Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:09

Немцовго коюлган эстеликти дагы уурдашты


Москвада саясатчы Борис Немцов өлтүрүлгөн жерге орнотулган эстеликке белгисиз кишилер кол салып, аны алып кетишкен. Ишемби күнү эртең менен эстеликтин жанындагы гүлдөр менен шамдарды бирөөлөр алып кетишкенин, эскерүү тактасы кайра орнотулганын укук коргоочулар билдиришти.

Буга чейин да бир канча ирет «Бул жерде Борис Немцов өлтүрүлгөн» деген жазууну жана гүлдөрдүн алып, Туудагы кара тасманын ордуна Георгий тасмасын илип кетишкен болчу.

​Орусиядагы негизги оппозиционер Борис Немцов 28-февралда өлтүрүлгөн. Көптөгөн серепчилер муну бийликтин буюртмасы деп атаган. Бирок Кремль окуяга эч тиешеси жоктугун айткан. (SE)

XS
SM
MD
LG