Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:01

2011: Араб дүйнөсү тогуз жолдун тоомунда


Каирдин Тахрир аянтындагы нааразылык акция, 2011-жылдын 12-июлу.

Каирдин Тахрир аянтындагы нааразылык акция, 2011-жылдын 12-июлу.

Аяктап бара жаткан 2011-жылдагы козголоңдордон кийин араб дүйнөсү тогуз жолдун тоомунда турат. Тунис, Египет, Ливия, Сирия жана башка өлкөлөрдүн көчөлөрүнө чыккан миңденген демонстранттардын мүдөөлөрү орундалабы? Алардын мүдөөлөрү чын эле демократиялыкпы, же Жакынкы Чыгышта жаңы саясий идеология жаралуудабы? Ушул суроолордон улам алдыдагы жылда да эл аралык коомчулук араб дүйнөсүнө жакындан байкоо салчудай.

2011-жылы өкмөткө каршы толкундоолордун натыйжасында Тунисте, Египетте, Ливияда эски режимдер кулады. Сирия, Йемен жана араб дүйнөсүнүн башка өлкөлөрүндө али уланып жаткан нааразылык акциялар эми 2012-жылга өтүүдө.

Бирок кан төгүү менен коштолгон тополоңдордун баарынын аягы жакшы бүтөт деген ишенимдин жоктугун жана коркунучтун бардыгын эске алганда, египеттик тарыхчы-окумуштуу Халид Фахминин пикиринде, бүгүнкү күнгө карата эң башкы жетишкендик көптөр үчүн ар намысын кайтарып алганы:

Египет, Тахрир аянты, 22-ноябрь, 2011-жыл

Египет, Тахрир аянты, 22-ноябрь, 2011-жыл

- Биз өтө маанилүү бурулуш учурга күбө болуп жатабыз. Биринчи ирет балким 100 жылда, андан да көп убакыт ичинде, аймактын эли, Египеттеги, Сириядагы, Ливиядагы, Йемендеги, Бахрейндеги, Тунистеги түрдүү калк көтөрүлүп, алардын өлкөсү кандайча башкарылып келингенин айтышты.

Көптөгөн аналитиктер 2011-жылдын февралында эски режими кулаган жана Жакынкы Чыгыштын эң калктуу өлкөсү Египетте учурда жүрүп жаткан саясий күрөштү аймак үчүн чечүүчү мааниге ээ деп эсептешет.

Стивен Кук “Египеттеги күрөш: Насерден Тахрир аянтына чейин” деген китептин автору. Ал эң биринчи кезекте өлкөдөгү туруктуулук чечүүчү мааниге ээ экендигин белгилейт:

- Менимче, Египет боюнча коркунуч бул: анын багыты башка жакты көздөй кетип калабы, 2011-жылдын январь-февраль айларында Тахрир аянтында айтылган үмүттөр менен убадалар ойрон болобу деген. Авторитардык саясий системанын жаңы түрү жаралып же туруксуздук, белгисиздик мезгили узарып, ал зордук-зомбулуктар менен аралашып кетсе, Египетке эле эмес, менимче, аймакка талкалоочу таасирин тийгизет.

Египет, Тахрир аянты, 8-февраль, 2011-жыл

Египет, Тахрир аянты, 8-февраль, 2011-жыл

Бирок араб дүйнөсүндөгү, анын ичиндеги жараяндарга чоң үмүт менен карагандар да жок эмес. АКШдагы Тышкы байланыштар кеңешинин иликтөөчүсү Эд Хусеин мындай дейт:

- Менин чоң үмүтүм – Египет биз араб дүйнөсүнөн көргөн траекториянын уландысы. Эркиндик, демократия, боштондук, аймактагы диний азчылыктардын жана башкалардын укуктары үчүн жараян уланууда. Ыңкылаптын духу мына ушулар.

Египеттеги, араб дүйнөсүндөгү ыңкылапчыл маанайдан башка түрдүү белгилерди көргөндөр да бар. Маселен Канададагы Торонто университетинин укук боюнча профессору Мухаммед Фадель бул жердеги жана Тунистеги ыңкылаптардан Батыш тибиндеги демократиялык идеалдардын эмес, исламчыл саясий ойдун өнүгүшүн байкаган:

- Ислам модернизми араб дүйнөсүндөгү саясий кырдаалдын орток белгисин көргөзүп турат. Анткени, тилекке каршы, Биринчи жана Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин араб өлкөлөрү номиналдуу гана көз карандысыздык алганда исламдык модернисттик саясий ойдун негизги максатын – авторитаризмге каршы саясатты укуктук жактан бекемдей алган эмес. Мындан улам акыркы 50-60-жыл ичинде араб дүйнөсү саясий ой жүгүртүү жагынан терең сенектик абалында болду. Эгер эволюциялык өңүтүн карасаңыз либералдык мамлекетке жетүүдөгү биринчи шарт абсолюттук башкаруучунун бийлигин чектөө. Бул буга чейин орундалбагандыктан али баштапкы милдет бойдон калууда.

Профессор Мухаммед Фадель өзүнүн жакындагы эмгектеринин биринде, ислам модернисттери саясий жактан башкаларга караганда, динге байланышы жок саясий кыймылдар менен жеңил эле камыр-жумур болуп кете аларын жазат.

Бирок байистүү же либерал исламчылар менен фундаменталист партиялар ортосундагы ажырым саясий коалицияларды түзүүгө келгенде кыйынчылык жаратчудай.

Араб дүйнөсүнүн ыңкылапты эң алгач баштаган өлкөсү – Тунисте бийликтеги байистүү исламчыл партиянын таанымал мүчөсү халифатты, же ислам өлкөсүн калыбына келтирүүгө чакырып, соңку кездеги талашка жем таштады.

Аймактагы акыркы жараяндар байистүү динчилдерге секулярдуу уюмдарга караганда, башка исламчыл топтор саясий жактан көбүрөөк коркунуч туудурарын көргөзүп жаткандай.

Египетте парламенттик шайлоонун ноябрдагы биринчи айлампасында исламда эскичилдер катары саналган салафиттер башында турган “Эл Нур” (Жарык) коалициясы добуштардын бир чейрегин ала алды. Каирлик тарыхчы-окумуштуу Халид Фахми кырдаалды мындайча чечмелейт:

- Биз азыр Египеттин коомунда, саясий сахнасында үч тараптуу бөлүнүүнү байкап жатабыз. Мубарактын режиминин калдыктары, негизинен аскерий чөйрө, ич ара экиге бөлүнгөн исламчылар: Мусулман агаиндер кыймылы менен сахнага жаңы келген салафиттер жана Тахрир аянтындагы адамдар.

Тахрирде белгилүү өзгөрүүнү алып келген адамдарды либералдар, жаштар, солчулардар деп атоого болот. Жогорудагы үч тарап, үч блок бийлик үчүн атаандашууда. Алар бири-бири менен күрөшүү үчүн орток негиз табууга аракеттенип жатат жана бул азыр абдан татаал.


Египеттин Хосни Мубарак бийликтен кулатылгандан кийинки алгачкы парламенттик шайлоосу баскыч-баскыч менен өтүүдө жана Жаңы жылдын март айына барып гана жыйынтыкталат. Дегеле араб дүйнөсүнүн эски режимдерди кулаткан өлкөлөрүнүн бири да өткөөл мезгилди аяктай элек.

Толкундоону баштаган Тунис алгачкы жана баистүү исламчыл “Енахда” партиясы алдыга чыккан шайлоонун артында жаңы Баш мыйзамды даярдоочу утурумдук бийликти гана курады. Эски режимден арылуу узакка созулган Ливияда шайлоо алдыда өтүүсү керек.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG