Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:04

Мусулмандар арзан чагымга алдырбаса...


Пакистандын бир катар шаарларында мусулмандар франциялык “Шарли Эбдо” журналы өз бетине Мухаммед пайгамбардын карикатурасын жайгаштырганына нааразы болуп, акцияга чыгышты. Мындай акциялар башка мусулман өлкөлөрүндө да болду.

Пакистандын бир катар шаарларында мусулмандар франциялык “Шарли Эбдо” журналы өз бетине Мухаммед пайгамбардын карикатурасын жайгаштырганына нааразы болуп, акцияга чыгышты. Мындай акциялар башка мусулман өлкөлөрүндө да болду.

Өткөн жумада Франциядагы сатиралык журналга жасалган чабуулдун эпкини дагы деле болсо сууй элек. Дүйнө мусулмандары тарабынан бул окуя ар түрдүүчө чечмеленүүдө.

Франциядагы террористтик ишти жасагандар кимдер? Эмнеге коомчулукта айрымдар аларды ачык террорист деп айтуудан карманышууда? Бул суроолордун тегерегинде Ош мамлекеттик университетинин мугалими, ислам тарыхы боюнча адис Али Жусубалиев жана Анкара университетинин докторанты Азиз Ташболотов "Азаттыктын" "Биз жана дин" түрмөгүндө ой бөлүштү.

"Азаттык": Өзүн мусулманмын деген адам террорист болушу мүмкүнбү?

Али Жусубалиев: Мусулманмын деген адам деле террорист болушу мүмкүн. Адамзат жашап жаткан коомдо түрдүү-түмөн мүнөздөгү адамдар болот. Бир эле мусулмандардын арасында эмес, башка динди тутунгандардын арасында да террористтер болушу мүмкүн. Кыргыз болобу, өзбек, орус же немис болобу кандайдыр бир динди карманат. Бирок ал кишилер кандайдыр бир жаман ишти жасап, кылмыш кылган болсо, анда ал ишти башкалар эмес, ошол адам өзү жасаган болуп эсептелинет.

"Азаттык": Франциядагы чабуулдан кийин мусулмандар арасында эки ача пикир пайда болгонун көрүүгө болот. Кээ бирлери бул ишти кылгандарды ачык эле "террористер" деп атаса, кээ бирлери “аларды террорист деп айтууга болбойт, себеби башка жолу болбогондуктан аргасыз ушул ишке барышты” деп айтышууда.

Париждеги "Шарли Эбдону" колдогон митинг

Париждеги "Шарли Эбдону" колдогон митинг

Азиз Ташболотов: "Террорист" деген сөз арапчада “ирхабиййун”деп айтылат. Арапча айтылган маанисинде “коркуткан” деген маанини берет. Күнөөсүз адамдарга зыян алып келген, коркуткан деген маанини түшүндүрөт. Мусулман болобу, христиан болобу, же кудайга ишенбеген атеистпи баары бир: коркутуп-үркүтүп, зордук-зомбулук кылып жаткан болсо, суроо-сопкуту жок адамдарды өлтүрүп жатса, анда ал киши террорист деп аталат. Себеби террористтин улуту, дини болбойт.

"Азаттык": Булар бул ишти исламдын атынан кылдык деп жатышпайбы?

Азиз Ташболотов: Исламдын атынан кылдык деп айтууга алардын акысы жок. Себеби алар бизден сурап мусулман болгон жок, биз да алардан сурап мусулман болгон эмеспиз. Ислам дининде, ислам укугунда ар бир кылмыш, ар бир күнөө иш ошол ишти жасаган адамга гана тиешелүү. Жоопкерчиликти да ошол адам тартат. Журналга чабуул жасаган кишилер да өзүлөрү жоопкер. Мусулмандардын атынан кылдым дей албайт.

"Азаттык": Ар бир мусулман исламды өз алдынча үйрөнүүгө, өзү түшүнгөндөй мусулман болууга аракет кылууда. Ошентсе да идеалдуу мусулман барбы? Кимди идеалдуу мусулман деп айтсак болот?

Али Жусубалиев: Ислам дининде идеалдуу мусулман катары Мухаммед пайгамбар сүрөттөлөт. Куранда Мухаммед пайгамбарга карата: “Сен жогорку адеп-ахлакка ээсиң” деп айтылат. Пайгамбар да өзүнүн хадистеринде “Мени Жараткан тарбиялады, кандай гана сонун тарбиялады” деп айтат.

"Азаттык": Андай болсо пайгамбарды, дегеле башка катардагы мусулмандардын мусулманчылыгы менен исламды бөлүп карашыбыз керекпи?

Азиз Ташболотов: Албетте ислам - бул кудай тарабынан жиберилген баалуулуктардын топтому. Ал эми ар бир мусулман өзүнүн деңгээлине жараша исламды түшүнүп, жашайт. Ал да анын мусулманчылыгы деп айтсак болот. Ким исламды жакшы түшүнгөн болсо, ал ошончолук жакшы мусулман, ал эми ким чала түшүнгөн болсо, ал киши да толук эмес түшүнгөн мусулман болуп эсептелинет. Негизинен мусулмандар аралашкан жагымсыз көрүнүштөр алардын билим деңгээлинин төмөндүгүнөн болууда.

"Азаттык": Мухаммед пайгамбарыбыз өз мезгилинде ага карата жасалган мазактоо, шылдыңдоо, кемсинтүүгө өзү кандай жооп берген?

Түркиядагы "Жумхуриет" гезитинде карикатуралардын жарыяланышына каршы нааразылык акциясы. Стамбул, 14-ноябрь, 2014-жыл.

Түркиядагы "Жумхуриет" гезитинде карикатуралардын жарыяланышына каршы нааразылык акциясы. Стамбул, 14-ноябрь, 2014-жыл.

Али Жусубалиев: Пайгамбар исламды үгүттөй баштагандан тартып эле ага каршы каралоо, кемсинтүү аракеттери болгон. Жолдо бара жатканда аны “акын”, “сыйкырчы”, “кемчонтой” деп мазакташкан. Пайгамбар болсо, аларга сабырдуулук менен жооп берген. Анын мындай мамилеси азуулуу душмандары тарабынан да бааланган, анын чын эле пайгамбар экенин таанууга мажбур болушкан.

"Азаттык": Анда мусулмандар мындай мазактоолорго террор менен эмес, үлгү болуу менен жооп бериш керек экен да?

Азиз Ташболотов: Албетте. Куранда пайгамбардын даават методу жөнүндө: “Акылмандык, даанышмандык жана үгүт-насаат менен, эң жакшы ыкма менен чакыр” деп айтылат. Ал жерде зордук-зомбулук, терроризм жөнүндө сөз жок. Пайгамбар керек болсо өзүн кемсинткен, мазактагандарга жакшы дуба, баталарды кылган.

Элибиздин өз пайгамбарын мынчалык катуу сүйүүсү бизди кубантат, бирок терс иш-аракеттерди кылгандыгы алардын сүйүүсүн жаап, дүйнө жүзүнө мусулмандарды терс жагынан таанытууда. Карикатуралар, албетте исламга сөз тийгизип жатат жана мусулмандар тарабынан кабыл алынбайт. Бирок мусулмандар дүйнө жүзүндөгү башка терс көрүнүштөргө каршы да пикирин билдирүүсү керек. Кээ бир мусулман өлкөлөрүндө 8-9 жаштарындагы кыздарды күйөөгө берип жатышат. Мусулмандар эмнеге буга каршы чыгышпайт? Эмнеге топтолуп мындай нерселерге каршы үн чыгарышпайт да, кайдагы бир провокацияга алданып жатышат?! Бул провокацияны кылгандардын күткөнү да ушул нерсе. Пайгамбарыбыз тирүү болгондо мындай иштерибизди жактырмак эмес деп ойлойм.

"Азаттык": Аталган журнал кайрадан эле тиражын көбөйтүп чыга баштады. Бул эмнени көрсөтөт?

Азиз Ташболотов: Бул - биз токтобойбуз, бул мазактоону улантабыз дегенди түшүндүрөт. Мусулмандар бул журналга кийинки санынын биринчи бетин актай калтырууну сунушташкан эле. Башкача айтканда, мындан ары жаңы барак ачалы, келишели деген мааниде айтышкан. Бирок журналда кайра эле пайгамбарга карикатура чыгарылды. Анын үстүнө бул окуяны журналды таанытуу, пиар үчүн да колдонушту.

"Шарли Эбдонун" жаңы саны Францияда абдан тездик менен сатылып кетти. Париж, 14-январь, 2015-жыл.

"Шарли Эбдонун" жаңы саны Францияда абдан тездик менен сатылып кетти. Париж, 14-январь, 2015-жыл.

"Азаттык": Кандайды бир чагымчыл материал массалык маалымат каражаттарына чыгаар замат эле мусулмандар ал провокацияга алдырып жиберип жатышкандай. Өзү кандайдыр бир маалыматка жооп бериш үчүн ал маалыматтын чындыгын такташ керек го дейм.

Али Жусубалиев: Маалыматты тактоо Алла таала жана пайгамбар тарабынан да сунушталат. Кээ бирлер адамдардын мамилесин бузуш үчүн, бир диндин өкүлүн башка диндин өкүлү менен араздаштыруу үчүн да атайын жалган маалыматтар таратышы мүмкүн. Бул учурда мусулмандар сабырдуу болушу керек. Бир маалыматты тактап, анан чечим кабыл алууну үйрөнүшүбүз керек. Ачууга алдыруу көпчүлүк учурда адамга зыян алып келип койот.

"Азаттык": Журналга ошол карикатуралардын жарыяланышы, анын артынан террористик иш-аракеттин жасалышы мусулмандарга кандай зыян алып келди?

Али Жусубалиев: Бул окуянын айынан мусулмандар эки ача пикирде экенин айтууга болот. Террористтик ишти колдогондор бар. Аны айыптагандар да бар. Бул маселе да акырындык менен чечилет го деп ойлойм. Бул карикатурадан кийин Европада Мухаммед пайгамбарга кызыгуу да пайда болушу мүмкүн.

Азиз Ташболотов: Биз мындай провокацияларга каршы акыл-эстүүлүк, сабырдуулук менен мамиле кылышыбыз керек. Али мырза айткандай, балким чындап эле ушул карикатуралар батышта исламга болгон кызыгууну пайда кылаар.

2005-жылы Данияда да ушундай карикатура маселеси талкууланган мезгилде элдин исламга болгон кызыгуусу күчөгөн. Албетте бул окуянын арты исламга терс таасирин тийгизди, дагы да тийгизүүдө. Бирок биз жогоруда сөз кылгандай, жаман иштерге барбашыбыз керек. Күч колдонуунун ордуна диалог, илимий талкуу уюштуруу аркылуу бул маселени чечишибиз керек. Башка диндердин өкүлдөрүнүн колдоосун алышыбыз керек.

  • 16x9 Image

    Маметбек Мырзабаев

    "Азаттык" менен кызматташкан авторлордун бири. Ислам изилдөө илимий институтунун директору, дин социологиясынын доктору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG