Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:05

Ырчы Ыбрайым: Пайгамбар дойра кагып, ырдаган


"Эл-Танбура" тобунун мүчөсү
"Эл-Танбура" тобунун мүчөсү

Египетте диний экстремисттердин таасири өсүп жаткандыгы байкалууда. «Эл-Танбура» тобунун жетекчиси Закария Ыбрайым бир диктатуранын ордун экинчи диктатура баспайт деген үмүттө. Азаттыктын Жарым кашык музыка программасыда Ыбрайым алды менен пост-революциялык Египетте исламисттердин музыканттарга кысымы өсөт деген көз карашын билдирди.




Закария Ыбрайым: Менимче кысым өсөт. Айрыкча исламчылар шайлоодо ийгиликке жетишсе, келечекте бизге кысым көбөйөт. Эгер «Мусулман агайиндер» жана салафисттер жаңы шайлоодо добуштардын көбүн жеңип алса, Пакистан, Ирандагыдай музыкага тыюу салынышы мүмкүн. Мындай коркунуч бар.

Жаңыл Жусубжан: Балким, алардыкы туурадыр, музыка чынында эле алар айткандай, арамдыр?

Закария Ыбрайым: Жок, андай эмес. Мында дин менен музыканын ортосундагы байланышты билишибиз керек. Руханий жактан музыка маанилүү рол ойнойт. Тарыхты карап көрсөк, Мухамед Пайгамбар өзү дойрада ойноп, ырдаган. Мен Египеттин Социалисттик партиясына мүчөмүн.

"Эл-Танбура" тобу, солдон бешинчи Закария Ыбрайым
Менимче мында социалисттер, либералдар менен мусулмандардын ортосунда тиреш бар. Биз жарандык мамлекетти каалайбыз. Жарандык мамлекетте адамдар ырдай алышат, христиан, мусулман, башка диндеги адамдар тең укукта болот. Ал эми мусулмандар кургусу келген диний мамлекетте башка көп нерселер менен катар музыкага да тыюу салынат.

Жаңыл Жусубжан: Эгер фундаменталисттер бийликке келип, мындан ары ырдаганга болбойт десе, эмне кыласыз?

Закария Ыбрайым: Аны да убагы келгенде көрө жатам да. Алар мени өлтүрүп салса, менин музыкам да токтойт. Алар жеңип чыгып, элди ырдатпай, бийлетпей койсо, демек алардын таасири күчтүү болот. Бирок буга жетет деп ойлобойм. Биз ансыз деле Египетте жарандык мамлекет үчүн аракетте болуп жатабыз. Революциядан кийин эркиндиктерди бекемдеп, бийликти исламчыларга бербөө үчүн күрөшүп жатабыз. Бул күрөштүн жыйынтыгын айтуу кыйын, бирок либералдуу жана демократиялык көз караштагы адамдар менен иштеш керек. Калганын көрө жатарбыз.

29-июлдагы демонстрацияда исламчылар шариятты киргизүүнү талап кылышты
Жаңыл Жусубжан: Айрымдар мусулман өлкөсүндө динди мамлекеттен бөлүүгө болбойт деп эсептешет. Сиздин пикириңизде динчил адамдар өз ишеними менен болуп, аны башкаларга мажбурлап, таңуулабаган түзүлүш болушу мүмкүнбү? Мусулман өлкөсүнүн жараны катары кандай деп ойлойсуз?

Закария Ыбрайым: Бул тууралуу көп сөз болуп келатат. Демократиялык, либералдык маанайдагы адамдар жарандык мамлекетке умтулушат. Мусулмандардын арасында да мисалы христиандар да шайлого катышып, президент болууга укуктуу деп эсептегендер кездешет.

Бирок экинчи жагынан бардыгы мусулманчылыкка баш ийиш керек, шариятты киргизиш керек деген фанаттар бар. Бирок мен оптимистмин. Мен жумушсуз калышым мүмкүн
деген коркунуч бар. Бирок демократтар жана либералдар аларды тең салмактап, коомдогу бул коркунучту жөнгө салышат деп ишенем.

"Эл-Танбура" тобу тууралуу баянды бул жерден окуңуз.

XS
SM
MD
LG