Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:13

Тарыхтагы ыңкылаптар тууралуу азилдер


“Татаал көйгөй”. 1974-жылкы португал ыңкылабын тарыхтагы ыңкылапчылар таразалоодо. Карикатурачы Жуан Абел Манта. 11.7.1975.
“Татаал көйгөй”. 1974-жылкы португал ыңкылабын тарыхтагы ыңкылапчылар таразалоодо. Карикатурачы Жуан Абел Манта. 11.7.1975.

Дүйнө тарыхы ыңкылаптарга да бай, алар жөнүндө ар кыл анекдотторго да куру эмес.

* * * * *

— Урматтуу профессор, мына, XXI кылымдын башында жашап жатабыз. Айтыңызчы, 1789-жылкы Улуу Франсуз ыңкылабынан соң дүйнөлүк экономикалык өсүштүн ылдамдыгы солгундады бекен, же кантти экен?

— Айланайын студентим, азырынча кандайдыр бир бүтүм чыгарууга азырынча эртелик кылат.

* * * * *

- Туугандар!

- Эмне болду, Салиевич?

- Кардыбыз ачып кетти го. Революция өз жолу менен, а бирок мантуу муздап калбашы керек!

* * * * *

Бир орусиялык экинчисине:

— Президентибиздин айтымында, бизде кыргыз жана арап ыңкылаптарыныкындай сценарийге эч жол жок экен!

— Мен анын сөзүн толук колдойм. Бул ыңкылаптарда негизги шайтандарды кармай албай качырып салып атышпадыбы!

* * * * *

Украинадагы ыңкылап деген эмне? Бул – ажайыптар майданынын аңкоолор өлкөсүнөн жиктелиши.

* * * * *

— Жолдоштор, бүгүн ыңкылап болбой калды!

— Эмне үчү-үн?

— Жолдош Дзержинский балык уулап эс алып кетиптир.

— Тобо, а Дзержинскийи жок ыңкылапты баштаса болбойбу?

— Албетте, болот. Бирок ал "Аврора" кемеси менен балыкка чыгыптыр да...

* * * * *

— Жаным, мен Ак Үйдөн качып чыкканда сага “капчыгыңды даярдап тур” деп айтпадым беле?

— Ошенттим го. Мына, “Ала-Арчадагы” анча-мынча акчамды эле алдым.

— А сен бүтүндөй банктын пулун тикучакка бөктөрүп алыпсың го?

— Эми чүмчүңдөтүп алуу үчүн улам кайра келип отурабызбы!

* * * * *

Ортоңку таптын өкүлдөрү эч кандай ыңкылапка умтулбайбыз деп Өкмөттү ишендирди.

Өкмөт болсо ортоңку тапты “мынай кырдаалда эч реформа деле болбойт” деп ишендирди.

* * * * *

— Балдар, айткылачы, ыңкылапка чейин турмуш кандай эле, азыр кандай болуп калды?

— Мен айтайынчы, - деди Миша. – Ыңкылапка чейин падыша бийлиги “Жоголчу нары!” деп турчу. Азыр болсо “Эртең келиңиз!” деп сылык айтып калышты.

* * * * *

TT.

XS
SM
MD
LG