Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:51

Кеминдеги майнинг ферма, президенттин жообу


2023-жылдын башынан бери Кемин шаарынын жака белинде майнинг ферма иштеп, мамлекеттин электр энергиясына туташып алган.

Энергетика тармагына өзгөчө кырдаал жарыяланып, кышында жарык өчүрүлүп жаткан Кыргызстандагы ири майнинг ферманын ишмердиги суроо жаратпай койбойт. “Азаттык” криптовалюта чыгарган компаниянын ишин, анын энергетика тармагына тиешеси бар таасирдүү кожоюндарын иликтеди.

Миллиондор айланган майнинг ферма

Майнинг ферма Кемин шаарынын жогору жагына, элден обочо жерге салынган. 2,2 гектар жерди ээлеп, контейнерден курулган үч блоктон турат. Техниканы салкындата турган система күрүлдөп иштеп, кулактын кужурун алат. Майнинг ферманы эки метр бийик тосмо, ондогон камералар жана кыргыз милициясы кайтарат. Кеминдиктердин айтымында, майнинг ферма турган жерде мурда балдар лагери болгон, кийин жеке менчикке өтүп кеткен. 2022-жылы жай айларында курулуш башталып, анда жергиликтүү тургундар иштеген.

"Жаңы жылдын алдында иштей баштады. Курулушу 2022-жылы май айында башталган. Кыргыз балдар кайтарат. Кээде эки-үч кытай жүрүп, биздин сарай тарапка чейин басып келет", - дейт фермага жакын жашаган Жолдошбек Далбаев.

Майнинг ферма бекеринен бул жерге курулган эмес. Анткени 600-700 метр аралыкта “Датка Кеминден” келген электр энергиясын бөлүштүргөн “Быстровка” көмөк чордону турат.

Андан жогорку чыңалуудагы электр линиясын тартып келген.

Кеминдеги майнинг ферма "Быстровка" көмөк чордонунан электр энергия алат.
Кеминдеги майнинг ферма "Быстровка" көмөк чордонунан электр энергия алат.

Биз ал жердеги майнинг ферманын, алар туташып алган көмөк чордондун кызматкерлеринен да жооп ала алган жокпуз.

Былтыр кышта жалпы Кыргызстан боюнча, анын ичинен майнинг ферма иштеген Кеминдин өзүндө да свет өчүп турган. Бирок майнинг ферманын иши токтобогонун жергиликтүү тургундар айтышууда. Биз баарлашкан Маанай Алымбеков мындай деди:

"Кемин шаары бир нече районго бөлүнөт. Кышында кезек-кезек менен бир-эки сааттан өчүрүп жатышты. Жер үйдө жашагандарга маселе деле жаралган жок. Бирок кабат үйдө тургандар кыйналып калышты".

Ачыгын айтканда, биз Кеминде майнинг ферма иштеп жатканын укканда, анын масштабын мынчалык элестеткен эмеспиз. Ашып кетсе бир-эки контейнер иштеп жатса керек деп ойлогонбуз. Криптовалюта чыгарган ишкананы көргөндөн кийин, бир нече суроо жаралды. Энергия кризиси жаралган Кыргызстандагы ири майнинг ферманын кожоюндары кимдер? Эң негизгиси, элге жетпей жаткан электр энергия эмнеге бир компанияга берилип жатат? Биз бул суроолорго жооп таптык деп ойлойбуз.

"Соларкоиндин" таасирдүү байланыштары

Еsep.energo сайтында эң ири керектөөчүлөр жөнүндө маалымат чыгып турат. Көзгө дароо эле "Соларкоин" деп аталган компания урунат. Ал тизменин акырында турганы менен, 85 компаниянын ичинен электр энергиясын эң көп колдонгон. Жада калса Таласта алтын казган “Атын-Альянс”, Кара-Балтадагы “Жунда” заводу, Айдаркендеги сымап комбинаты “Соларкоинге” караандаган эмес. Тагырагы, апрель айында “Соларкоин” мамлекеттен 17 млн 99 миң кВт/саат алган. Биз дароо эле Кеминдеги майнинг ферманын ээси ушулар экенин түшүндүк.

"Соларкоин" компаниясына үч жаран ээлик кылат.
"Соларкоин" компаниясына үч жаран ээлик кылат.

Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык, Кемин тарапта майнинг иштеткен “Соларкоин” компаниясына "НБТС КейДжи" фирмасы, Люй Цзиньчэн жана Татьяна Мартынова ээлик кылат. Компаниянын директору катары Айсана Исмаилова көрсөтүлгөн. Биз негиздөөчүлөрдүн, өзгөчө Татьяна Мартынованын өтмүшүн, бизнес байланыштарын изилдеп отуруп, бир-эки кызыктуу фамилияга туш болдук.

Татьяна Мартынова 2013-жылы негизделген “Ай-элемент" компаниясынын директору катары да көрсөтүлгөн. Анын эки негиздөөчүсүнүн бири - Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Фархат Иминов. Ал 2022-жылы 4-ноябрда “Электр станциялар” ачык акционердик коомунун директорлор кеңешине мүчө болуп шайланган. “Электр станциялар” ишканасы Кыргызстанда өндүрүлгөн электр энергиясына жооп берет.

Иминовду Кеминдеги майнинг компания менен байланыштырган дагы бир жагдай бар. Ачык бюджет порталынан “Соларкоин” компаниясынын мамлекетке төккөн каражаттары менен таанышса болот.

Мисалы, 2023-жылы 31-январда Иминов Ф. А. деген жаран жер тилкесине 27 500 сом, кыймылсыз мүлккө 4625 сом салык төккөн. Салык төлөөчүнүн фамилиясы жана инициалдары мурдагы депутат, “Электр станциялар” ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү Иминов Фархат Ажмуханбетовичтикине туура келет. Ушундан улам бул жерде кызыкчылыктар кагылышы болушу толук мүмкүн деп айтууга болот.

Ачык бюджет порталындагы маалымат.
Ачык бюджет порталындагы маалымат.

Кошумчалай кетсек, Татьяна Мартынова - Жогорку Кеңештин VI чакырылышындагы экс-депутаты Жыргалбек Турускулов менен бирге "Метрум КейДжи" компаниясынын тең негиздөөчүсү. Турускулов - учурда "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү.

Жыргалбек Турускулов.
Жыргалбек Турускулов.

"Мен Татьяна Мартынованы жакшы деле тааныбайм. Ал "мен дагы жардам берейин" деп негиздөөчүлөрдүн катарына кошулган. Мен аны бир эле жолу көргөм. Мамилем деле жок, сүйлөшкөн да эмесмин. Ал жерде бир-эки эле киши эмес да. Жети-сегиз негиздөөчү бар", - деди ал.

Татьяна Мартынова жана “Соларкоин” компаниясы менен түз катышы бар Фархат Иминов менен эч байланыша албай койдук. “Азаттык” анын пикирин угууга даяр экенин айта кетели. “Соларкоин” компаниясы Тыныстанов 189 а дарегине катталган. Бирок биз ал жактан майнинг ферманын кеңсесин таба алган жокпуз.

Ал эми “Соларкоин” компаниясынын директору - Айсана Исмаилова аттуу жаран. Ал буга чейин Инвестицияларды илгерилетүү жана Коргоо министрлигинде бөлүм башчы болуп иштеген. Исмаилова телефондон суроолорубузга жооп берүүдөн баш тартып, жолукканда кенен маалымат бере турганын айткан. Бирок ошо менен байланышка чыккан жок.

Министрлик: "Соларкоин" энергияны бизден алат

Министрлер кабинетинин 20-июлдагы жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев соңку жагдайлардан улам бул тармакка үч жылга өзгөчө кырдаал режимин киргизүүнү сунуштаган. Ибраев бул чечим жөнөкөй керектөөчүлөргө таасир этпей турганына басым жасаган. Энергетикада жагдай чынында эле жакшы эмес. Токтогул суу сактагычында суу азайып, кыргыз өкмөтү күз-кыш мезгилинде 3,5 миллиард кВт/саат электр энергиясын Орусия менен Түркмөнстандан сатып алганы турат.

Кеминдеги майнинг ферманын үстүнөн көрүнүшү. Cүрөт 22-июлда тартылган.
Кеминдеги майнинг ферманын үстүнөн көрүнүшү. Cүрөт 22-июлда тартылган.

“Кыргызстандын улуттук электр тармактары” ишканасынын перспективалык өнүгүү тобунун кызматкери Гүлжигит Мурзакаримов 24-июлда "Азаттыкка" мындай деди:

"Ооба, Кеминде майнинг ферма бар. Алар "Электр станциялар" мамлекеттик ишканасы менен келишим түзгөн. Биз ошол электр энергияны жеткирип турабыз. Кыргызстандын жалпы тармагына кошулган. Алар дагы чоңойгону жатышат. Чоңоёбуз дешсе, анда импорт болот. Бизден 30 МВт алышат. Быйыл башталды. Так датасын айта албайм".

“Соларкоин” менен түзүлгөн келишимге ылайык, алар мамлекет өндүргөн энергиядан 30 МВт алат жана келечекте дагы кеңейиши мүмкүн.

Салыштырмалуу айта турган болсок, Нарын облусундагы керектөөнүн 30 пайызын электр энергия менен камсыздаган Ат-Башы ГЭСинин кубаттуулугу 40-45 МВт.

Тагыраагы, майнерлер алган 30 МВт толук бир райондун муктаждыгын жаап, чакан шаарды да электр менен камсыздай алат. Кыргызстанда майнерлер көбөйө баштаган 2019-жылы Улуттук энергохолдинг №56-б буйругу менен майнинг фермаларга электр энергиясын жалпы тармактан алууга тыюу салган. Бирок Гүлжигит Мурзакаримов буйрукка өзгөртүүлөр киргизилгенин билдирди.

"Сиздер айтып аткан №54 п деген буйруктун ордуна №104 п деген буйрук бар. Ага ылайык, майнинг ферма электр энергияны импорт кылып алып келсе, өзү иштеп чыкса, бизде техникалык мүмкүнчүлүк болсо, анда электр энергия берсе болот".

Бирок Кыргызстандын электр тармагынын техникалык мүмкүнчүлүгү боюнча маселе бар. Анткени былтыр кышта жер-жерлерде жарык өчүп, электр энергияны сырттан сатып алууга туура келген. Ал эми "Соларкоин" компаниясы 2022-жылдын декабрь айынан бери иштеп, криптовалюта чыгарып келет. Буга Ачык бюджет порталындагы маалыматтар далил боло алат.

"Соларкоин" 2023-жылы 19-январда декабрь айы үчүн 2 524 912 салык төлөгөн.
"Соларкоин" 2023-жылы 19-январда декабрь айы үчүн 2 524 912 салык төлөгөн.

Жогорудагы сүрөттөн улам "Соларкоин" компаниясы 2022-жылы декабрь айынан тарта иштей баштаганын түшүнсө болот. Мындан тышкары кыш кычырап турган январь, февраль айы үчүн да салык төккөн.

Иликтөөгө президенттин жообу

Президент Садыр Жапаров “Азаттыктын” Чүйдүн Кемин шаарынын жогору жагындагы майнинг ферманын ишмердиги боюнча журналисттик иликтөөсүнө комментарий берди.

Мамлекет башчы “Кабар” агенттиги менен болгон кыскача маегинде майнинг ферма чын эле иштеп жатканын ырастады. Президент Жапаров майнинг фермага мамлекет электр жарыгын эң кымбат баа менен 1 кВт/с 5 сом 4 тыйындан сатып жатканын айтты.

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

“Себеби Кемин подстанциясынын күч-кубаты жетет. Экинчиден, жайдын күнү бизде электр энергиясы толук жетиштүү. Атүгүл ашып калат. Эч бир жакка сата албайбыз. Ошондуктан энергетика системасына пайда түшсүн деп, басымды көтөрө алуучу участокторго уруксат берип жатабыз. Эгер кыштын күнү кыйынчылык келе турган болсо, үч ай токтотуп коёбуз. Калган тогуз ай бою иштей берсин. Энергетика системасына, салык инспекциясына миллиондогон сом таза кирешелерди берет. Мисалы, ушул эле Кеминдеги майнинг ферма алты ай ичинде 480 миллион сом энергетиктерге, 225 миллион сом салыкка төлөп берди. Бул акчанын баары мамлекеттин, ошол эле элдин пайдасына түштү. Эми бул компания жергиликтүү салык инспекциясына катталды. Мындан ары салыктарды жергиликтүү бюджетке төлөйт. Албетте, райондо жылыштар пайда болот”.

Садыр Жапаров Камбар-Ата 2 ГЭСинде да майнинг фермага иштөөгө уруксат берилип жатканын билдирип, аны мындайча түшүндүрдү.

“ГЭС 2010-жылы ишке кирген. 120 МВт иштеп чыгууда. Мунун 90 МВтын гана сыртка алып чыга алабыз. Анткени өткөрүү мүмкүнчүлүгү 90 МВт гана экен. 13 жылдан бери калган 30 МВты абага сиңип кетип жүрүптүр. 6 миллиард 816 миллион кВт саат энергиядан куржалак калыптырбыз. Акчалай санап көргөнүбүздө, 3 миллиард 275 миллион сом жоготууга учураптырбыз. Бул үчүн буга чейинки шалаакы жетекчилердин баарын жоопко тартса болот. Эмне үчүн 13 жылдан бери 30 МВттан коромжу болуп жатса, көңүл бурушкан эмес? Биз ошол жерге (Камбар-Ата ГЭСинин ичине) 30 МВт чейинки майнинг ферма койгонго уруксат бердик. Ал майнингди курууга эле 20 миллион доллардын тегерегинде акча кетет. Инвестор салат. Майнинг ферма ишке кирсе, мындан ары жоготуу болбойт”.

Иликтөөдө бул ферма 1 кВт электр жарыгын 5 сом 4 тыйындан сатып алып жатканы айтылган. “Азаттык” кенен маалымат алуу үчүн энергетика министри Таалайбек Ибраевге эки күн катары менен чалып, байланыша алган эмес. Анын орун басары Таалайбек Байгазиев убактысы жок экенин айткан. “Соларкоиндин” директору Айсана Исмаилова суроолорго жооп берерин айтып, бирок кайра телефонун алган эмес.

Өзгөчө кырдаал режими

Эгер Кыргызстанда энергетика тармагында өзгөчө кырдаал режими жарыяланбай, өлкөдө өндүрүлгөн электр энергиясы калкка жетип, андан ашканы майнинг фермаларга сатылса, анда “Соларкоин” менен болгон келишим логикага сыят эле. Негизи, Кыргызстандын мыйзамдарында майнинг компаниялар атайын тариф менен 5,4 сомдон электр энергиясын сатып алса болот. Бирок Кыргызстандын энерго системасы кезектеги кризисти башынан кечирүүдө. Баарынан үнөмдөйлү деген чакырык айтылууда. Келаткан күз-кыш мезгилинде энергияны сырттан сатып алына турган болду. Бирок ошол эле учурда Кеминдеги майнинг ферма иштеп жатат.

Энергетика боюнча эксперт Эрнест Карыбеков мындай деди:

Эрнест Карыбеков.
Эрнест Карыбеков.

"Электр энергия элге жетпей жатат. Мына азыр ишкерлер ишкана кургусу келсе, ага электр энергия жок деп уруксат бербей коюшат. Зыян алып келип жатышабы? Ошол эле учурда бирөөлөрдүн байышына уруксат берип жатышат. Азыр үч фазага уруксат берген эмес, мындан тышкары чектөө бар. Демек бирөөнүн бизнесин элдин эсебинен жасап жатышат. Бул жөнөкөй эле логика да. Муну бийлик жакшылап караш керек. Анткени эртеңки күнү сызга отуруп калабыз".

Кыргызстандагы энергиянын негизги булагы саналган "Токтогулдагы" суунун көлөмү азыркы тапта 10, 6 млрд куб метрге жетти. Бул соңку үч жылдан берки эң төмөнкү көрсөткүч. Мындай темп менен жылытуу сезону башталган 1-октябрга болжолу 12,4 миллиард куб метр суу менен киргени жатабыз. Бул санды министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев айткан. Негизи, күз-кыш мезгилинен чыгуу үчүн 6-7 миллиард куб суу керектелет. Токтогулда суунун көлөмү 6 миллиард кубдан азайып кете турган болсо, анда ГЭСте авариялык абал жаралат. Кышкы суукка 12,4 миллиард куб метр суу кыйла эле аздык кылат. Анткени былтыр 1-октябрда Токтогулдагы суунун көлөмү 13,6 миллиард болуп, кышында жер-жерлерде жарык өчүрүлгөн. Анда да сырттан сатып алганыз. Быйыл да импортко көз каранды болуп турабыз. Мындай шартта Кеминде майнинг иштеткен “Соларкоин” ишканасына айына 17 млн. 99 миң кВт/саат электр энергияны берүү канчалык туура?

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG