Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:05

Күтүлгөндөй эле Кытай дүйнөнүн экономикалык жактан экинчи кубаттуу өлкөсүнө айланды. Бул Жапонияда өткөн жылдын экономикалык жыйынтыгы расмий жарыялангандан кийин белгилүү болду.

Жапон өкмөтүнүн 14-февралда жарыяланган соңку расмий маалыматы өткөн жылы өлкөнүн Улуттук дүң өндүрүшүнүн акчалай көлөмү 5 триллион 474 миллиард долларды түзгөнүн көргөздү. Ал эми Кытайдын 2010-жылдагы Улуттук дүң өндүрүшү 5 триллион 879 миллиард долларга барабар болгон. Азырынча экономикасынын көлөмү боюнча биринчиликти бербей келе жаткан АКШнын Улуттук дүң өндүрүшү болсо 2010-жылдын жыйынтыгы толук чыгарылышы менен 14,7 триллион долларга жетет деп күтүлүүдө.

Жалпысынан артта, жанбашынан кыйла алдыда

Ошентип, жапон өкмөтү дүйнөлүк экономикадагы экинчи орунду Кытайга бергенин моюнга алды. Бирок өкмөттүн башкы катчысы Юкио Эдано Токиодогу басма сөз жыйында белгилегендей, Улуттук дүң өндүрүштү жанбашына бөлө келгенде, Жапония коңшусунан он эсеге жакын артыкчылык кылат.

- Силер белгилегендей биз Улуттук дүң өндүрүштүн көлөмү жагынан алдырганыбыз менен аны жанбашына эсептегенде Кытайдан он эсеге жакын өйдөбүз. Биз өзүбүздүн байлыкты жана коңшу өлкөлөрдүн өнүгүшүн байлыгыбыз кийинки муунга өткөрүлүп берилишине жардам кылгыдай кылып пайдалануубуз керек.

Улуттук дүң өндүрүштү жанбашына бөлө келгенде Кытайда ал бир тургунга 4,5 миң, ал эми Жапонияда 40 миң доллардын тегерегинде туура келет. Ошол эле учурда эки өлкөнүн ортосунда калк саны жагынан да 10 эседей айрымачылык бар.

Жапония экономикалык кубат жагынан АКШдан кийинки экинчи орунду 40 жылдан ашуун убакыт бербей келди. Буга Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин жапон экономикасынын гүлдөп өнүгүшү, өлкөнүн экспорттук товараларынын, анын ичинде автоунааларынын, электроникасынын бүткүл дүйнөгө жайылышы түрткү берди.

Бирок 1990-жылдардын башында баалуу кагаздар менен кыймылсыз мүлк базарында баалардын асмандашынан кийинки көбүктүн жарылышы акыр аягында экономиканы стагнацияга алып келди. Андан жапон экономикасы азыркыга чейин чыга албай жүрөт. Буга, аналитиктердин айтымында, акыркы жылдары жапон товарларынын экспорту менен ички керектөөнүн көлөмүнүн азайышы да салым кошту. Жапон өкмөтү экономиканы кайра тикелөө үчүн кредиттердин базалык үстөгүн төмөндөтүп, адамга кан куйгандай, экономикага акча куюу аракеттерин жасап келет. Бирок алар азырынча аз гана жыйынтык берүүдө.

Өткөн аптада эл аралык валюта кору Жапониянын карызы жана бюджет таңкыстыгы туруктуу эместигин жана ага каршы тезинен чара көрүү зарылдыгын билдирген. Бирок, демографтардын эсебинде, калк картайып жана элдин саны азайып жаткан шартта бул оңой эле орундалуучу милдет эмес.

Жапон модели Кытайды Жапониядан ашырды

Кытайда болсо инфляция, байлар менен жакырлар ортосундагы ажырымдын чоңойушу, экономиканын экспортко ашыкча көз карандылыгы өңдүү көйгөйлөр бар. Орусиялык профессор, Москвадагы Жогорку экономикалык мектептин илимий жетекчиси Евгений Ясин мындай дейт:

- Биз азыр дүйнөлүк экономиканын структурасында тектоникалык өзгөрүүлөргө күбө болуп жатабыз. Биринчи планга начар өнүккөн деп эсептелген, калкынын саны көп өлкөлөр чыгууда. Алар эми өнүгүп, дүйнөнүн дүң өндүрүшүндөгү үлүшү жогорулоодо. Бул Кытайга эле эмес, калкы андан азыраак Индия, Бразилия сыяктуу өлкөлөргө да тийиштүү. Мен Кытай жакында туш келүүчү башка проблема - ал кууп өнүгүүнүн экспорттук моделинен баш тартуусу керектигинде турат деп ойлойм. Муну ал азыркыга чейин карманып келди жана ушул нерсе анын суурулуп чыгышын шарттады. Бул өзү Кытайдын эмес, Жапониянын модели.
Бери дегенде акыркы жыйырма жылдан бери Кытайдын улуттук дүң өндүрүшү орто эсеп менен жылына 9%дан ашуунга өсүп турду. Былтыр өсүш 10%дын тегерегинде болду. Бул тенденция улана берсе экономисттер Кытай 2025-жылга карата Улуттук дүң өндүрүш жагынан АКШны ашып өтөт деп болжолдошот.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG