Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:32

Элчи Жунусов түрк медиасына кат жолдоду


Террор курмандыктары менен коштошуу учуру
Террор курмандыктары менен коштошуу учуру

Жаңы жыл түнүндөгү Стамбул терактына шектүүгө байланышы бар делип дагы 27 адам кармалды. Полициядан маалымат алдык деген түрк медиасы алардын басымдуусу Тажикстан, Өзбекстан же Кыргызстандын жарандары жана кытайлык уйгурлар деп жазып чыгышты. Кыргыз элчилиги бул маалыматты четке какты.

Полициянын операциясы 18-январда Бурса шаарында болгон. Бул тууралуу жазган "Анадолу" мамлекеттик агенттиги жана "Хурриет" гезити кармалгандардын 15и аялдар деди. Ошондой эле адамдар жашаган алты-жети үйдөгү 29 бала да полициянын көзөмөлүнө алынды деп кабар берилет.

Түрк расмийлери бул тууралуу билдирүү тарата элек.

Ал эми буга чейин арасында кыргызстандыктар болгон деген кабарды Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов четке какты:

- Бурсанын полициясы менен ошол замат эле байланыштык. Полиция кармалгандар арасында кыргызстандыктар жок экенин бизге айтты.

Түнкү клубдагы кол салууда 39 адам набыт болгон.
Түнкү клубдагы кол салууда 39 адам набыт болгон.

Бирок ошол тинтүү жүргөн үйлөрдүн биринен кармалгандардын өздөрүнө таандык документтерден тышкары да 40 паспорт, 38 убактылуу күбөлүк жана жаңы 15 уюлдук телефон чыккан.

- Ошонун ичинде бир паспорт Кыргызстандыкы деп атышат. Ал жасалмабы же жасалма эмеспи, азыр териштирип жатабыз, - деди Жунусов.

Стамбулдагы акыркы теракт боюнча түркиялык маалымат каражаттарында ушуну менен үчүнчү жолу Кыргызстанга байланыштуу такталбаган маалымат тарап жатат. Адегенде теракттан үч күндөн соң ага шектелип кыргызстандык кармалды дешкен. Чынында кыргызстандык жигит кармалганы менен күнөөсү жоктугу аныкталып, дароо кое берилген.

Кийин шектүү өзбекстандык Стамбулдун Эсенйурт аймагында кармалганда аны кыргызстандык киши үйүнө калкалап жүрүптүр деген да маалымат тарады. Бирок үйдүн ээси Ирактын жараны болуп чыкты.

Ал эми 18-январдагы жаңылыш кабардан кийин түрк маалымат каражаттарына кат жазылганын элчи Ибрагим Жунусов "Азаттыкка" билдирди:

- Жалпысынан ондон ашуун сайтка, ММКларга расмий кат жөнөттүм. "Террорчу кармалган үй кыргызстандык жарандыкы" деген кабарга байланыштуу дагы жаздым. Булардын баарын жокко чыгарып, кечирим сурагыла дедим. Жообун күтүп жатам. Эгер кечирим сурашпаса, ошого жараша сүйлөшөбүз.

Кармалгандардын бири "Рейна" клубуна канабайрам салган адамды канча бир убакыт үйүнө жашырган деп шектелүүдө. Кармалгандардын арасындагы тажикстандык эки жаран Стамбул, Измир жана Бурса шаарларынан үйлөрдү ижарага алып, “Ислам мамлекети” террордук тобуна мүчө болууну каалаган чет өлкөлүктөрдү ошол жерге жайгаштырып турган деп жазды Анадолу агеттиги.

Жаңы жылдын түнүндө Стамбулдагы "Рейна" клубуна кирип барып, 39 адамды атып өлтүрүп, 70тейин жарадар кылган адам 16-январда кармалган.

Ал 34 жаштагы өзбекстандык Абдулкадир Машарипов болуп чыкты. Полиция аны кармалганга чейин бир нече жолу орун которгонун билдирген.

Стамбулдун мэри Васип Шахин 17-январда эле ал шектүүгө жардам берди делип кармалгандардын саны 50гө жеткенин билдирген болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG