Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:48

Трамп: Глобализмди американизмге алмаштырам


АКШнын президенттигине Республикачылар партиясынан талапкер Дональд Трамп
АКШнын президенттигине Республикачылар партиясынан талапкер Дональд Трамп

“Американы биринчи орунга койбогон саясатчылар бийликте турганда, өлкөбүздү башкалар да сыйлашпайт. Мен президент болгондо биздин өлкө дуушар болуп жаткан кемсинтүүлөр токтойт. Биздин ураан "глобализм эмес, американизм болот”, - деди Трамп.

Бейшемби күнү кечинде Кливлендде өткөн Республикачылар партиясынын жыйынында Дональд Трамп расмий түрдө АКШ президенттигине талапкер катары аттанды. Республикачыл партиянын курултайында ал делегаттардын алдына чыгып, өзүнүн жыйынтыктоочу сөзүн сүйлөдү. Төмөндө Дональд Трамп токтолгон негизги маселелердин жана идеялардын учкай мазмунун сунуштайбыз.

"Глобализм эмес, американизм өкүм сүрөт"

Иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө Трамп Американын кызыкчылыгын баарынан өйдө коюп, сырткы жана ички душмандардан коргоруна басым жасады.

- Американы биринчи орунга койбогон саясатчылар бийликте турганда, өлкөбүздү башкалар да сыйлашпайт. Мен президент болгондо биздин өлкө дуушар болуп жаткан кемсинтүүлөр токтойт. Биздин ураан глобализм эмес, американизм болот, - деди Трамп.

Ал ошондой эле Демократтар партиясынан көрсөтүлгөн талапкер, атаандашы Хиллари Клинтонду сынга алды.

- 2009-жылга чейин Хиллари Клинтон кызматка келе электе, “Ислам мамлекети” уюму картада жок болчу. Ливия стабилдүү болчу. Египетте тынчтык өкүм сүрүп келген. Ирактагы зордук-зомбулук азайып жаткан. Иран санкциялардын басымы астында болчу. Сириядагы кырдаал кандайдыр бир деңгээлде көзөмөлгө алынган.

Ал эми Хиллари Клинтон турган 4 жылдан кийин эмнелерге күбө болуп жатабыз? “Ислам мамлекети” террорчул тобу Жакынкы Чыгыш чөлкөмүнө жана бүт дүйнөгө жайылып кетти. Ливия урандыларга айланды, ал жердеги элчибиз жана кызматкерлерине жардам берилбей, жапайы баш кесерлердин колунан ажал табышты. Египет "Мусулман агайыңдар" радикал уюмуна өтүп, аскерлер көзөмөлүн орнотууга мажбур болушту. Иракта башаламандык өкүм сүрүүдө. Иран өзөктүк куралга ээлик кылуу үчүн бир кадамга жакындады. Сирия жарандык согушка, кийин Батышка коркунуч жаратып жаткан миграция кризисине батты. Жакынкы Чыгышта 15 жылдан бери бүтпөй келаткан уруштар, триллиондогон доллар, миңдеген адамдардын кыйылган өмүрлөрүнө карабай абал ушуга чейинкиден да кыйла начарлады, - деди Трамп.

"НАТОнун чыгымдарын АКШ көтөрүп атат"

Трамп демократтардын гана эмес, өз партиясындагы саясий атаандаштарынан да иммигранттарга, мусулмандарга каршы ксенофобиялык, расисттик комментарийлери үчүн сынга кабылып келет. Анын карама-каршы келген сөздөрү өз партиясынын ичинде терең бөлүнүп-жарылууга алып келгени республикачылардын бул жолку курултайында даана көрүнүп калды. Республикачылар үчүн ат салышып келген техастык сенатор Тед Круз Трампты колдоодон баш тартты.

Трамп ошондой эле НАТОго мүчө болгон өлкөлөр уюмга аз салым кошуп, ал эми Вашингтон НАТОнун чыгымдарынын басымдуу бөлүгүн көтөрүп жатканын эскертти.

- НАТО замандын талаптарына жооп бербей калганын айткам. Уюм терроризмге жетиштүү түрдө каршылык көрсөтө албайт. Экинчиден, уюмга мүчө мамлекеттер өз салымдарын адилет төлөбөй жатышат. Демейдегидей эле Кошмо Штаттар чыгымдарды өзү көтөрүүдө. Көп узабай НАТО терроризмге каршы жаңы программаны кабыл алып жатканы маалымдалды. Бул туура багыттагы реалдуу кадам.

Орусия кол салган учурда Балтика өлкөлөрү оболу АКШнын алдында "өз милдеттерин" канчалык деңгээлде так аткарып жатканынан кабар алып, андан кийин гана аларга жардам берүү маселесин карарын айтты.

"Мексика менен АКШнын чек арасында дубал тургузам"

Келгиндерге каршы риторикасы менен белгилүү талапкер бул ирет да мыйзамсыз иммиграцияны токтотууну, өлкө түштүгүндөгү чек араларда дубал тургузууну жана иммиграциялык системаны реформалоону убада кылды. Трамп тиешелүү механизмдер иштелип чыкмайынча терроризмге аралашкан өлкөлөрдөн агылган мигранттарды Америкага кое бербөө керек деп эсептейт.​

Дональд Трамп АКШнын Европа, Латын Америка жана Азия өлкөлөрү менен болгон тышкы соода келишимдерин кайра карап чыгуу убадасын дагы бир ирет кайталады. Ал ошондой эле мыйзамсыз иммиграцияга чекит коерун, түштүк чек арада дубал көтөртүп, бул жаатта реформа жүргүзүүгө даяр экенин айтты.

Ал сөзүн “Мен өз баласынын бактысын ойлогон ар бир ата-энеге кайрылам, мен өз келечегин ойлогон жаштарга кайрылам: мен силер менен, мен силер үчүн күрөшөм жана силер үчүн жеңип чыгам” - деген сөздөр менен жыйынтыктады.

Буга чейин делегаттардын курултайында ал көпчүлүк добуш менен аталган партиядан талапкер катары тандалып алынган. Демократтар талапкерин кийинки жумада тандайт.

АКШда президенттик шайлоо 8-ноябрга белгиленген.

XS
SM
MD
LG