Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Июнь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:02

Экономика

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соңку учурда бир нече жаңы банк ачылып, ишин баштады. Алардын арасында президент Садыр Жапаровдун жакындарына таандык банктар да бар. Өлкөдөгү банктарга карата Батыштын санкциялары салынып жаткан чакта ачылган банктардын артында кимдер турат жана алар кандай ишмердик жүргүзүшү мүмкүн?

2024-2025-жылдар ичинде Кыргызстанда беш жаңы банк түзүлгөнү кабарланган. Ушул күндөргө карата бешөө тең Улуттук банктан тийиштүү лицензиясын алып бүтүп, транзакциялык операцияларын жүргүзүп башташкан.

Алар "Мурас банк", "Асман банк", Алма Финанс", Кылым банк" жана "Берекет банк". Беш банктын беш башка таржымалы бар. Булардын айрымдарын орус ишкерлери түзсө, кээ бирлери кытайлык ишкерлердин каражатына түзүлгөнү маалым болгон. Жаңы иштеп баштаган банктардын арасында президенттин уулунун үлүшү бар финансылык мекеме да бар. Ар биринин таржымалына өзүнчө токтололу.

Таржымалы талаштуу орусиялыктардын банктары

“Мурас Банк” баалуу кагаздарга инвестиция салуу максаты менен ачылган. Аны түбү орусиялык, кийин кипрдик болуп алган финансист Сергей Ентц түзгөн. Ентцтин Орусиядагы “Держава” деп аталган мурдагы банкы Кипрдеги оффшор менен байланыштуу экени журналисттик иликтөөлөрдө чагылдырылган. “Держава” 2023-24-жылдары АКШнын “кара тизмесине” (SDN-лист) кабылганда банкты башка колдорго өткөрүп берип, өзү Кипрге жер которуп кеткени айтылат.

«Асман Банкты» 2024-жылдын июнь айында өзүн кипрдик катары көрсөткөн, бирок теги орусиялык финансист Михаил Кузовлев негиздеген. Анын жакынкы өтмүшүндө Орусияда “Москва Банкын” жетектегени, “Внешэкономбанк” деп аталган мамлекеттик өнүктүрүү корпорациясынын төрагасынын орун басары жана “Российский капитал” банкынын төрагасы кызматтарын аркалаганы маалым.

Ачык булактардагы маалыматтарга таянсак, Ентц да, Кузовлев да Орусияда банктарды жетектеп турганда миллиарддаган рублдик чуулгандарда аттары аталган жана “кошумча мекени” катары катталган Кипрге ооп кетишкен. Экөөнүн тең ысымдары иликтөөчү журналисттердин эл аралык консорциумунун “Панама документтериндеги” күмөндүү схемаларда кездешет.

“Алма Финанс Банкты” үч кытай ысымдуу жарандар менен Кыргызстанда катталган “Баден Сервис”, “Кыргыз Темир Групп”, “Алма Кредит” микрокредиттик компаниясы биргелешип түзүшкөн. Алардын ичинен “Баден Сервис” менен “Кыргыз Темир Групп” банктын негиздөөчүлөрүнүн бири Лю Вэн Чжунга таандык. “Алма Кредит” компаниясынын да сегиз негиздөөчүсүнүн алтоосун кытайлыктар түзөт.

Финансылык талдоочу Кубан Чороев Кыргызстандын финансылык рыногу бир кыйла либералдуу болгондуктан, кытайлыктар өз долбоорлорун тейлесе, орусиялык банктар санкциялардан буйтоо иш-аракеттерин жүргүзөрүн айтат.

“Көбүнчөсү кайсы мамлекетке ири инвестициялык долбоорлору болсо, ошолорду каржылаш үчүн Кытай өзүнүн банктарын ачат. Албетте, бул жагынан алганда кытайлык банктардын ачылуу табияты ушул нукта турат деп айтсак болот. Ал эми 2022-жылдан кийин Кыргызстан төлөмдөрдү айланып өтүүчү юрисдикцияга айланды, орусиялык компаниялардын саны үч эсеге өсүп, акыркы маалыматтар боюнча 2025-жылы 1800гө жеткен болчу. Албетте, бул Кыргызстандын каалоосу менен жасалган нерсе эмес. Орусиядан келген компаниялар Кыргызстанда мыйзам жол берет экен, алар Кыргызстанда катталып атат. Анан, Орусияда СВИФТ (SWIFT- Society for Worldwide Interbank Financial Telecommunication)жана башка транзакциялар жабылып калган үчүн, албетте көптөгөн компаниялар Кыргызстандын банктары аркылуу транзакциялык операцияларды жасап атат. Эми анын бардыгы эле санкцияларды буйтап өтүп аткан нерсе эмес. Кадимки эле экспорттук, реэкспорттук операциялар болушу мүмкүн”.

Мамлекеттин жана президенттин уулу катышкан банктар

“Кылым Банкты” 2024-жылдын соңунда кыргыз өкмөтү түзгөн. Башында борбордук контрагент жана улуттук депозитарийдин функциясын аткарары, башкача айтканда баалуу кагаздар рыногунда иштей турганы жарыяланган болчу. Бирок, быйыл февралда банктан ал милдеттер алынып салынган. Ашыкча бюрократиядан арылуу саясатынын алкагында Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын функциялары менен кадрдык курамын анын карамагына өткөрүү талкууланган. Бирок, кийин ал чечим натуура экени негизделип, кайра токтоп калышкан.

«Берекет Банкты» президент Жапаровдун кичүү уулу Нурдөөлөт менен мурунку банкир, финансы министри жана депутат Марат Султанов негиздешкен. Садыр Жапаров “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде анын уулу катышкан “Берекет Банк” көбүнчө виртуалдык активдер жана санарип валюталар менен иш алып барарын билдирген.

“Азыр дүйнө жүзү виртуалдык активдерге өтүп жатпайбы. Ушул жылдын май айында дүйнө жүзүнө белгилүү Binance компаниясынын кожоюну Чанпен Чжао бизге келгенде идея берип, биргелешип санарип банк ачуубузду сунуштаган. Мен дароо эле мамлекеттик банк кылалы деген оюмду айткам. Ал болсо мамлекеттик банкка кирүүгө каалоосу болбоду. Ошентип, мамлекеттик банк болсун деген сунушум өтпөгөндөн кийин жеке банк ачууга макул болдук. Марат Султановду мурдагы банкир катары чакырып, уюштуруу иштерин жүргүзүүнү сурандым. Чанпен Чжао менен Марат Абдразакович Нурдөөлөт да кирсин деп суранышты. Ары ойлонуп, бери ойлонуп, анан мамлекеттин бир тыйын тиешеси жок болгондон кийин мейли деп уруксат бердим. Алар менен аралашып, тажрыйба топтой берсин дедим”.

Президент айткан Чанпен Чжао – кытайлык миллиардер, Binance криптобиржасынын ээси. 2025-жылдын майында Садыр Жапаровдун виртуалдык активдер жана блокчейн системасы боюнча коомдук кеңешчиси болуп дайындалган.

"Атаандаштыктын басымы күчөйт, бирок технологиялар өнүгөт"

2021-жылдан тарта Кыргызстанда криптовалюта рыногун өркүндөтүү саясаты активдешкен. Атайын мыйзамдар чыгарылып, мамлекеттик институттар түзүлүүдө жана алтын менен камсыздалган мамлекеттик криптовалюталар чыгарылды (USDKG жана KGST).

Соңку 2-3 жылдан бери Кыргызстанда катталган криптобиржалар аркылуу ондогон миллиард долларлык каражат жүгүрүп жатканы, ал иштерге айрым кыргыз банктары да катышары иликтөөлөрдө айтылып келет. Кызыгы, жүгүртүлгөн ал криптокаражаттардын бир бөлүгү орусиялык олигархтардын мыйзамсыз байлыктарын адалдоого шектелет.

Экономикалык талдоочу Искендер Шаршеев Кыргызстандын финансы рыногу соңку кездери чет элдиктердин кызыгуусун жаратып жатканын айтып, мындай көрүнүштүн тобокелдиги да болорун белгилейт.

"Биздин финансылык, банктык рыногубуз өтө консервативдүү. Биринчиден айтышыбыз керек, Кыргызстанда эмнени гана, кайсы гана ишкананы көрбөйлү - бардыгы банктын жардамы менен өсүп чыгып, бутуна турган. Кыргызстандагы ишкердиктин бутуна турушунда банктар аябай чоң роль ойнойт. Бирок, аябай консервативдүү, ошон үчүн көп учурда криптоактивдер менен да иштегенге үлгүргөндөй жаңы банктар пайда болуп жатат. Жана банктарда акыркы жылдары QR код технологиясы өнүгүп, ошол жерден аябай көп кардарлар санарип төлөмдөргө өтүп атышат. Бир четинен банктарга бул да чоң чакырык, экинчи четинен сонун нерсе. Анткени, кандай ыңгайлуу экенин баарыбыз билип калдык. Бирок, банктардын үстөк пайыздары дагы эле жогору. Албетте, дүйнө жүзү боюнча Union Pay сыяктуу системалар, SWIFT'ке альтернативалар менен иштеш жетишпейт деп эсептейм. Албетте, ошол нерсенин баарына жаңы банктар пайда болсо, бир четинен коркунуч. Жаңы атаандаштар пайда болот, атаандаштар, албетте, өзүнүн басымын кылат. Экинчи четинен, атаандаштыктын эсебинен технологиялар дагы кыйла өнүгүп, атаандаштыкка туруштук берүүчү тарифтик чендер, үстөк пайыздар пайда болуп, элге да жеңил болот".

Санкция тооруган банк системасы

Бул тапта Кыргызстандын банк тармагы олуттуу чакырыктарга туш келип турат. 2025-жылдан бери Кыргызстандын төрт банкы эл аралык санкцияларга кириптер болду. Алардын ичинен “Капитал Банк” толук мамлекеттик, “Керемет Банк” менен “Евразия Сактык Банкы” мамлекеттин катышуусундагы жана “Толубай Банк” жеке банк болуп эсептелет.

2010-жылдан кийин мамлекеттин колуна өткөн “Керемет Банк” бирде Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна, бирде Улуттук банкка, аягында Финансы министрлигине карап отуруп, аягында 75% люксембургдук инвесторго сатылган. Калган 25% өкмөттүн колунда калган.

2012-жылдан бери маркум Чыныбай Турсунбековд жакындарына таандык болгон “Капитал Банк” 2024-жылы УКМКнын кийлигишүүсү аркылуу толугу менен Финансы министрлигинин карамагына алынган. 2025-жылы өкмөт банктар ортосундагы орус рубли менен каражат жүгүртүүнү ушул банк аркылуу жасоо эрежесин киргизген.

“Евразия Сактык Банкынын” таржымалы бир топ чиеленишкен жана чуу менен коштолуп келет. 2024-жылдын башында тарта “Евразия Сактык Банкынын” 49% үлүшүнө Инвестиция боюнча улуттук агенттик ээ, калганы негизинен чет элдик жарандардын колунда.

Аларга Орусиянын санкциялык чараларды буйтоосуна жана согуштук өндүрүшүн колдоого багытталган ишмердиктерге катышуу кинелери коюлган. Муну менен катар, алардын айрымдары орусиялык өнөктөштөрүнүн криптовалютага байланыштуу операцияларына көмөктөшкөн деп шектелген.

Президент Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун трибунасында сөз сүйлөгөндө Батыш өлкөлөрү кыргыз банктарына санкцияны адилетсиз салып жатканын айткан. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев да Бишкек санкциядагы банктардын ишмердигине эл аралык аудит жүргүзүүгө ынтызарлыгын билдирген.

“Ал банктарды биз европалыктарга да, британдыктарга да, америкалыктарга да “дүйнө жүзү боюнча төрт мыкты аудитордук компания бар, биз өзүбүз эле төлөп берели, ошолордун өкүлдөрүн чакыргыла, келип текшерсин, байланышы барбы же жокпу, анан ошондон кийин киргизсеңиздер” деп айтып атабыз. Себеби, алар кээ бир банктарды жапкыла деди, биз аларга айттык, “жаба албайбыз, ал жерде элдин депозиттери бар”, аны жапканда биздин финансылык система такыр эле бузулуп калышы мүмкүн”.

Мамлекеттик банктардын кудуретин күчөтүү аракеттери

Соңку жылдары «Элдик Банктын» уставдык капиталы эң жогорку деңгээлге жеткирилди. Эми ал мамлекеттин стратегиялык өнүгүү милдеттерин каржылоого кирише баштайт. Улуттук маанидеги инфратүзүмдүк, энергетикалык, транспорттук жана социалдык долбоорлорду каржылоого активдүү катышат. Банк «Жогорку Нарын» ГЭС каскадын курууга, транспорттук инфратүзүмдүк өнүктүрүү долбоорлоруна, авиация тармагын өнүктүрүүгө, өлкөнүн билим берүү жана медицина мекемелерин колдоого насыя бөлөт.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан санарип ыкмаларды киргизип, технологияларга, ачык-айкындуулукка, инклюзивдүүлүккө жана ишенимге негизделген заманбап каржылык системаны куруп жатканын белгилейт.

«Мамлекетибиз банк системасынын жаңы этабынын өнүгүүсүнө кадам таштап жатат деп айтсак жаңылышпайбыз. Каржы системасы узак мөөнөттүү инвестициялардын, технологиялык жаңылануунун жана туруктуу өсүштүн булагы болуп калган жаңы экономикалык моделди ырааттуу түрдө түзүп жаткандыгын баса белгилей кетейин. Бүгүнкү күндө санариптик трансформация мамлекеттик саясатыбыздын негизги артыкчылыктарынын бири жана өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн маанилүү фактору болуп саналат».

Уставдык капиталынын көлөмү боюнча “Элдик Банк” менен “Айыл Банк” Кыргызстандагы 26 коммерциялык банктын сап башында турушса, “Керемет Банк” менен “Капитал Банк” топ ондукка кирет. Жаңы түзүлгөн “Кылым Банкты” капиталдаштыруу да активдүү жүрүүдө.

Учурда Кыргызстанда толук мамлекеттик же мамлекеттин катышуусунда иштеген беш коммерциялык банк бар.

Алардын ичинен “Элдик Банк” менен “Айыл Банк” башынан тарта эле толук мамлекеттик болуп түзүлгөн. Соңку жылдары өкмөт аларды капиталдаштырууга ири каражаттарды бөлүп келет. Жыйынтыгында, эки банк тең Кыргызстандын банк рыногундагы эң ири оюнчуларга айланды.

Финансы министри Руслан Суйналиев жакында журналисттер менен жолукканда мамлекеттик банктарды капиталдаштыруу иштери активдүү жүрүп жатканын билдирген.

“Учурда биз мамлекеттик банктарды капиталдаштырып жатабыз. Эмне үчүн? Алардын насыялык портфели көбөйүп, жарандарыбызга жана дыйкандарыбызга жардам бериши үчүн мүмкүнчүлүктөрү болсун дейбиз. Анткени, бизде айыл чарбасы жаатында абдан көп мамлекеттик программаларыбыз бар. Донорлордун пайызсыз насыялары бар, аларды дыйкандарга, ишкерлерге берүүдө бардык банктар менен иштештик. Учурда биз ал банктарды колдогонго аракет кылуудабыз. Алар жарандарыбызга иштеши үчүн чогуу иштешип жатабыз”.

Бул арада Кыргызстанда бош акчанын көлөмү өскөнү байкалууда. Улуттук банктын маалыматына караганда, күндөлүк эсептеги ашыкча акчанын суммасы 157,8 млрд сомго чейин жеткен. Бул мурунку чейректеги көрсөткүчкө караганда 14,1%, бир жыл мурдагыга салыштырмалуу 39,9% көп. Банктардагы ашыкча ликвиддүүлүктүн өсүшү бир жагынан мамлекеттик каражаттын экономикага ашкере көп салынып атышына байланыштуу.

Мындай көрүнүш инфляциялык процесстерге дагы бир басымды жаратат. Мындан улам Улуттук банк валюталык интервенцияларды жасоого мажбур болуп жатат. Акыркы жолу 8-июнда рыноктон 86 млн долларлык сом сатып алды. Ушуну менен быйылкы жарым жылга жетпеген мезгилдеги интервенциянын көлөмү 811,5 млн долларды түздү. Салыштырып көрсөк, 2025-жылы жалпысынан 853 млн доллар саткан болчу.

Финансылык талдоочу Кубан Чороев кыргыз өкмөтүнүн банк тармагына жигердүү киришип, мамлекеттик банктардын кудуретин күчөтүү аракетинин артыкчылыгы менен кошо тобокелдиги да бар экенин айтат.

“Бул банк системасындагы негизги эреже түзүүчүлөр мамлекеттик банктар болуп бараткандыгынан кабар берет. Анан, бул адилеттүү атаандаштыкка тоскоол болобу-болбойбу деген, албетте, суроолорду жаратпай койбойт бүгүнкү күндө. Мындан тышкары, бул тенденцияны эки тарабынан тең караш керек. Мисалы, оң жагы, мамлекеттик банктардын артыкчылыгы – экономикадагы приоритеттүү секторлорду, айыл чарбада, чакан бизнести колдоодо, же экспорттук багыттагы ишканаларды колдоодо жеңилдетилген насыяларды берүү программаларын ишке ашырууда, албетте, мамлекеттик банктар оң таасир берет. Ошол эле убакта берки мамлекеттик эмес банктар өздөрүнүн нишасын жоготуп албайбы деген суроолор туулбай койбойт”.

Өлкөдөгү 26 коммерциялык банктын он бири накта атамекендик банк болуп эсептелет. Калган 15и чет элдик жарандардын катышуусунда түзүлгөн.

Иллюстрациялык сүрөт. Таалайбек Ибраев
Иллюстрациялык сүрөт. Таалайбек Ибраев

Энергетика министри Таалайбек Ибраев кызматтан бошотулду. Президент Садыр Жапаровдун жарлыгында министрдин кызматтан алынышынын себептери көрсөтүлгөн жок. Энергетика министринин милдетин аткаруучу болуп Алтынбек Рысбеков дайындалды.

Соңку 3,5 жылдан ашык министрликти жетектеген Ибраев өкмөттөгү карама-каршылыктуу фигуралардын бири болчу. Ал тармакты башкарып турган жылдар өлкөдө электр тарифтерин көтөрүү, Токтогул ГЭСи баштаган суу сактагычтарда суунун аз топтолгонуна байланыштуу кризистик учур, чакан ГЭСтерди куруунун ылдамдашы менен эсте калды.

Ибраев эмнеден жазды жана эмнеси менен эсте калды?

Таалайбек Ибраевдин кызматтан алынганын 10-июнда президенттин маалымат кызматы билдирди. “Ынтымак Ордо” мындай чечимдин себептерин түшүндүргөн жок. Ибраев азыркы бийликтин тушунда министрлик кызматта узак убакыт иштеген чиновниктердин бири болуп калды. Ал энергетика министри болуп 2022-жылдын октябрь айында дайындалган.

64 жаштагы Ибраев тармакты башкарып турган жылдары өлкөдө энергетикалык кризис орун алып, негизги электр тогун иштетчү Токтогул суу сактагычында суу аз топтолгон учурга туш келди. Былтыр Кыргызстанда электр энергиясын керектөө рекорддук чекке жетип, дээрлик 1 миллиард киловатт-саатка көбөйдү. Буга кошумча Токтогул суу сактагычында суу былтыркыдан 2 млрд куб метрге аз болгону белгилүү болду.

Ибраев өзү өлкөдө “энергетикалык кризис жок” деп кырдаалды четке какканы менен соңку кыш мезгилинде жапырт чектөөлөр болуп, бул бийликтин дарегине нааразылыктарды да жаратты. Тагыраагы, былтыр ноябрда Кыргызстанда калк үчүн электр энергиясынын кубаттуулугуна чектөө киргизилген. Күнүнө эки ирет: эртең мененки жана кечки убактарда бир нече саат бою электр кубатын берүү чектелген. "Акылдуу эсептегичтерде" эртең мененки жана кечки убактарда 5 кВт кубаттуулук 3 кВтка чейин түшүрүлгөн. Мындай шартта өлкөдөгү ири шаарларда кафе-ресторан, коомдук жайлардын жарыктарын өчүрүү боюнча рейддер жүргүзүлүп, бул талкууларга жем таштаган эле.

Буга кошумча Ибраев кызматка келгенден тарта тармакты жөнгө салуу үчүн электр тарифтерин көтөрүү зарылдыгын ачык айтып, аны ишке ашырууга билек түрө киришти. 2030-жылга чейин орто мөөнөттүү тариф боюнча саясат иштелип чыгып, жыл сайын май айында тариф жогорулап турары айтылган. Анын алкагында 2026-жылы 27 тыйын, 2027-жылы 33 тыйын, 2028-жылы 39 тыйын кошулат. 2029-жылы 47 тыйынга жана 2030-жылы 57 тыйынга көбөйөт.

Буга кошумча Таалайбек Ибраев бир катар талаштуу билдирүүлөрү менен да коомчулуктун бүйүрүн кызытып, аны өлкө бийлиги четке каккан учурлары болду.

Анын алгачкысы өлкөдө майнинг фирмаларга электр жарыгын берүүгө байланыштуу чыр болсо, кийинчерээк мүмкүнчүлүгү барларга “Чексиз тариф” киргизүүгө байланыштуу чыкты.

Буга кошумча Таалайбек Ибраев Алексей Ширшов менен жакын байланышы бар деген негизде сынга кабылып, ал үчүн далай жолу актанууга туура келди.

2024-жылы курултайда эксперт Сапар Аргымбаев Ибраевди энергетика тармагында коррупцияга байланыштуу доомат коюлган Алексей Ширшовдун кадры деп күнөөлөгөн. Аргымбаев энергетика тармагындагы соңку чечимдерди, кадамдарды сынга алды.

"Мен курултайда айткан сөзүмдөн тайган жокмун. Мен сыпайы сөз менен алты кылмыш иши козголгон кишини министр кылып коюп жатасыңар деп Ширшовдун маселесин дагы айтканда президенттин деле жообун уккансыңар да. Энергетиканын түбүнө жеткен киши Максим Бакиев алып кетти деген 200 миллион долларын алып келип берер-бербесин Кудай билет. Булар бийликке келгенден бери энергетика тармагына акча жетпей жатат дегенден бери эле тариф эки эсе көбөйдү. Андан деле ашып кетти. Демек, энергетиканын бюджети мурункуга караганда эки эсе көбөйдү. Азыр дагы эми каражат жетпей жатат дегенди шылтоолоп кайра бааны көтөрөбүз деп жатат. Энергетиктердин айлыгын көтөргөн жок, тариф болсо эки эсе өстү, кадрлар кетип жатат. Бул кайсы жакка барып такалат деген суроо туулат. Бир нерсе десең эле, "силер бул бийликке каршы чакырык кылып жатасыңар" дешет. Көп иштерди манипуляция кылып жатып, тескери жагынан чыгарып алдык".

2022-жылы биринчи элдик курултайда да экс-депутат Жылдызкан Жолдошева Ибраевдин аты ошол кезге чейин коррупциялык иштерде аталып келгенине токтолуп, президент Садыр Жапаровго кайрылган.

Таалайбек Ибраев убагында өзү тууралуу дооматтарга байланыштуу "Азаттыкка" комментарий берген. Анда кылмыш жоопкерчилигине тартылбаганын, козголгон иштер кылмыштын курамы болбогонунан улам токтогонун айткан. Жолдошеванын сынын анын жеке таарынычы менен байланыштырган

"Ар бир революциядан кийин жетекчилик кызматта иштеген адамдардын баарына эле иш козголгон. Мен министрдин орун басары болуп кызматка келдим, жетекчилик кызматтарда жүрдүм, аэропортто иштедим. Кызматка барганда УКМКга кат жөнөтөт, ал жактан "иш бар же жок" деп жооп келет. Энергетика мекемелери, аэропорт - стратегиялык объект. УКМКдан ошондой кагаз келгенден кийин гана кызматка коюлат. Эгерде ошондой иштер болсо, мени бул кызматка эч ким жолотпойт эле да. Ал иш курамында кылмыш болбогондон кийин токтоду да. Өмүрүмдүн 30 жылдан ашыгын энергетика тармагына арнадым. Ишимди Турдакун Усубалиевдин тушунда, ошол маалдагы Фрунзе шаарында электр монтаждоочу болуп баштагам. Ошондон бери бардык бийликтин тушунда иштедим, баары менен иштешип келдик. Мен бул тармакта ишимди баштаганда Ширшов столдун астында жөрмөлөп жүргөн бала болчу. Эртең дагы анда Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев менен иштешти деп айтабы? Өзүмдүн кесибим энергетик болсо, мен бул тармактан башка кайда барам? Азыр энергетиктердин эң негизги максаты - элди жылуулук, жарык менен камсыз кылуу, кыштан үшүтпөй чыгаруу. Ушул максат менен ишибизди күнү-түнү алып барып жатабыз".

Таалайбек Ибраев энергетика жаатында кошумча генерация кылуу үчүн жаңы объекттерди куруп, мурдагы станцияларды оңдоодон өткөрүү зарылдыгын айтып келди. Бул жаатта чакан ГЭСтерди курууга маани берилип, өлкө бийлигинин ушул жааттагы тапшырмалары активдүү ишке ашырып келгенин мисалга тартты.

Ал кызматка келгенден кийин 2023-жылы “Азаттыкка” маек куруп, 2026-жылы өлкөдө өндүрүлгөн электр 19 млрд кВт/саатка чыгарууну убада кылган.

Былтыркы жылдын жыйынтыгы менен бул сан 15 миллиард кВт/саатка жеткени айтылган. Бул жагынан министрдин убадасы канчалык аткарылганы белгисиз бойдон калды. Ошентип, азыркы өкмөттөгү карама-каршылыктуу фигуралардын бири саналган Таалайбек Ибраев кызматтан алынды.

Жаңы министр ким?

Таалайбек Ибраевдин ордуна президент энергетика министринин милдетин аткаруучу кылып Алтынбек Рысбековду дайындады.

Жакынкы аралыкта анын талапкерлигин парламентке макулдашуу үчүн киргизилет.

Алтынбек Рысбеков
Алтынбек Рысбеков

48 жаштагы Рысбеков Ала-Бука районунда туулуп-өскөн, Ош мамлекеттик университетин бүтүргөн.

Ал 2000-жылдардын башынан тарта энергетика тармагында иштейт. Эмгек жолун Ош электр тармактар ишканасында баштап, кийин "Улуттук электр тармактар" ишканасында бир топ жыл жетекчилик кызматтарды ээлеген. 2025-жылы энергетика министринин орун басары болуп дайындалган.


Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG