Угуу

Азыр ободо

Таңкы Азаттык: Экинчи саат

Алдыдагы берүү


Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,4825
KGS / 
EUR
60,246
KGS / 
USD
44,736

Сөз таануу

Жаңылыктар

Я.Якобони: Е.Гуревич бриллианттар менен дагы шугулданган 

Италиялык La Stampa гезитинин кабарчысы Якопо Якобони "MGN group” компаниясынын мурдагы жетекчиси Евгений Гуревич жөнүндө макала жазып, аны арам акчаны адалдоо схемасын түзгөндөрдүн бири деп атап, Италиядан алдаган 2 миллиард 700 миллион доллардан тышкары 40 миллион еврону салыктан жашырганы аз келгенсип, бриллиант менен шугулданганын “Азаттыкка” курган маегинде билдирди. Анын айтымында, Гуревич өзүнүн кээ бир компаниялары аркылуу бриллианттарды Африканын айрым өлкөлөрү, атап айтсак Угандага жөнөтүүгө көмөктөшкөн болушу мүмкүн.
”Иликтөөгө жакын булактардын айтымында, анын Израил менен да байланыштары бар. Албетте, азыр көпчүлүк маалыматтар жашыруун болгондуктан, көп нерсе шардана кылына элек. Бриллианттар Европага, маселен Голландияга, Италияга да мыйзамсыз жиберилип турган. Бул абдан чиелешкен иш”,-деди журналист Якопо Якобони.

7-мартта Кыргызстандагы “MGN group” компаниясынын мурдагы жетекчиси Евгений Гуревичти камакка алуу тууралуу римдик судья Альдо Моргини чечим чыгарганын “Сан франциско хроникл” гезити жазып чыккан. Маалыматта Е. Гуревич Италияда “MGN Capital” компаниясы аркылуу көз боемочулук менен “Телеком Италия” жана “Фаствеб” компанияларын 2 млрд. 700 млн. долларга алдап кеткен деп айыпталып, кылмыш дүйнөсүн каржылаганы айтылган. Ал эми кечээ Гуревич Кыргызстанда болгон кызматтарын таштаганын билдирген. (AJ)

Текст көлөмү - +

Ай, жыл тизими

Тасма

Бакыт үчүн күрөш

Кыргызстанда кыздарды эркине карабай ала качуу жосунсуз көрүнүшү улам кеңири таралууда. Анын курмандыктары үчүн келечекте жеке турмушун оңдоо - өтө чоң мүшкүл.

Жаштар таштандыларга каршы!

Борбор Азиядагы аймактык экологиялык борбордун Кыргызстандагы филиалы мектеп окуучулары жана студенттер арасында “Таштандыга мүмкүнчүлүк бер!” деген аталышта сынак жарыялаган.

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)