Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 12:08

Саясат

Иракта шайлоо мыйзамы дагы өтпөй калды

Ирак парламентинде жаңы шайлоо мыйзамы экинчи жолу колго салынып, кайрадан кабыл алынбай калды. Өлкөдө жалпы улуттук маанилүү добуш берүү январга белгиленген.

Премьер-министр Нур ал-Маликинин жактоочулары колдогон мыйзамды парламент өткөрбөй койду.
Текст көлөмү - +
Мыйзам кворумдун жоктугунан өткөн жок, бирок мындай кыйчалыш кырдаал айрым фракциялардын кызыкчылыгында болуп жаткандай сезим калтырат.

Өлкөнүн жакынкы келечеги үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон жаңы мыйзам ушул аптада экинчи ирет парламенттин элегинен өтпөй калды. Кийинки добуш берүүнүн мөөнөтү жарыяланган жок, анын аралыгында 16-январга белгиленген жалпы улуттук шайлоо улам жакындап келатат. Жаңы шайлоо мыйзамы кабыл алынса, шайлоо системасындагы маалымдуулук күч алып, демократиялык чаралар бекемделмек. Бул - өкмөттү колдой турган америкалык аскерлер чыгарылып кеткен маалда айрыкча мааниге ээ болмок.

Өлкөнүн шайлоо өкүлдөрү жаңы мыйзам шайлоодон жок эле дегенде үч ай мурда кабыл алынышы керек деп айтышкан. Бул мөөнөт шайлоону пландап, уюштуруу үчүн зарыл. Бирок 20-октябрь, дүйшөмбүдө парламенттеги добуш берүүдө депутаттардын саны жетпей, добуш берүү болбой калды.

Ушуга байланыштуу «Исламдык Давах» партиясынын мүчөсү Сами ал-Аскари айрым партияларды мыйзамга тымызын бут тосуп жатат деп айыптады. «Давах» өкмөт башчысы Нури ал-Маликинин партиясы. Ал-Аскари добуш берүүгө катышпай калган депутаттарды “үйүндө жайбаракат чай ичип отурат” деп күнөөлөп, ирак элин аларда мекенчилдик сезим жок экендигин таанууга чакырды.

Жаңы мыйзамдын артыкчылыгы, анда шайлоочулар партиялардын «жабык» тизмесине добуш бербестен, ар бир чөлкөм боюнча жеке талапкерлердин арасынан каалаганын тандай алышат. «Жабык» тизмеде мандаттар саясий партиялардын тизмесине берилген добуштардын негизинде бөлүштүрүлөт. Бул системада эл талапкерлерди каалар-каалабасы эске алынбайт.

Ал эми партиянын «ачык» тизмеси шайлоочулардун тандоо мүмкүнчүлүгүн кыйла жакшыртат.

Йоост Хилтерман - Эл аралык Кризистик топтун улук талдоочусу. Ал "Азаттыкка" августтагы шайлоодон кийин айрым ирактык саясатчылар азыркы абалдын сакталып калышына кызыкдар экендигин мындайча билдирген:

- Кээ бир партиялар мындан төрт жыл мурдагы шайлоодо жеңип алышкан, азыр алар шайлоо мыйзамын, шайлоо системасын өзгөртүүнү каалашпайт. Алар өздөрүнө жеңиш алып келген «жабык» тизменин сакталып калышына кызыкдар.

Эгер жаңы мыйзам өтпөй калса, шайлоолор эски эреже боюнча уюштурулат. Эски системаны жактагандардын арасында Жогорку Исламдык Ирак кеңеши жана күрт партиялары бар. Ал эми өкмөт башчысы ал-Маликинин колдоочулары өткөн январдагы жергиликтүү шайлоолордо колдонулган «ачык» системада шийиттер көпчүлүктү түзгөн 10 дубандын тогузунда бийликке келишкен.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Пикир
     
Бул шеринеге эч пикир жарыялана элек. Башаттык ойду сиз жаза аласыз.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)