Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:06

Жапониялык окумуштуулар Күндүн нурунан жаралган энергияны космосто чогултуп, аны Жерге микротолкун же лазер аркылуу жөнөтүү жолдорун ойлонуп жатышат.

Ал эми Күн системасындагы эң чоң планета – Юпитерди изилдөөчү космостук аппарат 968 миллион чакырымдык сапарга аттанды.

Бизден 4 миллиард чакырымдан ашуун алыстыктагы Плутондун жандоочулары төрт миллиард жыл мурда жаралганы анык болду. Ошону менен бирге космосту изилдөөдөгү алгачкы кыймылдаткычсыз аппарат сыноолордон ийгиликтүү өттү.

Кыймылдаткычсыз космостук "жел кайык"

"Санжаммер" кыймылдаткычсыз космостук "жел кайык".

"Санжаммер" кыймылдаткычсыз космостук "жел кайык".

Күндүн нуру менен иштеген "Санжаммер" аттуу космостук "жел кайык" (парусник) ийгиликтүү сыноодон өттү. Бул тууралуу "Спейс экплорейшн нетуорк" кабарлады.

Бул космостук "жел кайыктын" негизги максаты – Күнгө мүмкүн болушунча жакындап, Күндүн активдүүлүгүн жана биздин планетага чоң зыян алып келе турган Күн бороонун алдын ала алуу жана эскертүү.

Американын улуттук космос агенттиги - НАСА, "Л'Гард" жана "Спейс сервисес" ишканалары биргелешип иштеп чыккан төрт бурчтуу космостук "жел кайык" өзүнө керилип орнотулган жел айдагыч кендир канаттарын жайып, физиканын тартылуу мыйзамына ылайыкташтырылган сыноолорду өттү. План боюнча, "Санжаммер" 2015-жылдын январында учат.

Космостук "жел кайыктын" туурасы жана бийиктиги 38 метр жана жалпы көлөмү 1200 чарчы метр. "Санжаммердин" кендир канаттары атайын каптон материалынан жасалган. Ал материалдын калыңдыгы болгону 5 микро миллиметр жана “жел кайыктын” жалпы салмагы болгону 32 килограмм. Күндүн нурунан кубаттуулук алган канаттар –269°С градустан +400°С градуска чейинки температурада кынтыксыз иштегенге кудуреттүү. "Санжаммер" – космосту изилдөөдөгү алгачкы кыймылдаткычсыз аппарат.

Күн нуру менен иштеген "жел кайыктын" көлөмү жана анын төрт бурчундагы жабдуулары ага учуу багытын жана ылдамдыгын көзөмөлдөгөнгө шарт түзөт. "Санжаммер" Күндүн нурунан жаралган фотондук басымды кыймылдаткыч катары колдонот.

"Жуно" Юпитерге багыт алды

"Жуно" космостук аппараты Юпитердин жанында.

"Жуно" космостук аппараты Юпитердин жанында.

Ал эми Күн системасындагы эң чоң планета – Юпитерди изилдөөчү "Жуно" илимий космостук аппараты 968 миллион чакырымдык сапарга аттанды. Биздин планетабыздан 11 эсе чоң Юпитерге 2016-жылдын 4-июлунда жакындоосу божомолдонууда.

"Жуно" Юпитерге жакындаганда анын ылдамдыгы төмөндөп, ал Юпитердин бир уюлунан экинчи уюлуна чейин жакын аралыкта учуп өтөт. Юпитердин радиациясы абдан күчтүү болгондуктан "Жунонун" эң маанилүү жабдыктары бир метр калың титан кутучага орнотулган. Бул космостук аппараттын туурасы – 20 метр. Сапардын башында Жердин тартылуу күчү "Жунону" итерип, ага кошумча ылдамдык кошот. Планетабыздын итерүү күчү "Жунонун" ылдамдыгын саатына 126 миң чакырымдан 140 миң чакырымга чейин тездетет.

"Жуно" планетабыздын сүрөтүн Юпитер жана Марс тараптан тартып Жерге жөнөтөт. Бул космостук аппараттын алыскы сапары тууралуу даректүү тасма да тартылары кабарланды.

Ал эми биздин планетадан 4.3 миллиард чакырым алыстыктагы Плутондун беш жандоочусу бар. Алардын эң чоңу – Харон. Акыркы илимий изилдөөлөр Плутондун төрт жандоочусу 4 миллиард жыл мурда Харондон бөлүнүп чыгып, миллиондогон жылдар бою азыркы калыбына келген деген тыянакка келген. Бул тууралуу "Спейс эксплорейшн нетуорк" маалымдады.

Жапондор Күн нурун космосто чогултат

ЖАКСАнын космостон микротолкун жөнөтчү кубаттуулук станциясы.

ЖАКСАнын космостон микротолкун жөнөтчү кубаттуулук станциясы.

Эми алыскы Юпитер менен Плутондон өзүбүздүн планетабызга келсек, жапон окумуштуулары Күндүн нурун космосто ири өлчөмдө чогултуп, аны Жерге жөнөтүүнү иштеп чыгышты.

Жапониянын улуттук космос агенттиги – ЖАКСА 2011-жылдын март айындагы зилзала жана цунамиден соң энергиянын жаңы булактарын издөө максатында космосто 2030-жылга чейин Күндүн нурунан электр кубатын өндүргөн космостук станция курат. Геостационардык орбитада, же дайыма бир координатада туруучу күзгүлөрдүн топтому Күндүн нурунан жаралган кубаттуулукту чогултуп, аны лазер же микротолкундар түрүндө Жерге жөнөтөт. Жерге жеткен соң ал кубаттуулук электрэнергиясына айландырылат.

Бул долбоордун жактоочулары Күндүн нуру – экологиялык таза энергия булагы деп жатышат. Кызыктуусу, бул сыяктуу долбоорду 1968-жылы америкалык окумуштуулар НАСА жана АКШнын Энергетика министрлигине сунуштаган. Бирок бул долбоор өтө кымбат деп, ал эч качан ишке ашкан эмес.

Жапон окумуштуулары учурда Күндүн нурун Жерге кайсы жол менен ташуу жагын изилдеп жатышат. Планетабыздан 36 миң чакырым бийиктике жайгашкан станциядан энергияны Жерге микротолкундар аркылуу берүү кыйынчылык жаратышы мүмкүн. Илипоздордун айтымында, ал "ийнеге жип өткөргөндөй татаал" болот.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG