Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 13:07

Эркиндик / Сөз эркиндиги

Бийлик "Азаттык" айткан чындыктан коркобу?

Бишкектеги «Манас жаңырыгы» телекомпаниясы, «ОК» радиосу жана Нарындагы «Алмаз» радиосу бийлик тараптан кысым болуп жатканын оозеки айтышып, 10-марттан тартып «Азаттыктын» берүүлөрүн уктурууну токтотушту. Кыргызстандагы аттуу-баштуу адамдар, коомдук-маданий ишмерлер "Азаттыктын" үнүн басуу аракеттерине тынчсызданып жатышат.

"Азаттыктын" берүүлөрүн мамлекеттик радиоканалдан уктуруу жөнүндө талаптар көптөн бери эле коюлуп келатат
Текст көлөмү - +
Бексултан Жакиев, Кыргыз Эл жазуучусу: - Чыкпай жатканы жакшы болбой жатат. “Азаттык” керек. Жакшы, туура, калыс сүйлөп жүрөт деп ойлойбуз. Анан чыкпай калганы маалымат жагынан элди бөксөртүп койду. Кайра чыккыла, ошол менин өтүнөөрүм. Чыгыш керек, чыкпай калса жакшы эмес.

Акун Токтосартов, "Руханият" ассоциациясынын президенти: - Кечирип коюнуз, мен укпайм “Азаттыкты”, ошондуктан айта албайм. Эми шартыңар болсо чыгып тургула. Өзүңөрдүн угарманыңар болсо, колдош керек силерди. Кыргыздын эки радиосун гана угам. Бийлик тоскоолдук кылып жатабы же өзүңөрдүн шартыңар келбей жатабы, аны билбейм.

Амангелди Муралиев, мурдагы премьер-министр, коомдук ишмер: - Мен деле жөнөкөй жаранмын да. Анан “Азаттык” эмнеге чыкпай калды деген суроо туулат. Ошол суроого тийиштүү органдар жооп бериш керек. Менимче, “Азаттык” маалыматты так аткарып жатат. Жарандарга ар кандай маалымат керек. Ар ким өзү чечет, кимиси жалган, кимиси чын.

Эмил Каптагаев, “Улуу Биримдик” партиясынын лидери: - “Азаттыкты” чыгарбай жатышы азыркы бийликтегилердин жан талашып бет тырмалык кылып жатканы да. Акыркы MGN GROUP, анын жетекчиси Евгений Гуревич, ага байланышкан Максим Бакиевдерге байланыштуу материалдар, маалыматтар жетет деп корккондогу жандалбасасы деп түшүнөм. Анткени “Азаттык” чындыкты, акыйкатты элге жеткирип турган жалгыз радио болуп жатпадыбы. Ошондуктан бул элдин үнүн, элдин демин өчүрөлү деген бийликтин акыркы аракеттери. Бийлик азыр чындыктан, чын сөздөн, акыйкат пикирден коркуп жатат.

Сагынбек Момбеков, коомдук ишмер, ырчы: - “Азаттыктын” чыкпай жатышы биз үчүн өтө кейиштүү болуп турат. “Азаттыктын” кайра чыгышын каалар элек. Биз мүмкүн болушунча аны калыбына келтирүүгө аракет кылышыбыз керек.

Табылды Акеров, коомдук ишмер, тарыхчы: - Биринчиден, бийлик элге маалыматтын таралбашын каалап жатат. Себеби 17-мартта оппозиция Элдик курултай өткөргөнү жатат. Ошол жерге көп элдер келбесин, маалымат элге жетпесин деген аракетин кылууда. Акыркы окуялар, Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзүп жүргөн  Гуревичке Италияда кылмыш иши козголгондугу жана Кыргызстан Батышта эл аралык мафиялык топтор менен байланышы бар экендиги тууралуу маалыматтардын таралышы бийликти шок абалына алып келди. Ошондуктан мындан аркы маалыматтарды таратпоо максатында “Азаттык” радиосун жапты деп ойлойм. Казакстанда да  журналист Павлюктун өлүмүнө байланыштуу иштер аягына чыгып, ага азыркы бийликтеги адамдардын катыштыгы бар экендиги тууралуу да маалыматтар тарап атат. Айрым фамилиялар да айтылып жатат. Ошондуктан канчалык элге маалымат аз жетсе оппозицияны колдоп, анын митинг, курултайына эл аз келет деген негизде жасалган нерсе деп олойм.


Турсунбек Акун, Акыйкатчы: - “Азаттык” радиосун чектеп салуу же уктурбай салуу туура эмес. Анын кетпей жатышы мамлекеттин аброюна шек келтире турган нерсе. Бул боюнча мен тиешелүү бийлик өкүлдөрүнө бардым. Акыйкатчы катары сөз эркиндигин сактоо боюнча, “Азаттык” радиосунун угармандарына, көрөрмандарына жеткирүүгө бардык аракеттерими кылам.

Дастан Сарыгулов, мурдагы мамлекеттик катчы, коомдук ишмер: - “Баш кесмей бар, тил кесмей жок” деп кыргыз илгери эле айткан. Бул сөздүн мааниси – айкындык дайыма камсыз болуш керек дегенди туюндуруп жатпайбы. Эгер маалымат элге жетпей жатса – бул бийлик тараптан же кызыктар тарабынан цензура да. Цензура – бул айкындыкка жатпайт, цензура – демократияга жакын жолобойт, цензура - бул зордук-зомбулуктун бирден-бир белгиси. Бул жакшылыкка алып келбейт. Эл баары бир эртеби-кечпи маалыматты алып турат. Бирок бул эл менен эсептешпегендин белгиси.

Сагын Акматбекова, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын: - “Азаттык” радиосу обого чыгыш керек да. Мен силерди укпайм деле, бирок коом болгондон кийин маалымат да ар тараптуу болуш керек.

Жоомарт Кадыралиев, Кыргыз Эл сүрөтчүсү: - “Азаттык” радиосунун обого чыкпай калганы чагымда, калыстык эмес го. Себеби дегенде эл бар, журт бар, өлкө, президентибиз, Конституциябыз бар. Өзүбүзчө өлкө болгондон кийин кабардар болуп турганда жакшы болот эле. Азыркы заманда кабары жок, түркөй эл болуп калсак туура эмес го дейм. Кыргыздын өзүнүн маданияты, тарыхы, искусствосу бар да. Элди маалыматтан кемтик кылганы туура эмес го дейм. Же күнөө өзүңөрдөн кеттиби, аны мен билбейм. Бирок кыргыздын угарманы катары “Азаттык” кайра калыбына келсе жакшы болот эле. Калыстык болот эле.

Өмүрбек Текебаев, “Ата Мекен” партиясынын лидери: - Бүгүнкү бийлик чындыктан коркот. Анткени ал жүргүзүп жаткан саясат элдин кызыкчылыгына каршы. Күндөн күнгө бийликтин нагыз жүзү ачылып, анын былыктары элге белгилүү болуп жатат. Ошондуктан ал чындыкты бурмалоо, чындыкты жашыруу жолу менен өз өмүрүн узартууга аракет кылууда. Кыргызстанда телерадиокомпаниялардын баары дээрлик үй-бүлөнүн көзөмөлүнө өттү. Басылма ММКлардын мүмкүнчүлүгүн бир топ чектеди. Акыркы Гуревичке байланыштуу жаңжалдан кийин бийлик интернет мейкиндикти дагы чектөө аракетин баштады. Ошондой эле “Азаттык” радиостанциясынын иш-аракетин чектегенге аракет кылып жатат. Бул жеке радиокомпанияларга кысым көрсөтүп, “Азаттыктын” берүүлөрүн чыгартпай коюу, сайтын жаап салуу. Мен бийлик азыр акыркы күндөрүн жашап жатат деп ойлойм.

Азиза Абдрасулова, “Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси: - Элдин жалгыз эле таянычы “Азаттыкты” чыгарбай койгон бүгүнкү бийлик өтө көп нерсени элдин угушун каалабайт. Ошонун ичинде Элдик курултай, кыймылдардын болушу. Ошол эле тарифтин жогорулашына элдин каршы чыгышы, Алай, Нарын элинин чыкканы, Гуревич, Елисеев боюнча жаңжалдын бардыгын элдин угуусун каалабайт. Ошондуктан “Азаттыктын” чыгышын бийлик каалабайт.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Абдылда каяктан: Чуй
15.03.2010 18:37
Эй бийликтегилер ишти алып бара албасанар, иштен кетип эле калбайсынарбы?!!!! Эмне олтурасынар? Азаттыкка АЗАТТЫК!!!!!!!

кимден: Конок каяктан: Региондор
15.03.2010 17:40
Аки-пресс менен 24 жалаң гана ӨКӨДӨГҮ ЭҢ МААНИЛҮҮ жаңылыктарды берет. Алсак алар: Каар көчкү түшүшү, жаандын жаашы, мугалимдер майрамы ж.б.у.с.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
15.03.2010 15:48
ӨmҮke,siz jylda jaz kelgende Bakievdin biiligi akyrky kundorun jashap jatat deisiz, andan beri 5 jyl ottu,men sizge ishenbeim...bul biilik "vseh nas perejivet"... kadyryngyz jam bolsun

кимден: Генералын каматып каяктан: Кыргызына кас болду
15.03.2010 15:23
Эгерде чындык бийлик тарапта болгондо, бийликтин "Азаттык" радиосуна тоскоол болууга муктаждыгы болмок эмес. Массалык маалымат каражаттарын ооздуктоо бул бийликтин чындыктан алда канча алыстап кеткендигин коргозуп турат.

кимден: Нарынбек каяктан: Нарын
15.03.2010 14:04
Кыргызстандын Бакытка . Бакиев эч жаны нерсе ойлоп чыккан жок. Бугунку кундо болуп жаткан баардык терс корунуштордун фундаментин Акаев куйган. Бакиевчилер Максимизация болгону жакшы оздоштуруп кетти.

кимден: Марат
15.03.2010 13:55
Азыр Данчик каратып туруп,калп айтып жатат.Азаттыктын чыкпашын билбейм,укпадым деп.Жалганчылар!

кимден: Адеми каяктан: Ош
15.03.2010 13:10
Мен Азаттык+ту телеберүүсүн такай кызыгып көрөм. Бирок бир да жолу бийликке каршы сөз болгонун көрө элекмин. Дайыма жаштар үчүн актуалдуу темаларды алып чыгып, талкуу кылышат. Анын эмнеси жаман? Мындай программа абдан керек деп ойлойм. Жаштар өз көз караштарын айтпаса, чоңдор айтпаса анда койдон айрымабыз эмне?
Жаманды жаман, жакшыны жакшы, акты ак, көктү көк деп эле айтыш керек. "Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат" деп бекер ата-бабаларыбыз айтышпаса керек. Азаттык+ өңдүү программалар көп болуусу керек. Жаштар ошону каалайт.

Азаттыкты колдойбуз. Дайыма үнүңүздөр жаңыра берсин. Биз сиздер мененбиз!

кимден: nurhan каяктан: amerikadan
15.03.2010 12:30
Urmattuu zamandashtarym.bugunku kundogu kirdaal ayabay kurch.
Rak menen oorugan barmakty kesish kerek.azyr ech nerse kila albasak anda ech kachan kila albaybiz. Azir bizdi -orustar aytkanday ,koy maarek kirgizdi bir uuch karishkirlar kaytarip jatat.al demek, al karishkir koylordu kaalagan ubaginda jara tartyp jeyt degendi bildiret.azyrki ubakta eldin informatsiyalik blokadada kalishi ushunun kuboosu. Biz biri biribiz menen un alisha albay chachirandi bolup kaldik. Mamleketibiz aferistterdin erkin dem aluuchu jayina aylandi. Borborduk onukturuu jana investitsiyalar fondunda ishtegen jalan internatsoyonal avantyuristterdin tobu, ar birinin artinda bizde bolboso(bizde da bar birok ani biz kech bolup kaganda bilebiz) da bashka mamleketterde kilmishtyk kuyruktary bar. Daniyar Toktogulovich ozu achkan bey becheralardin partiyasi kayda , al azir bechara emes , al azir bechara kiluuchu.Eger jalpi kalkim biz birdeme kilbasak bizge Gurevich kilip berebi (oshol kirgizga kuyobu). Italiyany (kotormosu -torpoktordun olkosu-tarihta) torpoguna mingizgen aferist emi bizdi koylorubuzga mingizgeni turat. Otuzdan beli asha elek ,jada kalsa uy buloosu jok internatsional atka minerler bizdi kaalaganday bashkaryp atat. Aydatma kuch organdaribiz elge karshi miltygyn takap turat , oshol miltykty ozunun uy buloosunun toshuno takagani menen ishi jok, shordular. Eh dagy emneni aytayin emi, ayla jok birok i hate you deyt ekensin. Uyundon kiykira albay koshunanikina baryp unundu kozdoy kiykirgan jaman eken .Urmattuu azattyk, eger chindap kirgizdin azattigina kuysonor karapayim kirgizga emne kilsanar da ununordu jetkirgile, birigeli , baylik koldun kiri, Bakiev da otot , balasi da otot bul jalgandan. Ishinerge iygilik men sizder menen kan janim menen.

кимден: Бакыт каяктан: Кыргызстан
15.03.2010 12:05
Анекдот:

Аскар Акаев Москвага качып кеткенден кийин артынан бир топ чиновниктер акыбалын сураганы барышыптыр. Аларды экс-ажобуз жакшылап тосуп, арак-шарбын куюп, койун союп сыйлап анан мындай дептир.
- Эми мен Кыргызстанга дагы барамбы жокпу билбейм,бирок силерге айтып койчу бир керээз-өтүнүчүм бар.
- Кандай өтүнүч???
- Мен 80ге чыгамбы же 100гө чыгып көз жумамбы, айтор оо дүйнөгө узатаарда, өзүңөр жерге койгула,көмгөндө оң колумду сыртка чыгарып көмгүлө.
- ???
- Убагы келип, кыргыз калкым менин баркымды да билээр. Ошондо айнанайын Аскар Акаевич, Сиздин дооруңузда кандай жашап жатканыбыздын баркын билбептирбиз, аттиң кайра келсеңиз кана деп колумдан өөп кете турган күн да келет - деген экен экс - ажо
Ошол күн келатат окшойт.
Бирок чындыгында азыркы бийлик таза ойнобой элдин нервин ойноп жатат, бул жакшылыкка алып келбейт. Азаттыктын берүүлөрүндө бийликтегилерди мактагандар көп болгондо, аны жабышпайт эле.

кимден: Сайкал каяктан: Ош
15.03.2010 11:46
Аскар Акаев бийликтен кетээринде дал ушинтип цензура күчөгөн эле. Дагы окуя кайталанат окшойт. Эл арасында чыңалуу абдан күчөп кетти. Атка минерлерибиз ооз көптүрө "БААРЫ СОНУН" дегендери менен кымбатчылык,жумушсуздук мурдагыдан да күчөп кетти. Баягы эле "дежурлар" Президент келгенде мактап,жактап эле,жаман жакты көрсөтпөй, сылап-сыйпап жатышат. Карапайым калк кыйналып, жүдөп чыкты. Президен Ошко келгенде шаардагы мамлекеттик ишканалардын жетекчилерине " сен 100 адам табасын", "Сен 50 адам таап чогулушка алып келесин, тапкандарыңдын оозунан жаман сөз чыкса иштен кетесин" деп милдеттендирет. Бул эмне деген шумдук. Поликлиниканын башкы врачына иш менен барып калсам "сен ишиң менен тура тур, андан көрө адам табыш, Президент келет экен 100 адам тап, деп бийликтегилер жанымды койбой жатышат, тааныштарымдын баарын айтсам да 100гө жетпей жатат,таппасам иштен алышат экен" деп бызылдап ишин таштап коюп адам издеп жүрөт. Бул кылыкка бир жагынан күлкүң келсе,экинчи жагынан кандай заманда жашап жатабыз деп жакамды кармадым. Мындай кыжырды келтирген кылыкты Президент эмес, анын айланасындагы кошоматчылары кылат деп ойлойм. Мисалы,Аскар Акаевич абдан мыкты ажо болгон, аны тегерегиндегилер элге жаман көрсөтүшүп Кыргызстандан жок кылышкан болчу. Эми бул Президентибиз да анын тагдырын кайталаганы калды. Бийликтегилер эмне болсо ошо болсун,эң башкысы эл тынч болсо эле болду.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)