Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:15

Арменияда баш мыйзамды өзгөртүүгө нааразылык чыкты


Еревандагы акция, 5-октябрь, 2015.
Еревандагы акция, 5-октябрь, 2015.

Ереванда Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө каршы акциянын 20 чакты катышуучусун бүгүн полиция бөлүмүнө алып кетишкенин "Азаттыктын" армян кызматы кабарлады. Алар парламент имаратына "Жок!" деген жазууну илүүгө аракет кылып жатышкан.

Кечээ армян парламенти Конституциялык реформа боюнча референдум өткөрүүнү жактаган. Конституцияга өзгөртүү киргизүү долбоору президенттин ыйгарым укуктарын парламентке өткөрүүнү, президентти жалпы эл эмес, шайлоочулар коллегиясы шайлоосу жана президенттин бийлик мөөнөтүн беш жылдан жети жылга чейин узартуу сыяктуу сунуштарды камтыйт.

Мындай өзгөртүүгө каршы чыккан оппозиция өкүлдөрү бийлик "парламенттик республика" же "реформа" деген сөздөргө жамынып алып, азыркы президент Саргсянды эптеп бийликте алып калуу амалын издеп жатат деген пикирде. Алар конституциялык түзөтүүлөр оппозициянын ансыз да чектелген ролун мындан да азайтарын белгилешүүдө.

Президент Серж Саргсян жакын арада Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумдун күнүн дайындоосу күтүлүүдө. Арменияда кийинки парламенттик шайлоо 2017-жылга, президенттик шайлоо 2018-жылы болушу керек.

XS
SM
MD
LG