорун убада кылган. Ал эми журналисттер, байкоочулар Путин негизинен мурда айтылгандарга токтолгонун, күтүлбөгөн жаңылык деле айтылбаганын белгилешүүдө.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG