Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:37

Йемен: тажик медайым туткундан бошотулду


Өткөн жылы Йемендин түндүк-чыгышындагы Мариб шаарында барымтага алынган тажикстандык медайым Гүлрухсор Рофиева 10-февралда бошотулду. Гүлрухсорду 2014-жылы 29-октябрда жумушка бараткан учурда белгисиз адамдар уурдап кетишкен.

“Азаттыктын” тажик кызматы маалымдагандай, 36 жаштагы Гүлрухсор ушул тапта өзү мурда келишимдин негизинде иштеген Йемендин Мариб провинциясындагы аскер госпиталында медициналык текшерүүдөн өтүүдө.

Үч айдан ашуун барымтада отурган аялдын кандай жагдайда бошотулганы тууралуу маалымат айтыла элек.

Гүлрухсор “Азаттыктын” тажик кызматына курган маегинде абалы дурус экенин айтып, туткунда жатканда башынан өткөргөнүн көзүнө жаш алып айтып берди:

Туткундан чыккан Рофиеванын ооруканадагы сүрөтү
Туткундан чыккан Рофиеванын ооруканадагы сүрөтү

- Мени аябай эзишти. Колдорумду, буттарымды чынжырлап коюшту. Эркектер аябай көп сабашты. Кээде тамак, суу бербей, дааратканага барууга да уруксат бербей кыйнаган учурлар болду. Жума сайын мени ар башка жактарга алпарып, шарты жок жайларда камап атышты. Ооруп да калдым. Эч жашагым келбей, өлүмдү эле ойлоп калгам.

Гүлрухсорду барымтага алган жергиликтүү уруулардын биринин өкүлдөрү аны алгач дарыгер деп ойлогон. Мындан улам “сен беш миң доллар айлык алат турбайсыңбы” деп акча талап кылган. Тажик келинден эч кандай акча чыкпасына көзү жеткенден кийин алар аны беш жылдан бери түрмөдө отурган ошол уруунун бир мүчөсү менен айырбаштоону талап кылышкан.

Руфиева Йемен өкмөтү абактагы адамды 9-февралда эркиндикке чыгарган соң гана ал бошотулганын кошумчалады:

- Мага аялдар жакшыраак мамиле жасашты. Мен ыйласам алар кошо ыйлашат. Балдарын көрүп, өз балдарымды эстеп да ыйлачумун. Ал аялдар эч жардам бере албасын, бардыгын эркектер чечерин айтышчу. Мен алардан телефон сурасам, коркуп беришкен жок.

Гүлрухсор Тажикстандын Пенжикент аймагынан алты жыл мурда Йеменге келишимдин негизинде иштегени келген. Ал бүгүн өлкөнүн борбору Санага жеткирилет, андан ары мекенине кайтат. Үйдө аны ата-энеси жана уулдары Суннатулло менен Искандар чыдамсыздык менен күтүп жатышат.

- Мени ишимдин акыркы күнүндө уурдап кетишти. Тажикстанга кетүүгө камданып жаткан элем. 1200 долларга алган билет да колумда эле. Паспортумдун колдонуу мөөнөтү да өтүп бараткан. Йеменде жүргөн алты жылдын ичинде жергиликтүү калктын жаман мамилесине кабылган эмесмин. Эми болду, ата-энемдин, балдарымдын жанында болгум келет. Намаз окуган сайын мекениме кайтып, бирөөнүн жеринде эмес, жок дегенде жакындарымдын жанында өлсөм экен деп тилечүмүн.

Саясий олку-солку болгон Йеменде согушкерлер жана уруулар чет элдиктерди уурдап, барымтага алган учурлар көп кездешет. Алар туткундалган адамдарды абактагы туугандарына алмаштыруу, же дагы кандайдыр бир маселесин чечүү үчүн пайдаланышат.

Акыркы эки жылда бул өлкөдө бир өзбек дарыгери жана Британия, Германия, Болгария жана Польшанын жарандары туткунга түшкөн.

Йеменде согушкерлердин кол салуулары көп болуп турат
Йеменде согушкерлердин кол салуулары көп болуп турат

Учурда Тажикстандын канча жараны Йеменде жүргөнү тууралуу так маалымат жок. Бирок коомдук-саясий абал курчуган 2011-жылы бул өлкөдө медициналык кызматкерлер жана алардын үй-бүлөлөрүн кошкондо 70тен ашуун жаран бар экени айтылган. Буга чейин 54 киши Йеменден Орусияга жеткирилген болчу. Кырдаал турукташкан соңку бир-эки жылда дарыгерлер Йеменге кайта баштаганы байкалган.

Йеменде Кыргызстандан барып иштегендер да бар. Тышкы иштер министрлиги алардын саны 20дан ашарын билдирген. Йемендеги мекендештерибиздин көбү келишим менен жеке жана мамлекеттик ооруканаларда дарыгер болуп иштешет.

Араб жарым аралында жайгашкан Йемен бир нече жылдан бери саясий-социалдык кризистен чыга албай келет. Быйыл январда мусулман шииттердин “Ал-Хути” тобу баш калаа Сананы басып алды. Президент Абдуллах Раббу Мансур Хади жана өкмөт бийликтен кетти. 6-февралда козголоңчулар парламентти таратып, убактылуу өкмөт түзүштү. Мындан соң февраль айынын башында кооптуу абалдан улам АКШ жана Британия элчиликтерин убактылуу жапкан.

XS
SM
MD
LG