Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:45

АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Борбор Азиядагы сапарында саясий кызыкчылыктар менен адам укуктары жаатындагы көйгөйлөрдү айкалыштыра алдыбы?

Клинтондун Тажикстан жана Өзбекстанга жасаган сапары АКШнын Ооганстан боюнча өнөктөштөрдү издөө ниети менен бирге Америка дагы деле адам укуктары жаатында чемпион болуу каалоосун көрсөттү. Бирок бул карама-каршылыкты жоюу канчалык ишке ашты?

Клинтон айымдын Борбор Азиядагы эки өлкөгө жасалган сапарынын расмий темасы АКШ Ооганстан боюнча Борбор Азиядан кызматташтыкты жана колдоо көрсөтүүнү күтөт деп аныкталганы менен, Америка үчүн эки авторитардык лидерге басым жасоо мүмкүнчүлүгү сакталган болчу. Тажик президенти Эмомали Рахмон жана өзбек президенти Ислам Каримов өз өлкөлөрүндө адам укуктарын басмырлаган лидерлер катары дүйнөгө таанымал.
Каримов реформалар тууралуу сүйлөй берет, бирок чыныгы кадамдар эч качан жасалбайт, анткени өлкөнүн ичиндеги кырдаал оор.

Клинтон барган эки өлкө тең "Түндүк түйүнү" деп аталган жолдо жайгашкан. Бул каттам Балтика жана Каспий портторун Ооганстан менен байланыштырып, Кавказ, Орусия, Борбор Азия аркылуу өтөт.

АКШнын аскердик пландоочулары бул багытты 2008-жылы Ооганстанга активдүү каттам керек болуп турганда түзүшкөн. Анда Пакистан аркылуу өткөн каттамдын тагдыры арсар учур эле.

Мамкатчы Хиллари Клинтон баштаган Обама администрациясынын жогорку расмийлеринен турган делегация Ташкен менен Дүйшөмбүгө Азия чөлкөмүндөгү сапарынын аягында келди. Азиялык сапардын көңүл чордонунда Ооганстандагы туруктуулукту жакшыртуу жана коопсуздукту бекемдөө суроолору болду.

АКШнын акыркы аскерлери Ооганстандан 2014-жылы чыгып кетишет.

Көңүл чордонунда Ооганстан

Исламабадда Клинтон АКШ террорчулукка каршы күрөштө толук кызматташтыкты гана кабыл аларын баса белгиледи. Ал эми Пакистанды тышкы иштер министри Хина Раббани Хар такыр башкача ойго ыктап, Пакистан террорчулукка каршы күрөштө өлкөнүн суверенитетине байланышкан кызыкчылыгын эске аларын билдирип, АКШ менен кызматташтыкка эч ким мажбурлай албашын айтты.

Пакистан менен АКШнын ортосундагы мамилелердин чыңалышы Обаманын администрациясынын Тажикстан жана Өзбекстан менен кызматташуусуна себеп болду.

Анжиян, 14-май, 2005-жыл

Анжиян, 14-май, 2005-жыл

Себеби 2004-жылы АКШ Өзбекстанга адам укуктарын тебелеп жатат деген айып менен чектөөлөрдү киргизген эле. Бул чектөөлөр ушул жылдын сентябрь айында Ак үйдүн талабы менен алынып, адам укугун коргоочу топтор чечимди каттуу сындашкан.

Эки өлкөдө тең адам укуктары жаатында абал начар экендигин эске алганда, Клинтон эки лидер менен жолугушууда бул тууралуу кандай формада билдирүү жасады?

22-октябрда Дүйшөмбүдө өткөн маалымат жыйында Клинтон эки өлкөнүн тең өкмөттөрүнүн диний эркиндиктерди басмырлап жакандыгына “кабатыр” экенин айтты.

Делегация мүчөлөрү диний эркиндик маселеси Ислам Каримов менен болгон жолугушууда да көп көтөрүлгөнүн белгилешет.

Бурмаланган маалымат

Клинтондун эки авторитардык лидер менен жолугушуусунан кийин айрым талдоочулар Американын адам укуктарын коргоочу макамын алып жүрүүгө моралдык укугу барбы деген суроону коюшууда.

"Кыскача айтканда жок” дейт Борбор Азия боюнча америкалык серепчи, Колумбия университетинин профессору Александр Кули. Кули белгилегендей, Өзбекстанда дагы деле саясий себептер менен 10 миң адам түрмөдө отурат.

- Өзбекстандан куралдарды тышка сатуу боюнча чектөөлөр алынып салган соң (Тышка курал сатуу долбоору), мамкатчынын орун басары Роберт Блейк "бул Өзбекстанда адам укуктары жаатындагы абал жакшырды дегенди түшүндүрбөйт, бул чечим коопсуздукка гана байланыштуу" деген. Эми болсо Клинтон өз сапары учурунда Өзбекстанды көп суроолор боюнча жылыштар бар деп куттуктап жатат. АКШ тараптын бир туруму жок болуп жатат.

Саясат таануучу Кули кошумчалагандай, Клинтондун “кооптонуулары” өзбек медиасынан кыркылып салынгандыктан, элге Клинтондун ойлору жеткирилген жок.

Тескерисинче, баарында Клинтон Каримовду “Борбор Азияда туруктуулукту жана коопсуздукту сактоодо салымыңыз чоң” деп гана куттуктап жаткандай элес калтырат.

Расмий Ташкендин жүргүзгөн саясаты боюнча Парижде жашаган өзбек эксперти Камолиддин Рабимов президент Каримовдун демократиялык реформалар тууралуу айткандары ар дайым сөз жүзүндө гана каларын белгилейт.

- Каримов реформалар тууралуу сүйлөй берет, бирок чыныгы кадамдар эч качан жасалбайт, анткени өлкөнүн ичиндеги кырдаал оор. Теория жүзүндө жасагысы келсе да жасай албайт. Себеби өзбек бийлиги иш жүзүндөгү демократиядан коркот, бул кадамдар режимди жок кылышы мүмкүн.

Америкалык саясат таануучу Александр Кули өз сөзүн “АКШ турумун жумшартты” деп жыйынтыктады.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG