Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:47

Москва: Меркел менен Путин Жеңиш күнүнөн кийин жолугушту


10-майда Германиянын канцлери Ангела Меркел Москвада Орусия президенти Владимир Путин менен сүйлөшүү өткөргөндөн кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Меркел Украинанын чыгышында ок атышпоо келишими бузулуп жатканын айтып, дипломатиялык аракеттерди күч алдырууга чакырды. Башка батыш лидерлериндей эле немис канцлери 9-майда Москвадагы Жеңиш парадына катышкан эмес.

Меркел февралда жарашуу келишимине жетишилгени менен Украинада куралдуу кармаштар уланып жатканын, ок атышпоо шарты аткарылбаганын белгиледи. Орусия президенти менен Москвадагы жолугушуудан кийинки биргелешкен пресс-конференцияда канцлер Орусия менен Батыштын “пикир келишпестиктерине” карабай Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн “дипломатиялык аракеттерди” күч алдырууга үндөдү.

2014-жылдын апрель айынан бери Украинанын чыгышында өкмөттүк армия менен москвачыл жикчилердин куралдуу жаңжалы 6100дөн көп кишинин өмүрүн алып кетти.

Меркел ошондой эле козголоңчулардын көзөмөлүндөгү Донецк жана Луганск шаарларындагы жетекчилерди украиналык гуманитардык кербендерди регионго өктөрүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө чакырды.

Канцлер Крымдын Москва тарабынан аннексияланышы Орусия менен Батыштын мамилелеринин начарлашына алып келгенин белгилеп:

- Эл аралык мыйзамдарды бузган Крымдын кылмыштуу аннексиясы жана Украинанын чыгышындагы куралдуу жаңжал кызматташуубузга залакасын тйигизди. Себеби биз мындай аракеттерди Европадагы тынчтыкка коркунуч катары баалайбыз, - деген Меркел тарых чыр-чатактарды алар канчалык олуттуу болбосун, диалог аркылуу, тынч чечүү керектигин үйрөтүп келататкандыгын кошумчалады.

Лидерлер эки тараптуу мамилелерди, Орусия менен Европа бримдиги ортосундагы алакаларды жана Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдоо маселесин талкуулашты.

Президент Путин проблемаларга карабай, Украинанын чыгышындагы тынчтык процесси алга жылууда деди.

- Менимче, кыйынчылыктар турганы менен Минск процесси алга жылууда. 19-февралдан кийин Украинанын түштүк-чыгышындагы окуяларга карабай, жалпы Украинадагы кырдаал тынчыраак болуп калды.

Путиндин айтымында, бейпилдик орнотуу үчүн украин өкмөтү менен жикчилердин тикелей сүйлөшүүлөрү өтө маанилүү.

12-февралда Минскте кол коюлган келишимге Меркел менен катар Франциянын президенти Франсуа Олланд арачылык кылган. Бирок дээрлик күнүгө тараптар анын бузулуп, жоготуулар болуп жатканын маалымдашууда.

Немис канцлери бир катар европалык лидерлердей эле 9-майда Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган Москвадагы парадга катышкан эмес.

Салтанаттын эртеси келген Меркел Путин менен бирге Белгисиз жоокердин бейитине гүл чамбар койду.

- Мен Москвага Орусия менен Германиянын мамилелери кыйын кезди кечирип жаткан учурда келдим. Экинчи Дүйнөлүк согуштун аякташынын 70 жылдыгында курман болгондорго президент Путин менен бирге таазим этүү мен үчүн өтө манилүү.

Ал эми Путин Гитлерге каршы коалицияга кирген өлкөлөрдүн жетекчилеринин Москвадагы салтанатка келбешин комментарийлеп жатып:

- Бул алардын тандоосу, алардын чечими. Бүгүнкү саясий абалга байланышкан маселелер глобалдуу тынчтыкты сактоо, Экинчи Дүйнөлүк согуш өңдүү алааматтын кайталанышын алдын алууга караганда анча маанилүү эмес деп ойлойм, - деди.

XS
SM
MD
LG