Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:36

Украина Европага бир кадам жакындады


Иллюстрация
Иллюстрация

Украиналыктар июндун ортосунан тарта Евробиримдикке мүчө өлкөлөргө визасыз каттап калышы мүмкүн. Европарламент шаркетке мүчө өлкөлөр менен Украина ортосунда виза режимин жоюу боюнча Европа комиссиясынын сунушун колдоду.

Европадан келген кубанычтуу кабарды украиналыктарга президент Петро Порошенко сүйүнчүлөдү:

- Европарламенттин 521 депутаты Украина менен биримдик ортосундагы визасыз каттамды колдоду. Мен бул келишимди ишке ашырууга салым кошкондордун бардыгын, украиналыктарды куттуктайм. Украинаны куттуктайм!

Порошенко бул кабарды 6-апрелде Киевде өтүп жаткан Коопсуздук форумунда жарыялады.

Украинанын президенти Петро Порошенко
Украинанын президенти Петро Порошенко

Евробиримдик менен Украина ортосундагы визасыз каттамга жетишүү Порошенконун шайлоо өнөктүгүндөгү эң башкы убадаларынын бири болчу.

Украин президенти белгилегендей, визасыз каттам тууралуу Европа комиссиясынын сунушун бейшембиде европалык депутаттардын 521и колдосо, 75и "каршы" деп добуш берди.

Эми бул чечимди Еврокеңештин мүчөлөрү да жактырышы керек. Уюмга мүчө 28 өлкөнүн өкүлдөрү апрель айынын соңунда Брюсселге чогулганда бул чечим каралышы мүмкүн.

“Эркин Европа/ Азаттык” радиосуна Евробиримдиктеги ишенимдүү булактар чечим 11-майда кабыл алынарын маалымдашты.

Андан соң тиешелүү документке Европарламенттин президенти кол коюп, чечим биримдиктин расмий журналына жарыялангандан кийин күчүнө кирет. Дипломаттар украиналыктар июнь айынын ортосунан тарта Евробиримдиктин өлкөлөрүнө визасыз каттап калат деп боолгошууда.

Бул күндү чыдамсыздык менен күтүп жаткандардын бири Украинанын тышкы иштер министри Павел Климкин:

- Мен украиналыктар биометрикалык паспорттор менен визасыз Евробиримдикке каттай баштаган биринчи күндү абдан чыдамсыздык менен күтүп жатам. Ал күнү майрамдайм, - деди Климкин.

Украинанын тышкы иштер министри Павел Климкин.
Украинанын тышкы иштер министри Павел Климкин.

Визасыз каттам боюнча Украина менен биримдик ортосундагы сүйлөшүүлөр 2008-жылдан бери жүрүп келет. Бул мезгил аралыгында көп өзгөрүүлөр болуп, Украинада бийлик да алмашты. Ошентсе да Украина өзүнө алган милдеттенмелердин баарын аткарганын Европарламенттеги Польшанын өкүлү Михал Бони билдирди:

- Баяндамачынын сөздөрүнө караганда, Украина Евробиримдик аныктаган бардык критерийлерге жеткен, атургай туруктуу реформалар жагынан алганда күтүлгөндөн да жогору жыйынтыктарды көрсөткөн. Документтердин коопсуздугу жаатында, чек ара жана миграция менеджментинде, тышкы мамилелер жана фундаменталдуу укуктар жаатында маанилүү прогресстер жетишилген.

Эми келишим күчүнө кирсе, Евробиримдикке мүчө өлкөлөргө Украинанын бардык жарандары биометрикалык паспорттор менен кире алат. Мындай укук орусиячыл козголоңчулардын карамагындагы Луганск жана Донецк облустарынын тургундары жана Орусия 2014-жылы аннексиялап алган Крымдын жашоочуларына да берилет.

Украиналыктарга Британия менен Ирландиядан башка биримдикке мүчө бардык мамлекеттерге 90 күнгө чейин саякаттоо максатында кирүүгө уруксат берерин шаркеттин юстиция, гендердик теңдик маселелер боюнча комиссары Вера Юрова белгиледи:

- Жакынкы аралыкта биометрикалык паспорттору бар украин жарандары Шенген аймагына 90 күнгө чейин визасыз бара алат. Биз Украина жана украин жарандары, коңшу өлкөлөр жана Евробиримдик үчүн маанилүү учурга жакындаганыбызга кубанам.

Украиналыктар биримдикке мүчө эмес, бирок Шенген аймагына кирген төрт өлкө - Исландия, Лихтенштейн, Норвегия жана Швейцарияга да визасыз каттай алат.

Мындай жол менен Украина Молдова жана Грузия менен катар мурдагы советтик өлкөлөрдүн ичинен Евробиримдик менен визасыз каттамды киргизген үчүнчү мамлекет болуп калат.

28-марттан тарта биометрикалык паспорттору бар Грузиянын жарандары Евробиримдиктин көпчүлүк өлкөлөрүнө визасыз каттай баштайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG