Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:28

Өзбекстандык журналисттин камалашына каршы акция өттү


Бүгүн Бишкектеги өзбек элчилигинин алдында өзбекстандык журналист Елена Бондардын кармалышы боюнча акция уюштурулду.

Акциянын уюштуруучуларынын бири Улугбек Бабакуловдун “Азаттыкка” билдиришинче, өзбекстандык журналист Елена Бондарь 22-август күнү Ташкендеги аэропортто кармалып, камакка алынган. Журналист көп өтпөй жашаган аймагынан чыкпоо тил каты менен үй камагына чыгарылган. Ал Бишкекте заманбап журналистика боюнча 10 күндүк окуудан өтүп, үйүнө кайтып баратканда өзбек бажычылары кармап, жанындагы видеотасмаларын, флэшкарттарын жана дисктерин экспертиза үчүн алып коюшкан. Елена Бондарга Өзбекстан бажы мыйзамдары боюнча “товарларын декларацияда көрсөткөн эмес” деген айып тагылууда дейт Улугбек Бабакулов.

Бүгүнкү акцияда Өзбек баш прокуратурасына карата жазылган кайрылууга кол топтолду. Анд Бондарга карата калыс чечим чыгарып берүү, бул окуя боюнча териштирүүнү Баш прокурор Рашиджон Кадыров өзү көзөмөлгө алуу өтүнүчү камтылган.

Журналисттер акциясына өзбек элчилигинен эч ким чыккан жок. Мындан улам акциянын уюштуруучуларынын бири Улугбек Бабакулов кайрылуу катын почта же интернет аркылуу жөнөтөөрүн айтты. (ЕК)

XS
SM
MD
LG