Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:58

"Кыргызстанда энергетика тармагында чоң дисбаланс бар"


“Азаттыктын” Кеминде жайгашкан майнинг ферма тууралуу иликтөөсү жарыялагандан кийин өлкө жетекчилиги комментарий берди. Майнинг фермага мамлекет электр жарыгын эң кымбат баа менен 1 кВт/с 5 сом 4 тыйындан сатып жатканы айтылды.

Кыргызстанда майнинг фермалар энергетика тармагына ашыкча жүк болбостон иштей алабы? Алардын кирешесин өкмөт текшере алабы? Ушул суроолорго ишкер Эрмек Ниязов жооп берди.

"Энергетикадагы дисбалансты түшүндүрүп бере албай жатышат"

Ишкер жана IT тармагындагы эксперт Эрмек Ниязов.
Ишкер жана IT тармагындагы эксперт Эрмек Ниязов.

- Эрмек мырза, сиз өзүңүз билгендей Кеминге жакын жайгашкан жердеги майнинг ферма тууралуу “Азаттыктын” иликтөөсү жарыяланды. Энергетика тармагында өзгөчө кырдаал жарыяланып жаткан чакта бир район керектей турган көлөмдөгү электр кубатын колдонуп жаткан мындай ферманын ишмердиги суроо жаратпай койбойт. Иликтөө жарыялангандан көп өтпөй эле өлкө президенти Садыр Жапаров да бул ферма боюнча комментарий берди. Майнинг ферма президент айткандай чындап эле өлкөнүн экономикасына салым кошуп жатабы?

- Мен да президенттин айткандарын окудум. Кеминдеги бул майнинг компания жылына 500 миллиондой сом төгөт экен (президент Садыр Жапаров “алты ай убакыттын ичинде 480 миллион сом энергетиктерге, 225 миллион сом салыкка төлөп берди” деп билдирди - ред.). Бул чоң акча энергетика тармагындагы компанияларга түшүп жатат. Бизнес катары карасак, энергетика тармагы акча алып жатышат, жакшы иш болуп жатат.

Экинчи жагынан, бизде дисбаланс болуп кеткен. Бизде электр кубатын генерация кылган (өндүргөн) компаниялар бар – ГЭС жана ЖЭБ (ТЭЦ), жана сатуучу компаниялар бар – “Түндүкэлектро”, "Чыгышэлектро" жана башкалар. Ошол жерде баланс бузулган. Генерация бизде чоң, бирок аны алып келип көмөк чордондор аркылуу райондорго, үйлөргө жеткирүүдө проблема бар. Ал тармак ири инвестицияларга муктаж. Президенттин айтканы да ошол - бизде электр кубаты бар, бирок 220 вольт үйгө келбей жатат.

Булар электр кубатын майнинг фермаларга сатып, ошол каражаттарды ремонтко жумшайбыз деген тактиканы тандап алышкандай. Бул президенттин позициясы. Ага деле макул болсок болот.

Бирок президент же энергетика министри бул тармакка мынча каражат салабыз деп так айтыш керек эле. Мен канчалаган интервьюларын көрүп, окуп, бирок андай планын көрө алган жокмун. Бул дисбалансты булар кантип теңдештирерин түшүнгөн жокмун. Өздөрү энергетика тармагына "өзгөчө кырдаал" киргизип жатат, бирок бизге кереги жок майнинг фермага 30 МВт берип жатат да. Биздин коом “бул туура эмес” деп өз пикирин калыс эле айтып жатат. Энергетика тармагын тейлегендер кырдаалды түшүндүрө албай жатышат.

Электр кубаты биринчи ГЭСтен 500 кВА (киловольт) менен келет, андан соң 220га түшөт, андан соң 110го, андан соң 35 киловольтко түшөт. Андан соң трансформатор менен 10 кВА, 6 кВА болуп көчөлөргө келип, бизге 220 вольт келет да. Ошонун кайсы жеринен сатылып жатканын мен түшүнбөй калдым.

Эгер компания өзү көмөк чордон (подстанция) салып, 500 кВА (киловольттон) сарптаса, башка колдонуучуларга, бизге таасирин тийгизбесе, анда майнинг фермаларды коштура берсе болот. Себеби биз жогорку вольттон электр кубатын өз алдынча ала албайбыз, биз 10 киловольттон гана үч фаза кылып туруп үйгө киргизсек болот.

- Иликтөөдө сөз болгон майнинг ферма Кеминдеги “Быстровка” көмөк чордонуна туташып, электр кубатын ошол жаткан тартып алып жатпайбы. Ошондо майнинг ферма вольтту өзү төмөндөтүп жатабы?

- Энергетика министрлигине силердин журналистиңер барса, комментарий бербей коюшпадыбы. Ошолор жакшылап түшүндүрсө болмок да, “булар вольтту төмөндөткөн подстанцияны өз акчасына салып, мынча төлөп жатат” деген маалыматты көргөн жокмун. Кубатын төмөндөтө турган трансформатордун баасы кымбат. Аны тейлөө да оңой эмес, инвестиция талап кылат. Бирок бизнес-моделин ачыктабай койгондуктан биздин да маалыматыбыз жок болуп калды.

- Майнинг фермаларга мыйзам тыюу салбайт, болгону кандайдыр бир шарттар менен гана уруксат берилерин билебиз. Кайсы бизнес болбосун, ал тапкан кирешесине ылайык салык төлөйт эмеспи. Майнинг фермалардын тапкан кирешесин өкмөт көзөмөлдөй алабы? Анын кирешесин салык органдары текшере алабы? Ачык-айкындык барбы?

- Ал жерден канча салык алынарын мен билбейм. Аны салык инспекциясынан сураш керек. Бирок өзүнүн белгилүү бир коюму бар. Ал биржадагы кайсы баа менен өлчөнөрүн билбейбиз. Мисалы, биткоиндин баасы күн сайын өзгөрүп турат. Бирок ошентсе да 1кВт электр кубатын 5 сомдон сатып жатканы деле криптовалюта үчүн өтө эле арзан. Балким, кийин өкмөт муну талкуулап, 5 сомдон 10 сомго чейин көтөрөт.

"Майнинг ферма канча киреше таап жатканын эч ким билбейт"

- Кеминдеги майнинг ферма болжол менен канча киреше таап жаткандыгын болжолдоп айтуу мүмкүнбү? Кеп миллиондого долларлар жөнүндө болуп жатат десек жаңылышпайбызбы?

- Ал жерге көп эле акча салыныптыр. Бирок канча акча табарын айта албайбыз, себеби ичи кандай жабдылганын биз билбейбиз да. Алар өздөрү конфигурацияларын айтып бербесе, биз сыртынан эч нерсе айта албайбыз. Анын жабдуусун ASIC деп коёт (application-specific integrated circuit). Ал компьютер эмес, болгону интегралдык эсептөөчү схема. Алардын түрлөрү көп. Кайсынысы турарын билбейбиз. Бирок алар кубаттуулугу 30мВт трансформатор алып, айына дээрлик 18 миллион кВт энергияны сарптап иштеп жатыптыр, демек, булар киреше таап жатышат. Балким, булар криптовалютаны азыр сактап туруп, баасы өскөндө сатат. Аны да биз айта албайбыз.

- Президент Жапаров маегинде биз электр энергиясы ашып турган учурда гана майнинг фермага сатып жатабыз, ал эми кышында элекр кубаты тартыш маалда сатууну үч айга токтотобуз деп айтты. Бирок, биз билгендей, майнинг фермалар электр кубатын үзгүлтүксүз пайдаланып туруусу керек да. Бул маселе кандай чечилиши мүмкүн?

- Президенттин комментарийин мен да окудум, бирок ошол жерин түшүнбөй калдым. Ал электр кубаты ашып-ташып жатат дейт, бирок энергетиктерден деле сурасаңар, алар азыр деле электр энергиясы жетишпей жатканын айтышат. Себеби жайкы мезгилде бүт электр станциялар оңдолот. ЖЭБ (ТЭЦ) жыл сайын оңдолот. Демек, ал маалда генерация токтойт. Ал эми кышында анын баары толук иштейт. Эми ал маалыматты да энергетиктер бериш керек эле, бирок мен ушуну түшүндүргөн бир да интервью же башка маалымат таба алган жокмун. Же журналисттер жакшы суроо бере алышпайбы, же энергетиктер жакшы түшүндүрүп бере албайбы, билбейм. Демек, бизде жай мезгилинде деле ашыкча электр кубаты иштелип чыкпайт, менин оюмча.

- Биз менен маектешкениңиз үчүн рахмат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG