Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:06

Оштогу форумга айрым саясий топтор киргизилген жок


Ошто ички иштер министри Мелис Турганбаевдын катышуусунда өтүп жаткан «Биримдик аркылуу ынтымакка багыт» аттуу форумга "Улуттар биримдиги" партиясынын айрым депутаттары жана Ноокаттан келген аксакалдар киргизилген жок. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош шаардык кеңешинин депутатыт Рысбек Мирзаматов билдирди. Ал форум өтүп жаткан Ош улуттук драма театрына кире албай, эшикти каккылап жатып, "муну жергиликтүү бийлик Мелис Турганбаевге жагынуу үчүн жасап, министрдин башын айландырып жатат", - деп билдирди.

Ал эми Ош облустук ИИБнин маалымат кызматынын жетекчиси Жеңиш Аширбаев иш-чара өтүүчү жайдын тардыгына байланыштуу форумду экиге бөлүү чечими кабыл алынганын, биринчиси шаар тургундары үчүн драма театрда, экинчиси райондордон келген тургундар үчүн Ош облустук администрациясынын жыйындар залына уюштурулганын, азыр кире албай калгандар форумдун түштөн кийинки бөлүгүнө катыша аларын билдирди.

Бул арада Ош шаардык кеңешинин дагы бир депутаты Сонунбек Жунусбаев аны залда отурган жеринен алып чыгышканын айтты.

ИИМ, УКМК, жергиликтүү аткаминерлер жана жергиликтүү тургундардын катышуусунда өтүүчү форумда балдар арасындагы кылмыштуулукту кыскартуу, укуктук тартипти орнотуу маселелери талкууланууда. Форумга жалпысынан 800дөн ашуун киши катышууда.

Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында 750 орун бар. (YI)

XS
SM
MD
LG