Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:10

Ибраев: Энергетика таңкыстыгы үч-төрт жылда күчөшү ыктымал


Энергетика министри Таалайбек Ибраев.
Энергетика министри Таалайбек Ибраев.

Соңку жылдарда бир жагынан электр кубатын керектөө өсүп, экинчи жагынан дарыяларда суу тартылды. 24-июлдан тартып энергетика тармагына үч жылга өзгөчө кырдаал киргизилди.

Анын чыныгы себептери эмнеде? Токтогул суу сактагычына суу аз келип, ошол эле маалда электр кубатын колдонуу жыл өткөн сайын көбөйүп бараткан шартта 3 млрд кВт/саат таңкыстык кантип жабылат? Кеминдеги майнинг компаниядан канча пайда түштү? Быйыл кышында электр өчөбү? Ушул жана башка суроолорго энергетика министри Таалайбек Ибраев жооп берди.

- Таалай мырза, 24-июлдан тартып энергетика тармагына үч жылга өзгөчө кырдаал киргизилди. Ошол эле маалда жакында "Азаттык" Кеминдеги майнинг компания боюнча иликтөө чыгарды. Президент Садыр Жапаров бул боюнча “Кабар” агенттиги аркылуу комментарий берди. Электр кубаты жетпей жаткан шартта майнинг компанияларга уруксат берүүнүн себеби эмнеде?

- Алгач айтарым – өзгөчө кырдаал электр кубатын кошумча иштеп чыгуу максатында киргизилди. Өзүңүздөргө белгилүү – 2010-жылы "Камбар-Ата-2" ГЭСинин бир агрегаты ишке киргизилген, анын азыркы бергени 90 мегаватт. Негизи ал 120 мегаватт бермек, ошондой жагдайда 13 жылдан бери иштеп келатат. Андан бери чоң ГЭСтердин бири да ишке берилген жок. Себеби – бүгүнкүдөй жоопкерчиликти өзүнө алып, жаңы ГЭСтерди курабыз деген жетекчилер болгон эмес.

Электр кубатынын өз баасын дагы койбой келишти. Эгерде акырындап, инфляцияга жараша тарифти 5, 10, 15 тыйындан кошуп келгенде анын бүгүнкү баасы 1 сом 40 тыйын болмок. Мына биринчи жолу көп жылдардан бери быйыл май айында көтөрүлдү. Буга дагы саясий эрк керек. Башка мамлекеттер менен салыштырсак – дүйнө жүзү боюнча эң арзан электр бизде болушу керек. Атургай Түркмөнстандын эли дагы мурда газ, электрге төлөбөй келген болсо азыр 100 кВт/сааттан ашкандан кийин алар дагы төлөй башташты...

- Таалайбек мырза, тариф боюнча өзүнчө суроом бар эле, азыр майнинг боюнча маалымат берсеңиз...

- Жогорку Кеңеш майнингдердин иштешине жол ачкан мыйзам кабыл алганы белгилүү. Жай мезгилинде Кеминдеги подстанцияда электр кубаттуулугу жетиштүү бар. Майнинг компания ишин жаңы баштаганда 5 мегават алган, азыркы тапта 25 мегаватт алып жатат...

- Ушул жерден тактай турган бир маселе – жогорку чыңалуудагы электр зымдарынан төмөнкү вольттогу электрди алыш үчүн компания жабдууларды өзү койдубу?

- Ооба, биздин 220, 110 киловольттук подстанциядан электр кубатын алыш үчүн майнинг компания 35 киловольттук подстанцияны өз каражатына курду. Бул компания Энергетика министрлигине 480 млн сом төктү. Ал жерде эч кандай уурулук жок. Түшкөн акчага мисалы, Ала-Арча подстанциясына автотрансформатор орноттук. Ошол каражатка бардык РЭСтерге техника, анын ичинде чоң автомашиналарды, тракторлорду сатып алдык. Мен электрге бааны көтөрбөө үчүн ушинтип кошумча акча табууга аргасызмын. Себеби, электрдин азыркы өздүк баасы 2 сом 53 тыйын. Биз аны 90 тыйынга арзан сатып жатабыз – орточо тариф азыр бир сом элүү, бир сом алтымыш тыйындын айланасында...

- Электрдин баасы ошого жетеби кийин?

- Бара-бара жеткиребиз. Ким эле өз товарын өз баасынан арзан саткысы келсин? Мисалы, бул менин колумдагы калемди ким өз наркынан зыян тартып арзан соодалагысы келет? Ошентип жай мезгилинде мүмкүнчүлүк болгондуктан биз ал майнинг компанияга электр сатып, 480 млн сом таптык.

- Жалпысынан канча майнинг компания менен келишим түзгөнсүздөр?

- Кеминдеги бул “Соларкоин” майнинг компаниясынан тышкары "Камбар-Ата-2" ГЭСинен электр кубатын алган "МБТ Строй” майнинг компаниясы. Ушул экөө гана. “Камбар-Ата-2” ГЭСинен толук 120 мегаватт алыш үчүн бизге кошумча 1,5 миллиард сом каражат керек. Инвестор мына ошого акчасын салып жатат, алар эки трансформаторду алмаштырат. “Камбар-Ата-2 ГЭСинин” подстанциясын жаңылайт. Инвесторлор Орусиянын “МБТ строй” компаниясы.

- Таалайбек мырза, сиз эки майнинг компанияны айттыңыз? Дагы кайсы жерде майнинг компаниялар бар сиздер менен келишим түзгөн?

- Башка жок...

- “Кристал” заводунда майнинг компания бар дешет. Андан тышкары Балыкчыда РЭСке туташкан майнинг компания бар деген маалыматтар бар?

- Балыкчыда Рахатбек Рысалиев деген жеке ишкер бар, майнинг компания ошонун чакан ГЭСине туташкан. Эми ал өзүнүн ГЭСи, жеке ишкер катары кимге сатышты өзү билет. Балыкчыдагы бизге караштуу РЭСтен электр кубатын сатып алган майнинг компания жок.

- Жогорку Кеңештин бир депутаты парламент жыйынында "Токтогул ГЭСинин" ичинде дагы майнинг ферма бар деп билдирди эле...

- Бүгүн барып карагыла... Эми “эл оозунда элек жок” деп эле... Жөн эле... Мен дагы бир нерсени айтып коёюн – “Азаттыктын” жанагы материалынан кийин (“Энергокризис: Кеминдеги майнинг ферма кимдики?” – ред.) “Соларкоин” 1-августтан тартып Казакстандын компаниясы менен электрге келишим түзүп жатат. Алар “силер бизди иштетпейт экенсиңер, мамлекетке 40 млн сом кошумча нарк салыгын төлөдүк, 480 млн сомду силерге төлөдүк, 185 млн сомго жабдуу алдык эле” дешти. Буга чейин алар менен кызматташуудан ар бир киловатт саат үчүн 5 сом 4 тыйын алып келсем, эми транзит үчүн 23 тыйын гана алып калам. 480 млн сомдун ордуна эми 17 млн сом гана табам.

- Бул жерде ачыктык жөнүндө гана сөз болуп жатат го...

- Ачыктык жөнүндө сөз болсо ал жерде коррупцияны карай турган кишилер бар. Ноябрдан бери биз менен кызматташып, эсептегичтерге ылайык акчасын төгүп келатат, анан каяктагы коррупция?

- Өчүрүүлөрдүн болгону, моралдык жагдай айтылууда...

- Азыркы өчүрүүлөр боюнча айтайын. Маалымат каражаттарына биз күн сайын маалымат берип жатабыз кайсы аймактарда канча саат электр өчүрүлө турганын. Себеби мен кышка камылганы качан көрүшүм керек? Эсиңиздерде болсо керек – COVIDдин маалында жайында такыр өчүрбөй койдук эле кышы менен электр өчүп чыкты эле го. Былтыр болсо кышында биз бир да өчүргөн жокпуз го. Бир эле мисал – былтыр кышты Өзбекстанда бир эле күндө 1744 авариялык өчүрүүлөр болду. 1744 өчүрүү Ташкентте эле. 64 трансформаторун өрттөп жиберишти. Бизде бир да трансформатор өрттөнгөн жок. Ошон үчүн ал бир сааттык жөнгө салуучу гана өчүрүүлөр болуп жатат. Мен дагы бир ирет айтып коёюн өчүрүүлөр болгон жок. Мисалы, сиз жашаган көчөдө 100 киловаттык трансформатор бар дейли. Суук катуулаганда бир жылыткычтын ордуна экини туташтырасыз. Үчтү кошосуз. Анан бизге маалымат түшөт катуу чыңалууда иштеп жатат деп. Биздин кызматкерлер ал жерге барып, башка фидерге которушат. Ошол маалда гана электр өчөт. Биз азыр ремонт иштерин жасап жатабыз. 1-октябрга карата ал иштер бүтөт. 1-ноябрдан тартып ремонт иштери таптакыр токтойт, анан өчүрүүлөр болбойт. Биз анан кайсы убакта ремонт жумуштарын жүргүзүшүбүз керек?

- Эми өзгөчө кырдаалга келеличи. Жыл сайын 2,5-3 млрд кВт/саат электр кубаты жетпейт. Быйыл ошол таңкыстыкты кантип жабалы деп жатасыздар?

- Тармакка өзгөчө кырдаал киргизүүнүн себебин дагы бир ирет айтайын – бул кошумча электр кубатын иштеп чыгуу жана анын алкагында инвесторлорго тийиштүү шарт түзүү максатын гана көздөйт. Мисалы, чакан ГЭС курам деп келген инвестор мамлекеттик он эки мекемеден уруксат алыш керек экен. Анын айынан эки-үч жылдап чуркап жүргөндөр бар. Айыл чарба министрлигинде, Суу чарба департаментинде, Маданият министрлиги, Транспорт министрлиги, айыл өкмөттөн, Саламаттык сактоо министрлигинен – баарынан жер алууга келгенде инвестор аларга көз каранды. Биз анын баарын борборлоштуруп, бир мекемеден, бирдиктүү терезеден ошол уруксатты дароо алсын деп өзгөчө кырдаал киргизилди.

Биз 2026-жылдын 31-декабрына чейин азыркы 3 млрд кВт/сааттык таңкыстыкты жоюп, электр кубатын экспорттогон мамлекетке айланышыбыз керек. Кыргызстандын 146 млрд кВт/саат өндүрүүгө кубаты жетет, бирок, биз азыр анын 10 пайызын гана чыгарып жатабыз, бул 15 млрд кВт/саат. Айрымдар “энергетика тармагында кризис болуптур” деп жатышат. Жок, андай эмес. Сүйлөшүүлөрдун жыйынтыгында Түркмөнстандан 1 млрд 600 млн кВт/саат электр кубатын алууга келишим түздүк. Казакстан, Орусия менен да келишим түздүк. Мындан тышкары кийинки 2024-жыл үчүн ошол эле Түркмөнстандан 1 млрд 700 млн кВт/саат энергия алууга макулдаштык. Орусия менен 1 млрд кВт/саат электр алууга макулдаштык. Түркмөндөрдүн электрин алып өтүү үчүн Өзбекстан менен сүйлөшүү жүрдү.

- Май айында тариф кымбаттады, өзгөчө кырдаал маалында тариф дагы көтөрүлөбү?

- Өздүк наркы бүгүнкү күндө 2 сом 53 тыйын болду. Бирок биз аны 90 тыйынга арзан - 1 сом 50 тыйын, 1 сом 60 тыйындан сатуудабыз. Ошол себептен мен кошумча акча табышым керек. Инвесторлорду тартып, жанагы майнинг компания менен иштеген бир себебибиз да ушул. Элге электр кубатын өз маалында бериш милдети турат. Мындан тышкары энергетика тармагын техника менен жабдуу да бар.

- Таалайбек мырза, жакшы маанайда айтып жатасыз. Ошондо быйыл кышында электр өчпөйт деп кепилдик берип жатасыз да ээ?

- Биздин милдет электр кубатын үзгүлтүксүз берүү. Анан журналисттер дайыма менден “өчпөйт” деп айта аласызбы деп көп сурашат. “Сиз өчпөйт” деп айтпадыңыз беле дешет. Бул технологиялык процесс. Мисалы, Түркмөнстандан электрди импорттойбуз деп турабыз, алар менен келишимде ошондой пункт бар. Былтыр мисалы, Өзбекстанда 27 градус, Түркмөнстанда 23 градус, Казакстанда 40 градустан ашык суук болуп туруп алды. Коңшулар газдын басымын төмөндөттү, себеби өздөрүнө жетпей калды. Ошондо биздин газ менен үйүн жылыткан жарандарыбыз электрге өттү. Ошол убакта линиялар чыңалып, көтөрө албай калды, биз аларды жөнгө салганга аргасыз болдук...

- Быйыл эми веердик өчүрүүлөр болбойт да ошондо?..

- Андай өчүрүүлөргө алып барбайбыз, андай болбойт.

- Энергетика тармагынын жалпы карызы 137 млрд сомго жеткендиги айтылды эле. Ал карыздын абалы кандай? Анан тармактагы коммерциялык жана техникалык жоготуулар канчага азайды? Коммерциялык жоготуу деген бул эми ачык айтканда уурулук эмеспи?

- 137 млрд сом карызды Каржы министрлиги өз мойнуна алды.

- Ошондо Энергетика министрлигинде карыз жок болуп калдыбы?

- Бизде азыр бир миллиард сомго жакын карыз бар. Ал калктын бизге бересесинен, айрым ишкана-уюмдардын карызынан турат.

- Бул капитализациянын максаты эмнеде болду? Ошондо энергетика тармагынын карызын мамлекет өз мойнуна алдыбы?

- Ооба, мамлекет карызды өз мойнуна алып, аны мамлекет төлөйт. Себеби муну менен өлкөнүн энергетика тармагында жагымдуу инвестициялык аба ырайын түзөлү дедик. Инвестор мисалы, ГЭС курам деп келатса биринчи кезекте мамлекетти изилдейт, анан ошол тармактагы компанияны изилдейт. Жоготуулар боюнча айта турган болсом, коммерциялык жоготуулар бизде жок. Ал эми техникалык жоготуулар быйыл жарым жылда 10,5 пайызды түздү, бул былтыркыга караганда жарым пайызга аз. Бул жоготуу эми физиканын закону. Электр кубаты ГЭСтен чыгат дагы 500 киловольттук линия менен Токтогулдан бери бул Чалдыбарга чейин келет. Ошонун ортосунда жоготуулар болот, бул норма, дүйнөдө деле ушундай.

- Эми чоң долбоорлор туурасында кеп козгосок. “Камбар-Ата-1 ГЭСи” боюнча сурайын дегеним коңшулар – Казакстан, Өзбекстан менен чогуу куруу айтылды эле. Алар акча салдыбы? Же салганы турабы? Долбоордун абалы кандай?

- Азыр даярдык иштери жүрүп жатат. Атамекендик “Нарын ГЭС” компаниясы туннел казып жатат, себеби 146 метр туннел казышыбыз керек, эки көпүрө, жол салынышы керек. Бул максатта бюджеттен 1 млрд 550 млн сом бөлүнгөн. Быйыл бул каражаттын 806 миллионун өздөштүрүшүбүз керек. Жол 1-сентябрга карата бүтөт. Анан подстанция жана жумушчулар шаарчасы быйыл ишке берилет. Мындан тышкары Дүйнөлүк банк 5 млн доллар бөлгөн, анын 2 миллиону грант, 3 миллиону кредит. Кредитти 50 жылга пайызсыз берди, 10 жылдан кийин төлөй баштайбыз. Бул каражат ГЭСтин техникалык-экономикалык негиздемесин (ТЭН) жаңылоого жумшалмакчы. Анткени ал 2014-жылы даярдалган болчу, эми аны азыркы заман талабына жараша ылайыктоо зарыл. Анткени курулуш материалдарынын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы кымбаттады. Мурда ГЭСтин баасы 2,9 млрд доллар деп эсептелген. Азыр болсо, албетте, андан кымбатка турат. Азыр ТЭНди ири төрт компаниянын бирине жаңыртууга бергени турабыз. Антип долбоордун баасы чыккандан кийин анан Казакстан жана Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр предметтүү башталат. Ал эми “Камбар-Ата-2” ГЭСинин экинчи агрегаты боюнча жанагы сөзүмдү уласам – Евразия банкынан 110 млн доллар акча бөлүнгөн. Конкурс өткөрдүк, ага төрт компания катышты. Буюрса, “Камбар-Ата-2” ГЭСинин курулушу дагы башталат. Анткени жыл өткөн сайын калтын саны өсүп, экономика өнүгүп, жаңы ишканалар ачылып, мектеп, бала бакчалар курулуп, электр кубатын пайдалануу күчөп баратат. Муну урматтуу президентибиз туура түшүнүп, жанагы өзгөчө кырдаал режимин киргизип, кошумча энергия иштеп чыгууга багыт алдык. 2026-жылы 19 млрд кВт/саатка чыгабыз, ортодо танкыстык өсө берет...

- Ошол таңкыстыкты эми үч жыл ичинде жоё аласызбы?

- Биз ошого аракет жасап жатабыз. Анткени коңшу мамлекеттер транзиттен 3 млрд кВт/сааттан ашык өткөрүп бере албайт. Андан көп берүү үчүн алар кошумча электр зымдарын курушу керек болот.

- Кытайдын айрым компаниялары менен биргелешип "Казарман ГЭСтер" каскадын куруу планы канчалык реалдуу? Аларды куруу боюнча меморандумга жана инвестициялык келишимге кол коюлду. Алардын шарты кандай? Эмне болгон ал кытай компаниялары?

- Кытайдын компаниялары Казармандагы каскадга төрт ГЭС курууга 2,4-3 млрд доллар инвестиция салууга ниеттенүүдө. Алар: "Ала-Бука ГЭСи" (600 МВт), "Кара-Булуң-1 ГЭСи" (149 МВт), "Кара-Булуң-2" (163 МВт) жана "Тогуз-Торо ГЭСи" (248 МВт). Аларды “Power China Northwest Engineering Corporation Ltd”, “Green Gold Energy” (GGE), “China Railway 20th Bureau Group Co Ltd.” деген компаниялар курмакчы.

- Шарттары кандай?

- Шарттары – алар 12 айда техникалык-экономикалык негиздемесин даярдап бүтөт. Он бешинчи ай дегенде курулуш иштери башталат. Ошентип 2030-жылга чейин 1160 МВт болгон төрт ГЭСти куруп бүтөбүз деп макулдаштык.

- Кыргызстан канча пайызга ээ болот долбоордун? Же чыгарган электрди бөлөсүздөрбү? Же түшкөн акчаны бөлөсүздөрбү?

- Булар электр кубатын чыгарат, биз аны сатып алып, андан ары каалаган жакка сата алабыз. Анын ичинде ички керектөөгө да пайдаланабыз. Кудай буюрса, бул жактан 1160 МВт, “Камбар-Ата-1” ГЭСинен 1860 МВт, бул жактан 4 млрд кВт/саат, “Камбар-Ата-1” ГЭСинен 5 млрд кВт/саат электр, жалпысынан 9 млрд кВт/саат.

- Эми альтенативдүү булактардан энергия алуу боюнча долбоорлор кандай ишке ашууда – ушуга токтолсоңуз?

- Кытайдын China Power деген компаниясы кубаттуулугу 1000 мегаваттык долбоорун Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр айылында баштады. Алар Кеминге чейин 500 киловольттук линия тартып келишет. Булар ишти баштайт. Мындан тышкары 300 мегаваттык дагы бир долбоор бар, анын 100 мегаватын быйыл беребиз деп турушат. Калган эки жүзүн кийинки жылдын апрель-май айыларында ишке киргизет. Андан тышкары дагы бир кытайлык компания Тоң районунан 700 гектар жер алып, 500-1500 мегаваттык чоң долбоор баштап жатат. Сентябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Кытайга иш сапары күтүлүүдө, анын маалында макулдашууга кол коюлмакчы. Мындан тышкары Тогуз-Торо районунда дагы ушундай эле бир долбоор бар.

- Таалайбек мырза, “эл оозунда элек жок” дегендей Ширшов боюнча кеп-сөздөр айтылып калат, ушул долбоорлордо анын коррупциялык элементтери жокпу? Сиздин аны менен мамилеңиз кандай?

- Эгер бизде коррупциялык элементтер болсо эбак эле баарыбызды алып барып камап коймок. Коррупция менен президентибиз баш болуп күрөшүп, керек болсо тууганына карабай камап коюп жатат.

- Ширшов менен кандайсыз? Аны менен чогуу иштегенсизби?

- Убагында энергетика тармагында көп адамдар иштеген. Мен эл менен урушпайм, мен чыр-чатаксыз адаммын. Мага экономикага пайда алып келеби – мен ал жакка барам. Мага үч жыл гана убакыт беришти, Акылбек Үсөнбекович айткандай жети күн 24 саат эмес, сегиз күн 25 саат иштесем дагы менин убактым жетпейт, көп долбоорлор, пландар бар.

- Эми Токтогул суу сактагычынан жай мезгилинде канча суу агызып жатасыздар деген суроо. Азыр жай мезгилинде канча электр кубаты керектелип жатат? Күнүнө 24-28 млн кВт/саат жагып жатабызбы?

- Жок, азыр көлөм 40 млн кВт/саатка жеткен. Ошого жараша Токтогул суу сактагычынан күн сайын 400 куб метр суу агызып, электр алып жатабыз. Муну коңшулар дагы жакшы билет. Анан ар бир ГЭСте видео камералар турат, кайсы жерден канча суу агызылып, канча электр өндүрүлүп жатканы баары ачык көрүнүп турат, жашыра турган эч нерсе жок. Ошентип 1-октябрга карата Токтогулда 12,4 млрд куб суу топтолот деп турабыз. Быйыл кышында кар калың түшүп сүйүнгөнбүз, бирок, жаз суук болуп, суу аз түштү.

- Эми чакан ГЭСтер боюнча маалымат берсеңиз. Таластагы "Бала-Саруу" чакан ГЭСи быйыл ишке киреби? Дагы кайсы долбоорлор быйыл электр берет?

- 25 мегаваттык "Бала-Саруу" чакан ГЭСин декабрь айында энергетиктер күнүнө карата бүтүрөбүз деп турабыз. Анын жабдууларын мен Австрияга барып өз көзүм менен көрүп келдим, баары даяр, алдыңкы тетиктери келе баштады. Мындан тышкары жалпысынан 99,1 мегаваттык чакан ГЭСтер ишке кирет. Алардын катарында "Лейлек", "Күн-Булагы", "Кыштут", "Көк-Арт", "Ысык-Ата", "Кайнама", "Ала-Баш", "Аксы", "Көк-Арт" чакан ГЭСтери бар. Эмдиги жылы 65,3 чакан ГЭС ишке кирет, алардын катарында “Чакан ГЭС” акционердик коомунун да ишканалары бар.

- Сөзүбүздүн аягында “САSA -1000” долбоорун тууралуу сурагым келип турат, ал кандай жүрүп жатат? Дегеле бул долбоор Кыргызстанга керек беле, ал өлкөгө эмне берет?

- Долбоорго төрт мамлекет катышкан – Кыргызстан, Тажикстан, Пакистан жана Ооганстан. Биздин иш 80 пайызга бүттү, бүтө элеги электр линияларын тартышыбыз керек, анан станцияларда жумуштар бар. Кошумча 36 млн доллар керек болуп жаткан, аны Дүйнөлүк банк жана Ислам банкы менен чечтик. Долбоордун алкагында Тажикстан өз ишин 92 пайызга, Пакистан 60 пайызга, Ооганстан өз жумуштарын 30-35 пайызга бүтүргөн. Долбоор негизи 2024-жылы ишке кириши керек деп пландалган. Биз өз милдетибизди так аткарып, ага чейин жумуштарды 100 пайыз бүтөбүз. Бул долбоордун алкагында алган милдеттенмебиз боюнча келишимге ылайык Ооганстан менен Пакистанга электрди 7-8 центтен сатышыбыз керек.

- Маегиңизге ракмат.

  • 16x9 Image

    Кубат Оторбаев

    "Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусунун алып баруучусу жана саясат, экономика, эл аралык алакалар багытында баяндамачы. 

Facebook шеринеси

Тектеш

XS
SM
MD
LG