Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:31

Ооган президенти Кытайдан акча издейт


Ооган президенти Ашраф Гани.
Ооган президенти Ашраф Гани.

Бүгүн Кытайда ооган президенти Ашраф Ганинин үч күндүк сапары башталууда.

Байкоочулар Ооганстандын жаңы президенти алгачкы чет элдик сапарын Кытайга жасап жатышын Кабулдун Бээжинге алдыда өлкөнү экономикалык жактан калыбына келтирүүдө эле эмес, тышкы саясатта да башкы өнөктөш катары үмүт артуусунун ишарасы катары сыпаттап жатышат.

Президенттик кызматка сентябрда гана расмий киришкен Ашраф Гани ушул дем алыш күндөрү Сауд Арабияда болуп кайтты. Бирок анын бул өлкөгө барышы шайлоо өнөктүгү учурунда берген – ажы болуу убадасын аткаруу максатын көздөгөндүктөн, четке алгачкы иштиктүү сапары иретинде Кытайда бүгүн башталуучу визити аталууда.

Вашингтондогу Брукингс институтунун талдоочусу Ванда Фелбаб- Браун (Vanda Felbab-Brown) Кытайдын Ооганстан үчүн мааниси тууралуу “Азаттыкка” мындай дейт:

Ванда Фелбаб Браун
Ванда Фелбаб Браун

- Ооган бийликтери эле эмес, башка өлкөлөрдүн расмийлери да Батыштын катышуусу кыскарып жаткан кезде, Кытайдын Ооганстандагы ролу абдан маанилүү болот деп ойлошот. Өзгөчө экономикада. Кытай ириде Ооганстандын табигый байлыктарына кызыккандыктан, ал Кабул муктаж болгон инвестицияны берип, балким инфраструктуралык долбоорлордун өнүгүшүнө салым кошо алат деген ишеним бар. Улуттук дүң өндүрүш азыр көбүнесе чет элдик жардамдан жана маң зат өндүрүшүнөн кураларын эске алганда, ички кирешени көбөйтүүнүн кандай гана жолу болбосун бул - Ооганстан үчүн олуттуу иш.

АКШ жана анын өнөктөштөрү аскерлерин алып кете баштагандан бери Ооганстанда экономиканын өсүү ыргагы басаңдоо гана үстүндө. Дүйнөлүк банктын эсебинде, ооган экономикасы быйыл болгону 1,5% гана кеңейиши мүмкүн.

Ооганстанда Кытайды кызыктырган табигый байлыктарынын наркы бир триллиондон үч триллион долларга чейин деп бааланып жүрөт.

Кытай Кабулдун жанындагы Логар провинциясында жайгашкан, корунун көлөмү беш миллион тонна деп эсептелген Мес Айнак жез кенин иштетүү укугун 2007-жылы эле алган. Бирок жалпы наркы үч миллиард доллар келген бул келишим ишке ашырыла элек.

Кытайдын мамлекеттик МСС концерни Талибандын кол салууларына байланыштуу былтыр кенден кызматкерлерин чыгарып кетүүгө аргасыз болгон эле.

Эгер Кытай инвестицияларын чындап көбөйтсө, бул коопсуздук чараларын да талап кылат. Вашингтондогу Брукингс институтунун талдоочусу Ванда Фелбаб -Браун “Азаттык” менен маегинде Бээжин менен Кабул коопсуздук жаатында кандай кызматташары азырынча белгисиздигин, бул али аныктоону талап кыларына токтолду:

- Бул али аныкталышы керек. Азырынча түшүнүксүз жана талаштуу маселе. Учурдагы президент Ашраф Гани мамлекет башчылыкка келе элек кезде, Кытай коопсуздук жагынан жардам бере алат, анын ичинде Ооганстанга аскер жибере алат деп каңкуулаган жайы бар. Албетте, Кытай ал аскер жөнөтө алат деген ойду четке каккан. Бирок Кытай Ооганстанга аскерий жабдуу бере баштоосу мүмкүн. Менимче ооган өкмөтү, АКШнын өкмөтү абдан көргүсү келген нерсе - Кытайдын Пакистанга кысым көргөзүп, Талибдерге жана башка козголоңчуларга башпаанек берип, аларга тикелей жардам көрсөтүүсүн токтотууну талап кылышы. Бул маселе АКШнын акыркы жылдары Пакистанга карата саясатынын өзөгүн түзүп келди. Анын үстүнө террорчулуктан Кытайдын өкмөтү да абдан тынчызданат.

​Кытай менен Ооганстандын ортосунда 76 гана чакырым чек ара болгону менен Бээжин Батыш күчтөрү чыгып кеткенден кийин Ооганстанда коопсуздук кырдаалы дагы начарласа, бул уйгур жикчилеринин турумунун чыңдалышына да салым кошот деп кооптонот.

Бээжиндин ишениминде, Ооганстан менен Пакистан чек арасынын бийлик көзөмөлдөбөгөн аймактарында уйгур согушкерлери да бар.

Талдоочулар кезинде, 90-жылдардын аягында кытай дипломаттары Пакистандын ортомчулугу аркасында талибдердин лидери молдо Омор менен кездешип, Ооганстандын аймагынан Шинжаңга чабуулдар жасалбашына кепилдик алганын жазып чыгышкан.

Быйыл жайда расмий Бээжин Ооганстандын стабилдүүлүгү боюнча эл аралык конференция уюштурууга үмүттөнгөн, бирок ал шайлоо талашы узакка созулуп, президент аныкталбаганына байланыштуу өтпөй калган эле. Быйыл июлда Кытай өзүндө ошондой эле Ооганстан боюнча атайын чабарман кызматын да киргизген.

Ооган президентинин сапарына тушташ Бээжинде Стамбул процесси деп аталган топтун да жыйыны болот.

Ооганстан, Азербайжан, Кытай, Индия, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Пакистан, Орусия, Сауд Аравия, Тажикстан, Түркия, Түркмөнстан, Бириккен Араб Эмираттары, Өзбекстан өңдүү он беш өлкө кирген топтун күн тартибинде, саясий-экономикалык жана коопсуздук маселелери турат.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG