Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:25

Гонконгдун эли кайрадан толкуду


16-июнда Гонконгдо жүз миңдеген адамдар кайрадан нааразылык акциясына чыгышты. Демонстранттар аймактын башчысы Кэрри Ламдын кызматтан кетишин талап кылып жатышат. Акция жергиликтүү бийлик экстрадиция тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алууну убактылуу токтоткондон кийин өтүүдө.

Жекшемби күнү Гонконгдо митингге чыккандар мыйзам долбоорун кабыл алууну убактылуу токтотууга каршы болуп, аны биротоло чакыртып алыш керек экенин билдирүүдө. Мындан тышкары активисттер аймактын башчысы Кэрри Лам кызматынан кетип, ушул аптанын башындагы митинг учурунда демонстранттарга каршы күч колдонулганы үчүн кечирим сурашы керек деп эсептешет. Митингдин уюштуруучулары жекшемби күнкү акцияга 2 миллионго чукул адам келгенин айтып жатышат.

Бээжинге баш ийген Гонконгдун администрация башчысы Кэрри Лам «мыйзам долбоору ушундай талаш жаратканы үчүн» кечирим сурады.

Гонконгдун бийлиги экстрадициялоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү сунуш кылган. Ал өзгөртүүлөргө ылайык, Бээжиндин талабы менен жарандарды Кытайга экстрадициялоонун жолдору жеңилдемек. Мыйзам долбоору кабыл алынса, ал адамдарды Кытайга, Макаого жана Тайванга экстрадициялоого жол ачат.

Буга чейин Гонконгдун бийлиги Кытайда өлүм жазасына тартуу кеңири жайылгандыктан жана юридикалык системанын калыстыгынан күмөн санап, өз жарандарын Бээжинге өткөрүүдөн баш тартып келген. Бирок быйыл жыл башынан бери административдик бийлик башка өлкөнүн бийлиги «мыйзам бузду» деп айыптаган жарандарды өткөрүп берүү боюнча долбоорду талкуулап жатат.

Митингге чыккандар мыйзам күчүнө кирсе, Гонконг автономия укугунун бир бөлүгүнөн кол жууйт жана экстрадициялангандар Кытайдын сот системасында өзүн коргой албай калат деп чочулашууда. Ошондой эле алар Кытайдын бийлиги бул документти борбордук бийликти сындагандарды куугунтукташ үчүн колдонушу мүмкүн деп эсептешет.

Гонконгдун парламенти бул мыйзам долбоорун 12-июнда карамак. Бирок ал күнү миллионго чукул адам митингге чыгып, мыйзам долбооруна каршылыгын билдиришти.

Үч күнгө созулган митинг учурунда полиция демонстранттарга каршы көздөн жаш агызуучу газды жана желим окторду колдонгон. Демонстранттар болсо Гонконг парламентинин алдын тосуп алышкан.

Акыры, 15-июнда Гонконгдун бийлиги экстрадициялоо тууралуу мыйзам долбоорун кароону кийинкиге калтырган. Бирок 16-июнда митингге чыккандар мыйзам долбоорун биротоло чакыртып алууну талап кылышты.

1842-жылдан бери Британиянын колониясы болуп келген Гонконг 1997-жылы Кытайдын башкаруусуна өзгөчө укуктары бар, демократияга жана эркиндиктерге кепилдик берилген атайын аймак катары өткөрүлүп берилген. Бирок акыркы убактарда Кытай Гонконгдун автономиясын чектөөгө багытталган бир катар кадамдарды жасап жатат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG