Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:31

Ирак: Шийи - сунни ажырымынын азабы


Шийи мусулмандар Багдаддын Садр районундагы жума намазда. 20-июнь, 2014-жыл.

Шийи мусулмандар Багдаддын Садр районундагы жума намазда. 20-июнь, 2014-жыл.

Ирактагы соңку кагылыштар өлкөдө шийилер жана суннилер ортосундагы ажырым тереңдеп кеткенин ачыктады.

2006-2008-жылдардагы жарандык согуштан айырмаланып, өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө реалдуу коркунуч туудурган жагдай түзүлдү. Мунун башкы себеби катары шийилер үстөмдүк кылган бийликтин сунниттерге карата саясатындагы олуттуу катачылыктар жана исламчыл согушкерлердин ошол кырдаалды колдонуп кеткени айтылууда.

Бир нече шаарды бат эле басып алуу менен Ирактын бийликтерин алдастатып койгон сунни согушкерлеринин радикалдык тобу эмне үчүн өзүлөрүн “Ирактын жана Леванттын ислам мамлекети” деп аташат.

Биз бул суроону Батыштын бир нече университеттеринде окутуучулук кылган, учурда Нидерланд өлкөсүндө иштеген ирактык талдоочу Исам Хафажиге (Isam Khafaji) жолдодук:

- Левант - бир кездеги Чоң Сирия аймагынын аталышы. Бул азыркы Сирияны, Ливанды, Иорданияны, Палестинаны, Израилди камтыган аймак. Бул чөлкөмдү Левант деп 19-кылымда европалыктар аташчу. Арабчага которгондо биз Шам дейбиз. Тобун “Ирактын жана Леванттын ислам мамлекети” деп согушкерлер өздөрү аташууда... Башкалар ал топту “Ирактын жана Сириянын ислам мамлекети” деп коюшат. Согушкерлердин "Левант" деген атты колдонушканы, алардын биздин таасир көргөзүүчү чөйрөбүз Ирак же Сирия эле болбойт, биз ислам өлкөсүн бүткүл аймакта түзүү үчүн иштеп жатабыз дегени.

Маалыматтарга караганда, “Ирактын жана Леванттын ислам мамлекети” тобунун 10-15 миңдей согушкери бар.

Топтун лидери, тажрыйбалуу талаа командири деп саналган Абу Бакр ал-Багдади жаш курагы боюнча элүүгө чыга элек. Кичи мекени - Багдаддан 60 чакырым аралыктагы Самара шаары.

Абу Бакр ал-Багдади.

Абу Бакр ал-Багдади.

Тамыры “ал-Каида” менен байланышы бар, “Ирактын жана Леванттын ислам мамлекети” деп 2013-жылдын апрель айынан тарта атала баштаган бул топко ирактык талдоочу Исам Хафажи мындайча мүнөздөмө берди:

- Бул экстремисттик топ секулярдык системаны, азыркы чек араларды тааныбайт. Илгеркидей ислам халифатын кургусу келет. Айрым адамдар алар менен келишип, ураандарын, максатын олдоп жатканы ошол кишилердин түшүнүгүнөн, көз карашынан болсо керек. Экинчилери буга азыркы өкмөттөн запкы көргөнүнөн же проблемасы бардыгынан улам кошулууда. Өзү “Ирактын жана Леванттын ислам мамлекети” абдан эле мыкаачы уюм. Мыкаачылыктары эл аралык медиага чыгууда. Эл арасында анчалык чоң колдоо жок болсо да, алар көзөмөлдөгөн аймактардагы адамдар мыкаачылыгынан коркот.

“Ирактын жана Леванттын ислам мамлекети” тобу Мосул шаарын ээлегенден кийин алардын көзөмөлүнө өтүүчү аймактарда эми шарият мыйзамын киргизерин жарыялаган.


Эки кырдаалдын айырмасы

Британиядагы Экcетер университетинин профессору Гаритз Стэнсфилд (Gareth Stansfield) “Индепендент” гезитиндеги маегинде белгилегендей, “Иракта азыркыдай кырдаал мурда болуп көрбөгөн. Атүгүл 2006-2008-жылдары жарандык согуш күчөгөндө да Ирактын аймактык бүтүндүгүнө, мамлекеттин легитимдүүлүгүнө коркунуч туулган эмес”.

Кырдаалга мына ушундай баа берилүүсүнө Багдаддагы бийликтер да каршы эместей.

- Ирак, албетте коркунучта, ага бул кризиске каршы турууда араб өлкөлөрү, бүткүл дүйнө жардам бериши керек. Коркунуч - өлкө чачыроону көздөй кадам таштап жана бөлүнүп-жарылуу өкүм сүрүп турганы,- деди Ирактын тышкы иштер министри Хошияр Зебари кабарчылар менен маегинде.

Быйылкы жыл ичи эле Иракта түрдүү кол салуулардан өмүрү кыйылган адамдардын саны 4500ден ашып кетти. Мунун негизги себеби катары өлкөдөгү диний бөлүнүү айтылып келген.

Диний бөлүнүү бийликтен Саддам Хусеин кулагандан кийин 2006-2008-жылдардагы жарандык согуштун да негизги жүйөсү болгон эле.

Армияга кошулууга даярданып жаткан ыктыярчы шийилер. Нажаф, 20-июнь, 2014-жыл.

Армияга кошулууга даярданып жаткан ыктыярчы шийилер. Нажаф, 20-июнь, 2014-жыл.

Ирактык талдоочу Исам Хафажи “Азаттык” менен маегинде сунни жихадчыларына каршы урушка шийи кошуундары да тартылып жатканын эске алганда, өлкө жарандык согуштун босогосунда турганын белгилеп, азыркы кырдаалдын мурдагыдан айырмачылыгын мындайча чечмеледи:

- 2006-жылы диний жиктелүү болгон. Өзгөчө алты миллиондой киши, шийи, сунни аралаш жашаган Багдадда көптөгөн кыянатчылыктар орун алып, ага “ал-Каида” да аралашкан. Анда “ал –Каида” кыянатчылыктарды күчөтүүдө чоң роль ойногон. Кыянатчылыктар Багдаддан тышкары анын тегерегиндеги шаарларга да жайылган. Суннилер өздөрү жашаган райондорду шийилерден тазалоого умтулса, шийилер да суннилерге каршы ушундай эле ишти жасаган. Азыр кырдаал толугу менен бөлөкчө. “Ирактын жана Леванттын ислам мамлекети” тобу Багдаддан 450 чакырым түндүктө жайгашкан Мосулдан тартып, Багдадга 60 чакырым калганга чейинки аймакты оккупациялап алышты. Багдаддан түндүккө 60 чакырымдан ары Мосулга чейинки аймакта негизинен суннилер жашайт. Коркунучтуусу мындай кырдаал Ирактын эки-үч мамлекетке ажырап кетишине алып барышы мүмкүн. Маселен түндүктө суннилердин араб маммлекети, түндүк -чыгышта Күрдистан, борбордук бөлүк менен түштүктө шийилердин мамлекети. Бул мурдагыдан толугу менен айырмаланган жана кыйла коркунучтуу кырдаал.

Суннилердин кодуланышы колдонулду

Ирактагы кырдаалдан кабары бар аскерий эксперттердин пикиринде, өлкөдөн АКШ аскерлери чыгарылгандан кийин жергиликтүү коопсуздук күчтөрү согушкерлер менен козголоңчуларга каршы ийгиликтүү иштеген тактиканы - аларды изоляциялап салууну токтотуп койгон.

Бул да өз кезегинде сунни согушкерлеринин чыңдалуусуна кандайдыр бир деңгээлде салым кошту.

Бирок негизги себеп катары өкмөттү сегиз жылдан бери башкарган шийи Нури ал-Маликинин бийликти монополдоштурганы, ошол эле учурда элди жараштырып, аларга экономикалык бакутбатчылык же коопсуздук тартуулай албаганы аталууда.


Жихадчылар пайдаланып кеткен кырдаалдын кандайча жаралганы тууралуу талдоочу Исам Хафажи:

- Ирактын калкынын басымдуу бөлүгү, 60 пайызы шийилер. Ушундан улам ар бир шайлоону (Саддам Хусеин бийликтен кулагандан берки) шийилер жеңип келе жатат. Бирок шайлоону жеңгендер - ислам партиялары. Тилекке каршы, секулярдык күчтөр абдан эле алсыз. Эгер секулярдык күчтөр бийликте турганда, азыркы окуялар болмок эмес. Шайлоону премьер-министр Нури ал-Маликинин “ал - Дава” ислам партиясы жеңип келүүдө. Мындан сырткары алар мамлекетте Малики мырзанын гегемониясын орнотууга аракеттенип жүрүшөт. Башкалар бийликтен четтетилип, маргиналдаштырылып жатат. Мындай шартта суннилер өздөрүн маргиналдашып калгандай, бийликтеги реалдуу үлүшүн жоготкондой сезишүүдө жана бул туура эле. Өлкөнүн вице-президенти, премьер-министрдин орун басары суннилер. Бирок ал адамдардын колунда бийликтин реалдуу рычагдары жок. Премьер-министр ал –Маликинин диктатор болууга аракеттенип жатканын башкалар эмес, шийилердин ислам партияларынын өздөрү айтып, эскертип келе жатышат. Буга кошумча, шийи жана сунни факторун премьер - министр өзү да колдонгон учурлар болду. Суннилерди жактап жатасың дебеңиз, мен сунни эмесмин. Суннилер Ирактын батышындагы Анбар провинциясында тынч нааразылык акциясына чыгышканда, Малики буга диний түс берүүгө аракеттенди. Ал нааразылык акциясын шийилерге каршы багытталгандай кылып көргөздү. Суннилердин арасында “ал-каидачылар”, террорчулар бардыгын айтты. Премьер-министрдин максаты апрелдеги шайлоодо шийилердин колдоосун алуу эле. Малики соңку шайлоодо чын эле жеңди. Ал өлкөнү дагы башкараары, жаңы өкмөттү кураары билингенден кийин суннилер мындан ары да маргиналдашабыз деген сезимге келишти да. “Ирактын жана Леванттын ислам мамлекети” мына ушул кырдаалды пайдаланып кетти. Мен баса елгилеп кетейин, суннилер бул экстремисттик топту колдобойт. Бирок ал Ирактын түндүгүн ээлеп алганда, адамдар болгону пассивдүүлүгүн көргөзүштү, Маликиден реванш ала берсин деп коюшту.


Күрттөр эмне үчүн жеңүүчү?

Түндүктөгү Мосул жана Тикрит өңдүү шаарлардын согушкерлерге оңой эле багынып берүүсүнүн башкы себеби катары Ирак боюнча талдоочулар өлкөнүн бул бөлүгүндөгү аскер күчтөрүнүн шийилер башкарган борбордук бийликке лоялдуу эместигин, акыркы жылдары офицерлер арасында да тазалоолор жүрүп, суннилерден турган аскер бөлүктөрүнүн ашчылыгына шийи командирлердин коюлганын аташкан.

Түндүктөгү Киркук шаарында да калааны аскерлер таштап кеткен кырдаал түзүлгөндө бул жерди Күрт автономиясынын Пешмерга коопсуздук күчтөрү дароо ээлеп, өз көзөмөлүн орнотууга жетишти.

Күрттөрдүн коопсуздук күчтөрү. 17-июнь, 2014 -жыл.

Күрттөрдүн коопсуздук күчтөрү. 17-июнь, 2014 -жыл.

Мындан улам Ирактагы азыркы кризисте утушка ээ болгон тайпа катары дал ушул күрттөр аталып жатат. Анткени талдоочулардын айтымында, күрт тайпасынын акыркы 90 жылдан берки мүдөөсү орундалып, Киркук алардын көзөмөлүнө өттү. Башкача айтканда, күрттөр өзүлөрүнүн тарыхый борбору катары санаган шаарга биринчи жолу аскерий жана саясий көзөмөл орнотууга жетишип отурат жана эми Киркукту борбордук бийликтин башкаруусуна кайрып берери арсар.

Талдоочу Исам Хафажи мунун себебин “Азаттыкка” төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Бул күрттөр үчүн ондогон жылдардан бери өтө сезимтал маселе болуп келген. Киркук шаарында эмес, провинциясында күрттөр менен катар, түркмөндөр да, арабдар да жашайт. Борбордук өкмөт Киркук күрттөрдүн жери эмес десе, күрттөр тескерисинче Киркукту өзүлөрүнүн Иерусалими деп атап келишкен. Шаарда күрттөр калктын басымдуу бөлүгүн түзбөйт, бирок провинцияда алар көбүрөөк. Киркук боюнча талаш азыркы бийликтин учурунда эле чыккан жок, бул маселе Саддамдын режими кезде да көтөрүлүп келген. Киркукту оккупациялоо менен күрттөр да азыркы кырдаалды пайдаланып кетти. Башкача айтканда, бул аларга "алтын" мүмкүнчүлүк тартуулады. Мындан улам күрттөрдү азыркы кризистин жеңүүчүсү деп айтсак болот, бирок жеңүүчү дегенибиз күрттөр “Ирактын жана Леванттын ислам мамлекетинин” согушкерлери келишин каалады дегенди билдирбейт. Багдаддагы бийлик күрттөр менен согушкерлердин ортосунда келишим, план болгон деп айтып жатат, бирок менимче, бул чын эмес, эч кандай план даярдалган эмес. Болгону күрттөрдүн аймактык өкмөтү кырдаалдан пайдаланып, Киркукту оккупациялап алды.

Улуттук биримдик өкмөтү керек

Согушкерлердин чабуулунан алдастап калган Ирак өкмөтү Кошмо Штаттарга аба соккуларын жасап берүүнү өтүнүп, расмий кайрылды. АКШнын дарегине мындай өтүнүч “Ирактын жана Леванттын ислам мамлекети” Мосул шаарын ээлей элек кезде да жасалган болчу.

Бирок Кошмо Штаттардын бийлиги Маликинин өкмөтүн аскерий жактан колдоп, бирок башка чараларга түртпөө жаңылыштык болот деген бүтүмгө келгендей.
Багдаддагы бийликтин аскерий сокку боюнча экинчи өтүнүчүнөн кийин президент Барак Обама 19-июндагы сөзүндө Кошмо Штаттар согушкерлердин буталарына сокку уруп бериши мүмкүндүгүн белгилеп, ошол эле учурда Ирактын өкмөтү да өзгөрүүлөргө муктаждыгын, бийликтер суннилердин, күрттөрдүн жана башка азчылыктардын кызыкчылыгын эске алуусу керектигин ачыктады:

- Эгер жеринде кырдаал талап кылууда деген тыянакка келсек, максаттуу жана так аскерий аракеттерди көрүүгө даяр болобуз. Эгер мындайга барсак, мен Конгресс, Ирактын жана аймактын лидерлери менен кеңешем. Ирактын лидерлерин тандоо биздин жумуш эмес. Биздин патриоттордун бир бөлүгүнүн Иракта бир нече жыл күрөшүүсү туура болгон. Өз тагдырын аныктоо жана лидерлерин шайлоо ирактыктардын иши.

Обама коңшу Ирандын Ирактагы ролун да комментарийлеп, Тегерандагы бийликтер Кошмо Штаттар сыяктуу эле Ирак тараптардын баары камтылган бийликке муктаждыгы тууралуу айтса, мындай кадамды кубаттарын кошумчалады.

АКШ президентинин пикиринде, эгер Иран Иракта шийилерди гана колдоого кызыкдар болсо, бул кырдаалды дагы курчутат жана келечек үчүн оор кесепеттерди жаратат.

Ирактагы окуялардын мындан аркы өнүгүшү аскерий эмес, саясий жараянга да көз каранды болорун дипломаттар менен талдоочулар да айтышууда. Кошмо Штаттардын Ооганстандагы мурдагы элчиси Рональд Нойман (Ronald Neumann) мындай дейт:

- Эң чоң суроо ирактыктар өзү бири-бирине жардам бере алар –албасы. АКШ бомба же учак бере алат. Бирок каармандыкты жана саясий эркти бере албайт. Менимче, АКШ ал-Маликинин өкмөтүнө жөн эле аскерий колдоо көрсөтүүнү каалабайт. Анткени, бул кризисти курчуткан саясий катаны уланткандык болмок жана эч нерсени чечпейт. Эгер Ирактын бийлигинде жана өкмөттүк күчтөрүндө күрөшүүгө эрк болсо, кырдаалды саясий жол менен жөнгөрүүгө убакыт бар. Эгер алар эркин көргөзө албаса, аскерий жардам жетишсиз болот.

“Азаттыктын” маектеши, ирактык талдоочу Исам Хафажинин айтымында, азыркы чалкеш кырдаалдан чыгуу үчүн Ирак шийилер үстөмдүк кылбаган улуттук биримдик өкмөтүнө муктаж болот:

- Менимче АКШнын аскерий жардамы, аба соккулары зарыл нерсе. Бирок баса белгилейин, бул жетишсиз. Биз улуттук биримдик өкмөтү түзүлгөн саясий чечимге муктажбыз. Ал –Малики кызматтан чегинүүгө мажбурланышы абзел. Анткени ал Ирактын элин бөлүп –жарып жиберди. Маликини шийи партиялары, атүгүл ислам партияларынын баары эле колдобойт жана кызматтан кетүүсүн каалагандары бир топ. Улуттук биримдик өкмөтү Ирактагы тайпалардын баарынын бирдей катышуусу менен түзүлүүсү керек. Өкмөткө бийлиги жок же лдин өкүлү болбогон суннилерди кошуп коюу жарабайт. Борбордук өкмөт суннилерге ишеним сезимин тартуулаган жана алар аясий жараянга кошуларын кепилдеген чараларды көрүшү керек. Бул узак мөөнөттүү жараян бирок азыр эле баштаса болот.

Иракта жаңы “эффекттивдүү” өкмөт түзүүгө 20-июнь күнкү билдирүүсүндө жергиликтүү шийилердин руханий лидери катары саналган аятолла Али ал-Систани да чакырылды.

Аятолланын айтымында, сунни экстремисттери кеч болуп кала электе ээлеген аймактарынан сүрүп чыгарылуусу керек.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG