Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:37

НАСА космос станциясына жашылча эгет


Жер жана Жерге окшош "Кэпплер 452б" деген ат менен белгилүү планета.
Жер жана Жерге окшош "Кэпплер 452б" деген ат менен белгилүү планета.

НАСАнын маалыматы боюнча космосто биринчи жолу атайын шартта өстүрүлгөн латук жалбырактары бышты.

Учурда 44-космостук экспедицияда жүргөн америкалык, орусиялык жана жапондук учкучтар биринчи жолу космостогу станцияда өскөн латук жалбырактарын жеп көрүштү.

Космонавттардын айтуусунда, латук жалбырагынын даамы чарбакта бышкандан эч айырмасы жок болгон.

Бул эксперимент, "Вэг" деп аталган долбоордун алкагында жүргүзүлгөн, алгач латуктун уругу сууга чыланып, бир канча убакыттан кийин өнүп чыккан. Ушундан кийин аны жерге алып келишип, атайын лабораториядан текшерүүдөн өткөрүшкөн. Андан соң космостогу станцияга жеткирилген жашылча бир ай ичинде бышып, жетилген.

НАСА эксперттери латук жалбырагын эксперимент үчүн оңой өсүп, көп энергия талап кылбаганынан улам тандап алган.

Жалбырак, атайын шартта кызыл, көк жана жашыл жарык чыгаруучу аппараттардын жардамы менен бышкан.

Адистердин айтымында, келечекте аталган долбоор алкагында космосто дагы башка мөмө-жемиштер өстүрүлөт. Анткени, учкучтарды тамак-аш менен камсыз кылуу маселеси кыйла жеңилдеп, алар көбүрөөк убакытка экспедицияда жүргөнгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Жерге окшош дагы бир планета

Ал эми ааламда дагы бир жерге окшош планета табылганы белгилүү болду.

НАСАнын "Кэпплер" аттуу аалам изилдөө саякатында көлөмү жана түзүлүшү боюнча жерге окшош жаңы планета табылган.

Окумуштуулар ага "Кэпплер 452б" деген ат ыйгарышты. Кэпплер планетасы өзүнчө орбитада күн сыяктуу бир жылдызды айланып турары белгилүү болду.

Бул жер сыяктуу планетанын айлануу убактысы 385 күндү түзөт жана өзүнүн орбитасындагы күндөн жер сыяктуу аралыкта жайгашкан.

Илимпоздордун айтымында, бул табылга, биздин күн системасынан башка дагы жер менен күн сыяктуу планеталар бар экенин далилдеп турат.

Мындан жыйырма жыл мурда НАСАнын астында башка күн системалары бар экени аныкталган жана аны изилдөө үчүн атайын долбоор иштеп баштаган.

Адамды ээрчиген WI-FI пайда болду

Лондондук окумуштуулар wi-fi интернет толкундарынын адамды ээрчий турган түрүн иштеп чыгышты.

Зымсыз интернетти кабыл ала турган смартфон же башка гаджети бар адамдын ордунан жылганына жараша, атайын аппарат аркылуу wi-fi толкундарынын изи менен адамдын турган жерин аныктап алса болот.

Бул жаңы технология дубалдын ары жагында турган смартфону бар адамды wi-fi толкундарын анализдөө менен билип алганга жөндөмдүү.

Маалыматтарга ылайык, бул технологияны АКШнын атайын кызматтары колдонуп көрүүнү көздөөдө. Анткени, адамды ээрчиген wi-fi толкундары террорист же кылмышкердин кыймылын ээрчип, турган жерин аныктап бере алат.

XS
SM
MD
LG