Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:39

Жон Керри Парижде коопсуздукту талкуулайт


Париждеги жөөт мектептердин бири. 12-январь 2015-жыл
Париждеги жөөт мектептердин бири. 12-январь 2015-жыл

Францияда беш миңдей полициячы жана коопсуздук аскерлери жөөттөрдүн мектептерин кайтарышмакчы. Ал тапта ушул жумада АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керринин Парижге бараары кабарланды.

Өткөн жумада үч күн катары менен болгон кол салуулар коопсуздук чараларын күчөтүү керектигин көргөздү.

Ушу тапта Индияда сапарда жүргөн Жон Керри француз баш калаасына 15-январда барат деп күтүлүүдө. Ак үйдүн чабарманы Вашингтондун эски өнөктөшүнө тилектештигин билдирмекчи.

Обама администрациясы Париждеги биримдик жүрүшүнө жогорку расмий өкүлүн жөнөткөн жок деген сынга кабылган.

Жон Керри Индиядагы пресс-конференцияда, 12-январь 2015-жыл
Жон Керри Индиядагы пресс-конференцияда, 12-январь 2015-жыл

- ​Франция менен мамилелер бир күндүн же бир конкреттүү учурдун маселеси эмес. Бизди сөз эркиндиги баш болгон орток баалуулуктарга негизделген узак мөөнөттүү алакалар байланыштырат. Президент жана администрация Федералдык чалгындоо бюросунун карамагына кирген маселелер, чек араларды бекемдөө боюнча Франция менен тыгыз кызматташып жатат. Мындан ары да керектүү жардам берүүнү уланта бермекчибиз, - деди Керри.

Жекшемби күнкү демонстрацияга 40тан ашуун өлкөнүн лидерлери, анын ичинде Британия, Испания, Германия, Түркия, Италиянын премьер-министрлери, Украинанын, Малинин президенттери, Иорданиянын падышасы, Израилдин өкмөт башчысы жана Палестинанын жетекчиси катышып, 17 кишининин өмүрүн алып кеткен теракттарды айыпташты.

АКШнын башкы прокурору Эрик Холдер 18-февралда Вашингтондо экстремизге каршы күрөшүү боюнча саммит уюштурулаарын айтты. Бул тууралуу Холдер 11-январда Париждеги демонстрациянын алдында Европа өлкөлөрүнүн ички мекемелеринин жетекчилери менен бирге өткөн жолугушууда билдирди.

Франциянын ички иштер министри Бернар Казнөвдүн демилгеси менен өткөрүлгөн жыйында Европа биримдигинин сырткы чек араларын бекемдөө, аба жүргүнчүлөрү тууралуу маалымат бөлүшүү керектиги тууралуу айтылды. Европа парламенти жарандардын жеке турмушун коргоо маселесин жүйө келтирип, маалымат банкын түзүү боюнча тийиштүү жобонун кабыл алынышын кечеңдетип келатат.

Казнөв терроризм коркунучуна туруштук берүү үчүн азыркы документтер жетиштүү болбой жатканын белгилеп, Европа биримдигинин ички иштер жана юстиция өкүлдөрү бирдиктүү чараларды координациялоо маселесин атайын жыйында талкуулашаарын айтты. Айрым маалыматтарга караганда, сөз болгон жолугушуу ушул жума күнү Брюсселде өтмөкчү.

Амеди Кулибали тартылган делген видео
Амеди Кулибали тартылган делген видео

Ал тапта “Шарли Эбдо” журналына болгон чабуулдун эртеси, 8-январда полициячыны, кийинки күнү жөөттөрдүн дүкөнүндө төрт кишини атып өлтүргөн Амеди Кулибали жаздырган видео жарык көрдү. Анда “Ислам мамлекети” уюмунун желегинин фонунда кайрылуу жасаган Кулибали журналдын редакциясына жана жөөттөрдүн кошер дүкөнүнө чабуулдар Куаши бир туугандар менен координацияланып уюштурулганын айтат. Ал адегенде француз тилинде сүйлөп, кийин чала арабча “Ислам мамлекетинин” башчысына лоялдуулугун билдирген.

Француз полициясынын антитеррордук бөлүмүндөгү булактар ал тасмада Кулибали тартылганынан күмөн жок дешет.

Ага чейин, жума күнү полициянын курчоосуна алынган Куаши бир туугандарынын бири Шериф Франциянын БФМ телеканалы менен байланышып, бул ишке Йемендиги “Ал-Каида” тарабынан жөнөтүлгөнүн, уюмдун идеологиялык ана башы аталып, 2011-жылы америкалык пилотсуз учактын соккусунан набыт кеткен Анвар Ал Авакинин машыгуусунан өтүп келгенин айтып берген.

Ал эми АКШнын башкы прокурору Холдер Франциядагы чабуулдардын артында “Ал-Каида” турганын далилдеген “ишенимдүү маалымат” жок экенин билдирди.

Эсиңиздерге сала кетсек, соңку чабуулдар үчүн шектелген Кулибали жана ага-ини Куаши коопсуздук күчтөрүнүн операциясы учурунда атып өлтүрүлгөн.

Бүгүнтөн тарта Франциядагы 700дөн ашуун жөөт мектептерин кайтаруу күчөтүлдү. Жөөт жамааты президент Франсуа Олланд менен жолугушууда кошер дүкөнүнө кол салуудан кийин өздөрүн коопсуз сезбей калганын айтышкан.

Жекшембиде Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху Париждеги Синагогада 17 маркумду, биринчи кезекте 4 жөөттү эскерген диний жөрөлгөдө Франциядагы жөөттөргө кайрылып, алардын очогу Израиль жергесинде деп айткан.

Маалыматтарга ылайык, быйыл Израилге 10 миңдей франциялык жөөт көчүп барат деп күтүлүүдө. Былтыр бул сан 7 миң болсо, алдыңкы жылы 3 миң 300дүн айланасында болчу.

XS
SM
MD
LG