Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:55

Жапондор айга лифт менен чыккысы келет


Космостон тартылган сүрөт
Космостон тартылган сүрөт

Окумуштуулар жерден космоско лифт менен чыгуу жолдорун изилдеп жатканы белгилүү болду.

Жапониянын “Обаяши” аттуу курулуш компаниясы 2050-жылга чейин жерден асманды көздөй лифт же капсула ташыган зым тартууну пландаштырып жатканы кабарланууда.

Жапондордун бул идеясын АКШ жана Европанын кээ бир окумуштуулары колдоп чыкты. Алардын айтымында, курулушту алмаздын нано карбон элементтери ишке ашырганга жардам берет.

Жер шары менен чексиз мейкиндикти туташтырган лифт же капсула ташуучу зым жерден космостун төмөнкү орбитасына чейин тартылмакчы.

2010-жылы бир канча астрономия жана космос ааламын изилдеген дүйнөлүк уюмдар менен окумуштуулар Эл аралык космос лифт консорциумун түзгөн.

Консорциумдун мүчөлөрү жылына бир жолу чогулуп, космос орбитасына чыгуунун жолун талкуулап, бул жааттагы жаңы табылгалардын ачылышын кылып келет. Алардын айтымында, келечекте айга же күн системасындагы планеталарга лифт аркылуу барып келүү мүмкүнчүлүгү пайда болот.

Космос мейкиндигине чыгуунун жаңы жолу азыркы колдонулуп жаткан ракеталарга караганда каражатты аз талап кылат жана айлана-чөйрөгө зыяны жок.

АКШнын Техас университетинин профессору Рэй Баугман бул маселе боюнча мындай пикирде:

- Бул келечектин кыялы бирок, бул ишке аша турган кыял деп айтсак болот. Бул иш-чарада айкын эмес жактары көп, деген менен илимде жана технологияда мындай сөз бар “эч качан “эч качан” деп айтпа”.

Алмаз нано тюбиктер

Асманды көздөй лифт куруу долбоорун ишке ашырууда зым жеңил, бышык жана бирин-бирине улаганга жарамдуу материалдан жасалышы керек.

Акыркы жылдары космос менен жерди зым аркылуу туташтыруу идеясынын колдоочулары алмаз карбон нано тюбиктерин ойлоп тапканы белгилүү болду. Алар бул нано тюбиктер болоттон бир канча эсе бышык, жогоруда айтылган талаптын баарына жооп берет деп ишендирүүдө.

Деген менен бул тюбиктер өтө узун эмес жана арканга окшоп эшилбейт. Учурда бул материалды ойлоп тапкан илимпоздор анын сапатын жакшыртып жана ийкемдүү кылуу маселесинин үстүндө иштөөдө.

Окумуштуулар бышык материал табылса, жер менен космосту туташтырган зымды жасоо кыйын деле эместигине ишендирүүдө. Ал жоон зымдын бир учу жердин экваторуна жакын, экинчи учу космостогу спутник станцияларына же астероиддерге бекитилет дешет.

Андан сырткары зым аркылуу жүрүүчү лифт же капсула жерден лазер менен башкарылып, атмосферанын өйдөңкү катмарларына жеткенде күндүн энергиясы менен иштейт.

Эксперттердин айтымында, космоско лифт менен чыгуу идеясын жүзөгө ашыруу үчүн илипоздор дагы көп изилдөөлөрдү жүргүзүп, жаңы ойлонуп табылган материалдардын бышыктыгын бир канча жолу сынап көрүүсү керек. Андыктан бул иш-чараны аягына чыгарууга дагы ондогон жылдар талап кылынары талашсыз.

XS
SM
MD
LG