Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:18

Жүз жыл мурдагы согуштун туткундары


Австро-венгриялык согуш туткундарына тамак берилүүдө. Скобелев (азыркы Фергана) шаары.
1915-16-жылдар.

Австро-венгриялык согуш туткундарына тамак берилүүдө. Скобелев (азыркы Фергана) шаары. 1915-16-жылдар.

100 жыл илгери 1914-жылы 28-июнда бүгүнкү Босния-Герцеговинанын Сараево шаарында серб улутчулу Австрия монархиясынын мураскери Франц Фердинандды жана аялын атып өлтүрөт. Австро-Венгрия Сербияга согуш ачат. Буга жооп кылып, Сербиянын союздашы Орусия аскерлерин күжүрмөн даярдык абалына келтирет. Германия Орусияга, анан союздашы Францияга согуш ачат.

1914-жылы 28-июнь күнү эрцгерцог Франц Фердинанд түшкөн машине Сараево шаарынын көчөсүндө жаңылыш бурулат. Ал кезде автомобил артка жүргөн эмес. Ошондуктан айдоочу моторду өчүрүп, машинени туура жолго чыгаруу үчүн артка түртө баштайт. Ошол тушта серб улутчулу Гаврило Принцип машинеде отурган Франц Фердинандга жана анын аялы Софи Хотекке удаа-удаа ок атат. Оор жарадар эрцгерцог жантаслим болуп жаткан зайыбына: “София, София, өлбө. Биздин балдарыбыз үчүн жаша!”- деп жалбарат. Австрия монархынын мураскери менен аялынын өлүмү Биринчи дүйнөлүк согуштун билигин тамызат.

Австриялык аалым Петр Фелчтин сөзүнө караганда, монархтын мураскерин өлтүрүү согушту баштоо үчүн шылтоо эле болгон:

- Бул окуя согушту баштоого себеп гана болгон деп айтаар элем. Анткени көптөгөн өлкөлөр иш жүзүндө согушка даяр болчу. Согуштун себеби негизинен атаандаштыкка байланыштуу. Австрия менен Венгрия Балкандагы таасирин арттыруу үчүн, Германия жана Англия океандардагы үстөмдүк үчүн, колониалдык жерлер үчүн атаандашса, Италия Австриянын аймагындагы италиялыктар жашаган жерлерди басып алууну каалаган. Башка да көптөгөн себептер бар. Ушинтип көптөгөн өлкөлөр согушка даяр тургандыктан, эрцгерцогду өлтүрүү Австрияга Сербияга ультиматум жарыялаганга шылтоо болду. Ультиматум согушка алып барары баарына айкын болгон. Бирок эч ким чатак дүйнөлүк согушка айланып кетет деп ойлогон эмес. Баары уруш 19-кылымдагы согуштар сыяктуу узакка созулбайт деп болжошкон. Бирок жаңы техникага байланыштуу ал масштабдуу Биринчи дүйнөлүк согушка айланып кеткен.

1914-жылдын жайында башталган кыяматта Германия, Австрия-Венгрия, Түркия, Болгария бир тарапта, ал эми Франция, Британия, Орусия экинчи жакта турду. Бул согушта Европа өлкөлөрүнөн 60 миллион адам армияга чакырылат. Уруш майданында эле 10 миллиондой аскердин сөөгү калат. 7 миллион адам майып болот.

1914-жылдагы Европанын картасы

1914-жылдагы Европанын картасы

​Балкан славяндары хорваттар, словендер жана Австро-Венгриянын курамындагы сербдер өз боордошу Сербия жана Черногорияга каршы казатка аттанышат. Төрт жылга созулган согушта жалгыз Сербия калкынын төрттөн бирин же 850 миң чамалуу адамын жана байлыгынын жарымын жоготот. Черногория элинин төрттөн бири өлөт.

Ал эми туткунга түшкөндөрдүн эсеби миңдеп эмес, миллиондоп эсептелет. Биринчи дүйнөлүк согушта туткунга түшкөн австриялыктардын дарегин изилдеген Петр Фелчтин айтымында, Орусия империясында 2 миллион австро-венгриялык туткунда болсо, Австро-Венгриянын аймагында 2 миллиондон көп орус аскери туткунда жүргөн. Бүгүнкү Борбор Азия аймагында 200 миңдей туткун болгон дейт тарыхчы:

- Түркстан аймагында жалпы туткундардын 10% чамалуусу кармалган. Австро-венгриялык 200 миңдей туткундун арасында көп эмес сандагы германиялык немистер, түрктөр, болгарлар жана башка союздаш өлкөлөрдүн жарандары болгон. Алар Орто Азияга 1914-1915-жылдары жөнөтүлгөн. Туткундарга ысык климат ылайыктуу, качканга кыйын болот жана тамактандырган жеңил болот деп ойлошкон окшойт. Биринчи дүйнөлүк согуш кезде 200 миң австро-венгриялык туткун Түркстанда болгону азыр унутулган. Австриялыктар туткундар Сибирде болгонун билишет. Бул албетте, Экинчи дүйнөлүк согушка байланыштуу. Анткени, ал кезде да Сибирде өтө көп согуш туткундары кармалган. Австрияга келгенден кийин Биринчи дүйнөлүк согуштун туткундары тарабынан жарыяланган мемуарлардын теңине жакыны Түркстан жөнүндө. Алар үчүн Түркстан экзотика эле. Эл да кызыгып окуган.

Түркстандык туткун австриялыктар, доктор Фелчтин айтымында, мекенине кайтып келгенден кийин 1920-30-жылдары башынан өткөргөндөрү тууралуу немис тилинде ондой эскерүү чыгарышкан.

Орус империясы австро-венгриялык туткундарды бүгүнкү Кыргызстандын да аймагына да жөнөткөн. Алар Исфайрам өрөөнү аркылуу Уч- Дароот-Коргонго чыкчу жана Ош-Гүлчө жолдорун курушат.

Алар Орус падышасы кулап, совет өкмөтү али бекем орной элек 1918-1921-жылдары жан сакташ үчүн түрдүү жумуштарды жасашат.

“Алар сигарет жасоочу ишкана куруп, анын чылымы бүтүн аймакта сатылат",- деп улантты П. Фелч кебин.

- Музыкалык инструменттерге кыл жасоочу, айнек чыгарчу ишканаларды курушат. Түрдүү имараттарды, темир жолдун курулушунда эмгектенишет. Ташкентте жана Самаркандда католик чиркөөсүн алар курган. Музыкадан, чет тилдерден, сүрөт-чиймечиликтен сабак беришет. Борбор Азиядагы биринчи советтик эстеликти Самаркандда веналык скульптор Эдуард Руш жасаган. Ташкенттеги Тарас Шевченконун эстелиги да анын колунан жаралган. Тилекке каршы, ал сакталган эмес. Атүгүл согуш туткундары арасында Нобел сыйлыгынын лауреаты да болгон. Дарыгер-окумуштуу Роберт Бараниге бул абройлуу сыйлык ал Түркмөнстандын азыркы Мерв шаарында туткунда жүргөндө ыйгарылган.

Австро-венгриялык туткундар курган католик чиркөөсү. Ташкент, 1918-1921-ж.

Австро-венгриялык туткундар курган католик чиркөөсү. Ташкент, 1918-1921-ж.

Доктор Петр Фелч интервью берип жатып, кимде ким австриялык туткундар жөнүндө кандайдыр маалымат билсе, “Азаттык” радиосу аркылуу ага кабарлап коюуну да өтүндү.

1914-1918-жылдардагы Биринчи дүйнөлүк согуш төрт империяны кыйратып, коммунисттик революцияны тездеткен. Осмон султандыгына кирген азыркы Түркиядан тыш жерлер Англия, Франциянын протектаратына өтүп, бүгүнкү Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүн түзүүгө макулдук берилет. Доктор Фелчтин айтымында, 100 жыл мурдагы согуш бүгүнкү дүйнөнүн тагдырын аныктайт.

- Жалпысынан согуш 17 миллион адамдын башын жеди. Миллиондогон адамдар майып болду. Эчендеген имараттар жана үйлөр кыйратылды. Мындай эсепсиз чыгымдан башка да килейген төрт империя: Австро-Венгрия, Орусия, Германия жана Осмон султандыгы ыдырап, Европада жаңы мамлекеттер пайда болду. Экинчи дүйнөлүк согуш Биринчи дүйнөлүк согуштун туундусу болду. Себеби, 1914-1918-жылдардагы согуштан кийинки тынчтык келишимдеринин шарттары абдан катаал болгондуктан, ал барып, 20-30-жылдарда нацизмди пайда кылды жана жаңы согушту жаратты. Биринчи дүйнөлүк согуштун башталышы бүтүндөй 20-кылымдын тагдырын мына бүгүнгө чейин аныктады деп айтса болот.

2014-жылдагы Европанын картасы

2014-жылдагы Европанын картасы

Октябрь революциясы Орус империясын алсыратып, Эстония, Финляндия, Литва, Латвия, Польша күнкорсуздук алды. Румыния Орусиядан Бессарабияны же азыркы Молдованы тартып кетти. 1918-жылы жайда Азербайжан, Армения жана Грузия өзүнчө республика болушуп, Орусиядан күнкорсуздугун жарыялашат. Бирок эки жылдан кийин Кызыл армия бул үч өлкөдө большевиктик бийликти орнотот.

Биринчи дүйнөлүк согуштун жүрүшүндө Австро-Венгриянын ордуна Австрия, Венгрия, Чехословакия, Югославия пайда болот. Германия өз территориясынын 13 процентке жакынынан ажырайт. Колониялары жеңген өлкөлөргө өтөт. 100 миңден көп аскер кармоосуна тыюу салынат. Атүгүл Англия, Франция жана башка Антанта өлкөлөрүнө келтирген чыгымы үчүн 30 жыл кун төлөөгө милдеттендирилет. Анын акыркы 70 миллион евросун Германия 2010-жылы 3-октябрда гана төлөп бүттү.

Фотосүрөттөр австриялык тарыхчы доктор Петр Фелчтин архивинен.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG